Добавить статью
11:34, 28 июня 2012 65714

Кандуу калабанын чыгыш себептери терең иликтенген эмес

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун 2010-жылдын май-июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон кандуу калаба тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин жана Башкы прокуратуранын отчетуна карата

Билдирүүсү

2012-жылдын июнь айынын башында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтун «2010-жылдын май-июндагы Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорундагы трагедиялуу окуялардын жагдайлары жана хронологиясы тууралуу» отчету жарык көрдү. Бул маалымат Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин 2012-жылдын 1-февралындагы «Кыргыз Республикасында коомдук коопсуздукту чыңдоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык даярдалган. Отчетту даярдоого Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Коргоо Кеңешинин Секретариатынын кызматкерлери да катышканы маалым.

Эң оболу белгилей кетчү нерсе, аталган отчет 2010-жылы июнда Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн улуттар аралык кагылыштын чыгыш себептерин, өнүгүү жагдайларын жана кесепеттерин изилдеген Улуттук, Парламенттик жана Киммо Кильюнен жетектеген Эл аралык көз карандысыз комиссиялардын изилдөөлөрүн эске алуу менен даярдалган. Андыктан күч структураларынын жумушчу тобу өз маалыматын даярдоодо эл аралык коомчулуктун жана кандуу калабада жабыркаган жергиликтүү калктын окуяга карата ой-пикирлерине таянууга аракеттенген.

Аталган отчетто кээ бир эл аралык уюмдар менен сепаратисттик маанайдагы саясатчылар айтып келген кайсы бир улуттук азчылыкка, тагырак айтканда өзбектерге карата геноциддин болбогону жана адамзатка каршы кылмыштардын орун албагандыгы ачык-айрым көрсөтүлгөн. Бул тыянак Human Rights Watch сыяктуу эл аралык укук коргоо уюмдары тарабынан кескин сынга кабылганы менен, негизинен Кыргызстандагы улуттар аралык жарашууга жана өлкөнүн этносаясый стабилдүүлүгүн сактоого багытталганын баса белгилеп коюу абзел.

Ошентсе да УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын биргелешкен бул маалыматында кандуу калабанын чыгыш себептери терең иликтенген эмес. Тилекке каршы, отчет үстүртөн даярдалып, улуттар аралык конфликтинин ички себептери жана чыныгы күнөөкөрлөрү так ачылып берилбеген. Асыресе, отчетто ошол кезде өлкөнү башкарып турган Убактылуу Өкмөт башчысы Р.Отунбаеванын жана республиканын түштүгүнө куратор болгон жетекчилердин кандуу калабага карата саясый жоопкерчилиги ачык-айрым аныкталбай калган.

Эскерте кетсем, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «2010-жылдын апрель-июнундагы республикадагы трагедиялуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды аныктоо, иликтөө жана аларга саясий баа берүү боюнча Убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө» 2011-жылдын 9-июнундагы токтому (№567-V) менен 2012-жылдын 2-февралындагы токтомунда (№1588-V) Кыргыз Респупубликасынын башкы прокуратурасына улуттар аралык кагылышуунун алдын албагандыктары үчүн Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн иш-аракеттерине укуктук баа берүү милдети жүктөлгөн эле. Тилекке каршы, жумушчу топ саясый коньюнктурага алдырып, эл оозунда эчак айтылып келген ачуу чындыкты айтууга эрки жеткен эмес.

Бул жаатта Кыргызстандын күч структураларынын жумушчу тобу Киммо Кильюнендин Эл аралык комиссиясындай батылдыкка бара алган эмес. Маселен, Эл аралык комиссия отчеттун 103, 104-пункттарында «Убактылуу Өкмөт өзбек лидерлерине жардамга кайрылды; Убактылуу өкмөт Кадыржан Батыровго дем берип, аны менен көпчүлүк өкмөт мүчөлөсрү өтө жакын мамиледе болуп, аны талаптар менен чыгууга үндөп жатты» деп жаңжалдын чыгыш себептерине чыныгы баасын берген.

Ал эми УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын жумушчу тобу өзүнүн отчетунда 2010-жылдагы конфликттин негизги себептери катары «көп жылдар бою калыптанып калган борбордук бийликтин, айрым саясатчылардын жана жергиликтүү жетекчилердин радикалдуу өзбек лидерлери менен жеке саясый максаттагы соодалашуусу» болгонун негедир «жазганып» жазат. Мындай чалагайым анализ жана «алакушту атынан атай албагандыгы», албетте, өлкөнүн коопсуздугун көздүн карегиндей сактоого милдеткер биздин күч структураларыбыздын жетекчилерине аброй алып келбейт!

