Добавить статью
6:40, 18 июня 2012 7178

«Мыйзамдуулукту ар бирибиз так сактайлы!»

Ички иштер органдарынын ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу айкындуулук менен ачыктыкты камсыз кылууда кесипкѳй жана ар тараптан дасыккан кызматкерлерди тарбиялоо мезгилдин талабы.

Бирок учурда кандайдыр бир себептерден мурда ички иштер органдарынан терс мүнѳздѳ бошотулган кызматкерлер сот органдары тарабынан доо арыздары канааттандырылып, кызматкерлерди мурун ээлеген кызмат орундарына кайрадан дайындоо боюнча чечимдер кабыл алынууда.

Кээ бир соттун чечими менен мурунку кызматына кайрадан коюлган айрым бир кызматкерлер боюнча ошол учурда жана ошол кырдаалда алар жетектеген жамаатында андан ары кызматтарда калышы ѳздүк курам арасында моралдык-психологиялык кырдаалдын курчуп кетишине, абалдын татаалдашына алып келмек жана натыйжасында күжүрмѳн-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына жагымсыз терс таасирин тийгизмек.

Мына бүгүн сѳз кылып жаткан милициянын полковниги Нарынбек Молдоисаев тууралуу болмокчу. Ал эмгек жолун 1983-жылдын март айында Чүй облусунун Москва райондук аткаруу комитетинин бергелешкен мотовзводунун милиционери кызматынан баштаган. Андан соң бир катар кызматтарда эмгектенип, 2005-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыка талапкерлигин коюп жаткандыгына байланышту ИИОнун кызматынан бошотулган.

2006-жылдын май айынан баштап Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук кызматынын башчысынын кызматын аркалаган. Бирок 2007-жылы ал кызматка чыкпагандыгына байланыштуу бир нече ирет министрликтин жетекчилиги тарабынан эскертүүлѳр берилгенине карабастан, жыйынтык чыгарбагандыгына байланыштуу жана ѳздүк курам арасындагы моралдык-психологиялык  абалдын курчуп кетишинен улам, Кыргыз Республикасынын ИИМдин коллегиясынын чечимине ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, тѳмѳндѳтүлгѳн кызматтарга пайдаланылсын деп, кадрлар карамагына алынган.

Андан соң Н.Молдоисаев 2007-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын темир жол транспортундагы ички иштер бөлүмүнүн башчысынын кызматын 2008-жылга чейин аркалаган. Бирок бул кызматында кетирген кемчиликтери үчүн кызматтык иликтѳѳнүн негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2008-жылдын 14-февралындагы ѳздүк курам боюнча буйругу менен кызмат ордунан бошотулуп, тѳмѳндѳтүлгѳн кызматтарга пайдаланылсын деп, кадрлар карамагына алынган.

Милициянын полковниги Н. Молдоисаев, 2009-жылдын октябрынан баштап Баткен облусунун Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын кызматында 2009-жылдын декабрына чейин эмгектенген. Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2009-жылдын 14-декабрындагы буйругу менен белгиленген жогорку жаш куракка жеткендигине байланыштуу ички иштер органдарынан бошотулган.

Ал 2010-жылдын май айынан баштап Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын кызматын 2010-жылдын декабрына чейин аркалаган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2010-жылдын 10-декабрындагы №400 ѳздүк курам боюнча буйругу менен кызматкердин адамдык, адеп-ахлактык сапаттарына карата талаптарга туура келбеген иштерди жасаганы үчүн ички иштер органдарынан бошотулган.

Жогорудагы буйрукка Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук кызматынын кызматтык иликтѳѳсүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин коллегиясынын чечими негиз болгон.

Н. Молдоисаев Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2010-жылдын 10-декабрындагы №400 ѳздүк курам боюнча буйругуна макул эместиги тууралуу жана ээлеген кызмат ордуна  кайрадан дайындоо боюнча Бишкек шааарынын Биринчи Май райондук сотуна доо арызы менен кайрылган. Бишкек шааарынын Биринчи Май райондук соту 2011-жылдын 4-майында доогер Молдоисаев Н., доо арызын каанаттандыруусуз (сот Калыбаев А.) калтырган.

Доогер Н. Молдоисаев  Биринчи Май райондук сотунун чечимине нааразы болуп аппеляциялык доо арызы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылып, бирок 2011-жылдын 29-июнунда биринчи инстанциянын чечими күчүндѳ калтырылган.

Бирок доогер ал жогорудагы чечимдерге макул болбой Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна кайрылып, жарандык ишти кайрадан кароого  Биринчи Май райондук сотуна жиберилген.

Бишкек шааарынын Биринчи Май райондук соту 2012-жылдын 23-апрелинде доогер Н. Молдоисаевдин доо арызы каанаттандырылып, Нарын облусунун ИИБнын башчысы кызматына кайрадан (сот Аксамаев Э.) дайындалды.

Соттун чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМне доогер Молдоисаев Н.С. пайдасына айлык маянасын 350 617 сомду тѳлѳп берүү жѳнүндѳ жана республикалык бюджеттин эсебине мамлекеттик алымы   35 061 сом алуу тууралуу чечим кабыл алынган.

Жогорудагы чечим менен макул эместиги тууралуу Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан аппеляциялык даттануу менен министрликтин ѳкүлү кайрылган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тартиптик уставынын  46- пунктуна ылайык доогер Н.Молдоисаевдин “ИИОдон бошотулуусу мыйзамдуу болгондугу катары андан кат жүзүндѳ түшүнүк кат алынгандыгы жана кызматтык иликтѳѳ жүргүзүлгѳндүгү белгиленип жаткандыгына карабастан жана ошондой эле сотко кайрылуу мѳѳнѳттү бүткѳндүгү” сот тарабынан эске алынган эмес.

Ошондой эле доогер Н.С.Молдоисаевдин  ИИОдон бошотулгандыгы тууралуу кабарлама үч ирет жѳнѳтүлгѳндүгүнѳ карабастан, ушул күнгѳ чейин эмгек китепчесине (трудовая книжка) келбегендиги тууралуу акты түзүлгѳн.

Бирок сот тарабынан ѳзгѳчѳ кѳңүлгѳ алынбаганы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 30-октябрь айында №480 Жарлыгы менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө” Жобосунун 34 бѳлүмүнүн 108-пунктунун доогердин иштер органдарында кызмат өтөөнү калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттүн ичинде даттанууга укуктуу.

Бул көрсөтүлгөн мөөнөт жүйөлүү себептер боюнча өтүп кеткен учурда мөөнөттү министр же сот узарта алат деп жазылган.

Ушундан улам мурунку Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык соттору доо арыз менен кайрылуу мѳѳнѳтү 5 айдан ашып кеткендигине байланыштуу доогердин арызын каанаттандыруусуз калтырган. Бирок алар Жогорку Соттун  көрсөтмөсүнө ылайык доогер арызын кайра карашкан. Ошондой эле азыркы чыгарылган Биринчи Май райондук сотунун чечиминде кызматтык иликтѳѳнүн күнү туура эмес белгиленген.  Ал эми сот өкүлдөрү болсо бир нече ирет Эмгек кодексинин ченемдерине шилтеме жасап Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамына тиешеси деп белгилешкен.

Доогер Н. Молдоисаев Нарын облусунун ИИБнын башчысы кызматынан мыйзамдуу бошотулганын жана аны кайрадан дайындоо  мүмкүн эместигин белгилөө  менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен мыйзамдары баардыгызга бирдей колдонулса жогорудагы баш аламандыктарга ѳлкѳбүздѳ жол берилбейт эле деген ишеничтебиз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×