Добавить статью
7:27, 28 июня 2012 62106

Жаштарды колдобогон Өкмөттүн келечегине жо

Кыргызстан эгемендүүлүкө ээ болгондон кийин өнүгүү багытында бир канча саясий ынкылаптарды башынын өткөрдү. Бирок, бийлик эгемендүүлүкө ээ болгондон баштап эле жаштарга кайдыгер көз карашта болуп, жаштар жаштыгын жайдак өткөрчү 2010-жылы болуп өткөн апрелде жана июнь окуяларында жаштардын ролу коомчулукта прогрессивду күч экендиги байкалып, жаштар коомдогу ордун табышты.

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүүн 2010-жылдын 26-апрелиндеги декретинин негизинде Жаштар иштери бойюнча министрлиги түзүлүп жаштар бийликтин бардык тармагына өз ой-пикирлерин ачык айтып, мамлекеттин өнүгүүсүө бир канча салым кошушту.

2012-жылы Өкмөттүн жаңы курамы түзүлүп, мурунку Жаштар иштери бойюнча министрлиги чоңойюп Жаштар, эмгек жана жумушка орноштуруу министирлиги болуп өзгөрдү. Бирок, министирлик чоңойгондон кийин кызматтарга мурунку эле иштеп жүргөн пенсия жашындагы кадрлар келип, жаштардын орду бийлик бутактарында жоголуп бара жатат.

Мисал катары айтсам Жалал-Абад областык Жаштар, эмгек жана жумушка орноштуруу министирлигинин областык бөлүмүнүн жетекчилигине жаштар менен иштөөдө тажрыйбасы бар Үчкемпиров Мураталы Осмоналиевич дайндабай ар кандай шылтоону айтып 4 айдан бери аркага сүрүп жатат. Коомчулукта ой-пикирлер айтылып жүрөт бул киши кызматка дайындалса эмне өзгөрөт деп. Мураталы мырза 2011-жылдын 17-январында мурунку КР нын Жаштар иштери бойюнча министирликтин областык бөлүмүнө дайындалгандан баштап негизги максаттарынын бири Жалал-Абад областынын баардык райош-шаарларында жаштар жолугуп, баарлаша турган аянтча түзүп берүү эле. Бул максатын жергиликтүү бийликтин колдоосу ЮНИСЕФ Эл аралык уюмунун каржылоосунда жана КР нын Жаштар иштери бойюнча министирликтин балансында 2011-жылдын апрель айынан баштап, областын 9 район-шаарларында Жаштар Борборун ачты.

Бүгүнкү күндө борборлор ийгиликтүү иштеп, жаштардын сүйүктүү жайына айланууга жетише алды. Азыркы убакта дагы Токтогул, Чаткал, Тогус-Торо райондорунда Жаштар Борборлоркн ачуу максатында иштеп донор издеп жүрөт. Эгерде областын жетекчилигине башка кишилер келип калса анда район-шаарлардагы борборлорго кайдыгер коз каршта карап, ал жердеги материалдык- техникалык бааза таланып, таркап кетиш коркунучу бар.

Мураталы Осмоналиевичтей жаш кадрларыбызды азыркы Өкмөт колдоого албастан четке какса анда бул Өкмөттүн келечеги жок.

Өкмөт да бийлик да өзүбүздүкү бирок, кыргыз элимде жакшы макал бар, «Өздөн чыккан жат жаман » дегендей башка элдин саясаты менен эмес өзүбүздүн нук менен Кыргызстанды өнүктүрүп, бири бирибизди уга да айта да жасайда билели.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×