Ошондуктан отчетто радикалдуу көз караштагы өзбек лидерлери менен саясый соодалашууга барышкан кыргыз саясатчыларынын жана жергиликтүү жетекчилердин ысмы ачык аталбайт. Алар ким? Өзбек жамаатынын сепаратисттик маанайдагы жетекчилери менен алар канча ирет жолугушкан? Эмне үчүн сепаратисттерди өздөрүнүн тар саясый максаттары үчүн колдонушкан? Жолугушуу кайсыл жерде өткөн? өкмөт үйүндөбү, республиканын түштүгүндөбү?

Бул суроолорго отчетто ачык жооп жок. Учурда качып кетип, издөөдө жүргөн сепаратист-кылмышкерлер Кадыржан Батыров менен Инамжан Абдурасулов Убактылуу Өкмөттүн кайсы жетекилери менен ысык ымалада болушканын, алардын көкүтүүс менен кантип кылмыш жасашканын жана бейкүнөө адамдардын канына забын болушканда аларды Кыргызстандан ким качырганын ачык эле айтып жүрүшөт. Бирок бүгүнкү күндө жумушчу топ кандайдыр бир себептер менен улуттук коопсуздукка шек келтирген кимдер жана аларга официалдуу күнөө коюп, андай жетекчилердин ысмын ачык айта албайт. Бирок мезгил келгенде мунун баары ачыкка чыгат деп терең ишенем!

Отчетто кандуу калабанын чыгышына таасир эткен жана анын алдын алууга тоскоолдук кылган фактор катары «күч түзүмдөрүнүн жергиликтүү бийлик органдары менен белгилүү деңгээлдеги кызматташуусу жана күч аракеттеринин так координациясынын жоктугу» саналат. Бирок, бул чындыкка дал келбейт.

Мен Ош шаардык мэриясынын 2010-жылдын апрель-июнь айларында укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү менен биргелешип шаардагы улуттар аралык коопсуздукту камсыздоо боюнча аткарган иш-чаралары тууралуу кеңири маалыматты 2011-жылдын 2-июнунда Жогорку Кеңештин бийик трибунасынан бергем. Ошондо парламенттин ар бир депутатына, өкмөт мүчөлөрүнө жана журналисттерге коомдук-саясый абалды турукташтыруу жана улуттар аралык араздашууну болтурбоо багытында Ош шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлгөн иштер иштер жөнүндө жазуу түрүндө маалымат таратылып берилген. Бул маалыматтар 2011-жылдын июлунда жарыкка чыккан менин «Мен издеген чындык» аттуу китебимде ага киргизилген менин интервьюларымда, ар түрдүү маалыматтарда, документтерде жана башка аныкталган материалдарда конкреттүү фактылар менен кеңири баяндалган («Турар» басмасы, Бишкек шаары, 2011-жыл). Биргелешкен жумушчу топ ал китептен керектүү маалыматты ала алат.

Маселен, Ош шаарынын мэриясы 2010-жылдын 8-апрелинде «Өлкөдө коомдук-саясый абалдын турукташуусуна чейин Ош шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоо тууралуу» атайын буйрук (№88-6) кабыл алган. Ал токтомдун 2-пунктуна ылайык Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы А.А.Тешебаевге “өлкөдө коомдук-саясый абалдын турукташуусуна чейин Ош шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча атайын иш-план иштеп чыгуу жана участкалык инспекторлордун аймактык кеңештер менен биргеликтеги иштерин күчөтүү” тапшырмалары берилген. Аталган буйрукта «Ош шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнө, аймактык Кеңештин жетекчилерине тийиштүү мекемелер менен бирдикте иш алып барып, улут аралык жанжалга жол бербөө милдети жүктөлгөн».

Жергиликтүү бийлик органдары менен күч түзүмдөрүнүн так координациясынын натыйжасында көрүлгөн чараларга ылайык 7-апрелдеги бийлик алмашуудан соң Ош шаарында улуттар аралык стабилдүүлүк сакталып, Бишкектегидей мамлекеттик жана жеке менчик мүлккө зыян келтирүү, дүкөндөрдү, соода түйүндөрүн талап-тоноо сыяктуу мыйзамсыз иштерге жол берилген жок.

Ош шаарында улуттар аралык стабилдүүлүктү сактоо максатында шаар жетекчилиги тарабынан 2010-жылдын 8-апрелинен 10-июнга чейин шаардын активи жана жетекчилер менен ондон ашуун кеңейтилген жыйын жана бир канча ирет Oш шаарынын укук коргоо органдарынын Координациялык Кеңешмесин өткөргөн. Бул жыйындарга шаардагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышкан жана аларга улуттар аралык ынтымакты сактоо боюнча конкреттүү жана так тапшырмалар берилип турган.

Тилекке каршы, Убактылуу Өкмөттөн моралдык колдоо тапкан өзбек жамаатынын лидерлери Кадыржан Батыров, Иномжан Абдурасулов жана башкалар мыйзамды көзгө илбей, түштүктө өздөрүнүн сепаратисттик ишмердиктерин күчөтүп жиберишти. Алар өз улутташтары топтолгон чоң-чоң жыйындарда Кыргызстандын түштүгөндө өзбек автономиясын түзүү, мамлекеттик жетекчи кызматтарга өзбектерди дайындоо, өзбек тилине мамлекеттик статус берүү, укук коргоо органдарына өзбек улутундагыларды дайындоо сыяктуу маселерди ачык көтөрүп чыгышты. өзгөчө К.Батыровдун “биз муну 20 жыл күткөн элек” дегени 1990-жылдагы жаңжалдуу окуяларды эске салып, активдүү аракеттерге карата чакырык болуп калды.

Мында сепаратисттердин негизги максаты Кыргызстандын эки бир тууган элин кайраштыруу гана эмес, кандуу кагылышууга Фергана өрөөнүндөгү эки өз ара дос мамлекетти кайраштыруу болгон.

Эсимде, былтыр, 2011-жылы июнда, парламентте кандуу калабанын кесепеттерин талкуулап жатканда массалык маалымат каражаттарына УКМКнын кыскача билдирүүсүү чыккан. Анда УКМК мындай жыйынтыкка келген: “Улуттар аралык кагылышууга алып келген негизги факторлордун бири – бул жергиликтүү бийлик органдарынын кээ бир жетекчилери жана саясый партиялардын уюштуруучулары Курманбек Бакиевдин жактоочуларынын реваншисттик умтулууларына каршы чыгуу үчүн өзбек диаспорасынын лидерлерине кайрылган. КР УКМКсы ушундай аракеттердин алдын алуу боюнча эскерткен, бирок чекисттердин бул сунуштары кароосуз калган” (ИА «24.kg», 02/06/11). Демек, УКМК кезегинде Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн утурумдук саясый кызыкчылык үчүн өзбек жамаатынын сепаратист лидерлери менен «мышык-чычкан» ойнобоону, бул кан төгүүгө алып келерин эскерткен тура! Эмне үчүн УКМКнын бул тыянагы күч структураларынын биргелешкен отчетуна кирбей калган? Балким азыр да «утурумдук саясый кызыкчылык» үстөмдүк кылып жаткандыр?

УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын жумушчу тобу даярдаган отчеттун «Кыргызстан жана этностор, конфессиялар аралык чөйрөдөгү дүйнөлүк тенденциялар» аттуу 2-бөлүмүндө Югославия, Судан жана Мали мамлекеттериндеги улуттар жана конфессиялар аралык конфликтер үстүртөн баяндалып, АКШнын президенти Барак Обаман менен Россиянын лидери Владимир Путиндин сөздөрүнөн кыскача цитата келтирилиптир. Бирок отчеттун авторлору дүйнөдөгү этностор жана конфессиялар аралык кандуу кагылыштардын обьективдүү жана субьективдүү себептерин, анын тарыхый өнүгүшүн жана глобализациянын конфликтерге тийгизген таасирин так ачып бере алган эмес.

Отчеттун “1990-жылдагы Ош окуялары: себептери жана сабактары” аттуу 3-бөлүмүндө “кооганын чыгышына аймактагы сепаратизмдин күчөшү жана бейформал “Адолат” (Акыйкат) кыймылынын ишмердүүлүгү негизги себеп болгон” деп тарыхый баа туура берилген. “Бул каргашадан мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ички иштер жана коопсуздук түзүмдөрү өткөн жаңжалдардан сабак алган эмес” деген бүтүм чыгарган отчеттун авторлору. Демек, 1990-жылдагы улуттар аралык конфликттен 2010-жылы бийликке келген Убактылуу Өкмөт да сабак алыш керек эле. Тилекке каршы, алар алышкан жок. Бийлик үчүн Убактылуу Өкмөт жетекчилиги сепаратисттер менен сайсый соодага бара коем деп, улуттар аралык араздашуунун отуна май куюп жиберишкени отчетто негедир айтылбай калган.

Ал эми отчеттун “2010-жылдагы этностор аралык конфликттин чыгышынын өбөлгөлөрү” аттуу 4-бөлүмүндө “Борбордук жана жергиликтүү бийлик тарабынан тиешелүү чаралар көрүлбөгөндүктөн 2010-жылдын июнунда түштүктө улуттар аралык трагедиялуу кагылышуулар кайталанды” деп айтылат. Бирок, мен Ош шаарынын мэри катары улуттар аралык конфликттин алдын алуу жана Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнө таянып алып ашкере активдүүлүк көрсөткөн сепаратисттерге конкреттүү чара көрүү боюнча Убакылуу Өкмөттүн төрайымы Р.Отунбаевага кат менен кайрылган элем (№147/08-16, 26.04.2010-ж.). Тилекке каршы, ал катка Убакылуу өкмөт тарабынан эч кандай жооп болгон эмес. Мен каккан коңгуроону кулак сыртынан кетирип, өзбек жамаатынын лидерлерин байма-бай кабыл алып, ошолордун айтканына ынанып туруп алышыптыр. Бул тууралуу отчетто бир ооз да сөздүн жоктугу мени терең өкүндүрөт.

Ал эми Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамына ылайык, Ош шаардык мэриясынын колунда улуттар аралык кагылышууларды токтотуучу жетишерлик саясый, финансылык, укуктук жана күч ресурстары жоктугунан улуттар аралык кагылышууну токтотууга мүмкүн болгон жок.

Отчеттун «2010-жылдагы конфликттин негизги себептери» деген 5-бөлүмүндө "Убактылуу Өкмөттүн кадрдык дайындоолору негизинен борбордук жана айрым гана жергиликтүү деңгээлдеги органдарда болгондуктан түзүлгөн кырдаалга Убактылуу өкмөттүн таасири чектелүү болгон” деп кандуу калаба үчүн Убактылуу Өкмөттөн саясый жоопкерчиликти алып салуу же жеңилдетүү далалаты байкалат.

Кадрдык дайындоо демекчи, Убактылуу Өкмөт тарабынан 2010-жылы апрелде жер-жерлерде кадрларды туш келди алмаштыруу башталды. Р.Отунбаеванын декрети менен Ош шаарынын биринчи вице-мэрлигине Т.Камчыбеков дайындалган. Кийин аныкталгандай, көрсө Т.Камчыбеков психикалык жактан оорулуу тура, Ош облустук психикалык ден-соолук борборунда каттоодо турат экен. Бул кадрдык дайындоолор коомчулуктун жана бейөкмөт уюмдардын арасында түшүнбөөчүлүктү жаратты.

Мындан сырткар күч структураларындагы кадрдык дайындоолордо бир топ катачылыктардын кеткендиги маалым. Курч кырдаалдарда тажрыйбасы аз болгон Б. Нышановду Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине дайындоо да жаңылыштык болгон. Убактылуу Өкмөттүн кадрдык дайындоолордогу мына ушундай каталары, анын айынан улуттар аралык мамиленин курчушу отчетто орун албай калганы терең өкүнтөт.

Мен ишенемин, “жасалма тарыхчылар” жана “лицемер идеологдор” канчалык аракеттенбесин, сепаратисттерди колдогон жетекчилер тарых алдында жооп беришет. Кытай ойчулу Лао Цзы айткандай: “Тарыхты кылыч менен чаба албайсың, сыя менен да өчүрө албайсың”.

Убактылуу Өкмөттүн унчукпас макулдугунун аркасында 2010-жылы 10-апрелде Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, өзбек жамаатынын абройлуу өкүлүү Анвар Исманжановду коркутуп-үркүтүшүп, эч кандай буйругу жок эле, жол-жобосун сактабастан кызмат ордунан мыйзамсыз бошотуп коюшкан. Анын ордуна “Ата Мекен” партиясынын өкүлүн ректордун креслосуна отургузуп коюшкан. Бул факт кыргыздар менен өзбектердин тирешүүсүн жаратып, аз жерден чыр-чатак чыгып кетерде шаар мэри катары мен мындай чечимге караманча каршы болуп, А.Исманжановду кайра ордуна койдургам. Бийлик алмашкандан кийин күч алган “революционер десанттары” алардын оюу бонча майлуу-сүттү көрүнгөн ОшМУ, ОшЭлектро сыяктуу мекеме-уюмдарга чабуул жасашканда шаар активи аларга татыктуу жооп беришти.

Отчеттун ушул эле бөлүмүндө кандуу калабанын негизги себеби катары “өзбектердин айрым лидерлеринин эл алдында жана массалык маалымат каражаттарында сепаратисттик идеяларды ачык чакыруусу” айтылат. Ооба, эң туура баа берилген. Бирок ошол сепаратисттерге чара көрүү тууралуу Ош шаардык мэриясынын сунуштарына Убактылуу өкмөт башчысы Р.Отунбаева көңүл да буруп койбоду. Убактылуу өкмөт тарабынан Ош шаарынын мэриясына улуттар аралык конфликттин алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бир дагы кат, же көрсөтмө келип түшкөн жок. Тескерисинче, мэрия жөнөткөн каттарга Уө тараптан жооп болгон жок. Анан калса Убактылуу өкмөттүн өзбектердин сепаратист лидерлерине таянганы жалпы түштүктөгү кыргыздардын кыжырдануусунун жаратканы жашыруун эмес .

Ошого карабай Ош шаарынын мэриясы 2010-жылдын апрель-май айларында улуттар аралык араздашууну болтурбоо тууралуу конкреттүү пландарды иштеп чыкты. Шаар жетекчилиги 3-17-майда өзбек улутундагы жарандар жыш жашаган аймактарда ири жыйындарды өткөрүп, элди улут ынтымагын ыдыраткан сепаратисттерди ээрчибөөгө үндөп жүрдү. Бирок кеч болуп калган эле. Сепаратисттер 2010-жылдын 10-июнунда кандуу калабаны баштап ийишти. Эгерде Уө аларга карата мыйзам чегинде катуу чара көргөндө алар мындай шойкомго эч качан бара алышмак эмес. Жаран катары, шаар жетекчиси катары мени терең өкүндүргөн нерсе ушул...

Отчеттун 8-бөлүмүндө “Конфликттин келип чыгышына таасир эткен ички фактор катары Убактылуу өкмөттүн түштүк облустарда жана Ош шаарында коомдун мамлекетчил, патриот күчтөрүн бириктирүү аракеттеринин чабалдыгы саналат” деп көрсөтүлгөн. Ооба, бул багытта УӨ чабал гана аракеттенбестен, мамлекетчил жана патриот күчтөргө «бакиевчилер» жана “реваншисттер” деген жарлык тагып, аларды душман санап туруп алды. Натыйжада Уө түштүктө көпчүлүк элдин колдоосунан ажырап калды.

Ооба, түштүктөгү коогада 442 адам каза болуп, ондогон адамдар дайынсыз жоголду. Миңдеген чүрпөлөр жетим, жүздөгөн аялдар жесир калды. Уулунан ажыраган ата-эне жер чапчып, бүгүнкү күнгө чейин акыйкат издеп жүрүшөт. Бирок алар издеген акыйкат Улуттук, Парламенттик, Омбудсмендик жана Эл аралык көз карандысыз комиссиялардын жыйынтыгынан чыкпай койду. Ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык бейөкмөт уюмдардын изилдөөлөрү да чындыктын шооласын ачып бералбады. Алар күткөн акыйкат биргелешкен жумушчу топ даярдаган отчетто да жок. Анткени алар бийликтен коркуп, чындыкты айтуудан айбыгып турат.

Мен дамамат айтып келген бир чындык бар: Ош шаары Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түркүгү! Биз мына ошол түркүгүбүздү сындырып, түндүгүбүздү уратып албоо үчүн болуп өткөн кандуу калабага акыйкат саясый жана укуктук баа беришибиз зарыл.

Улуттар аралык араздашууну экинчи кайталабоо үчүн өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын көтөрүү, идеологиялык иш-чараларды күчөтүү жана борбордук бийлик менен жергиликтүү бийлик ортосундагы өз ара байланышты өркүндөтүү зарыл. Кыргызстанда улуттар аралык кандуу коогалаңды экинчи болтурбоо үчүн мен кезегинде Улуттук биримдиктин концепциясын иштеп чыгууну сунуштаган элем. Мен жакында ал иштелип чыгат жана кабыл алынат деп ишенемин.

Улуттук биримдикти чыңдоо кыргыз элинин улуттук аң-сезимине байланыштуу экенин унутпайлы! Улуттук аң-сезим ашкере улутчулдукту эмес, этностор аралык толеранттуулукту жана биримдикти чыңдоого багытталганда гана Кыргызстанда стабилдүүлүк болот. Биздин өлкөдө жашаган башка улуттар Кыргызстанды өз мекеним деп түшүнүп, түпкү улуттун тегерегине баш кошкондо гана улуттар аралык ынтымак орнойт. Келгиле, мамлекеттин бүтүндүгү жана улуттардын биримдиги үчүн жалпыбыз бирге күч үрөйлү! Улуу иште Жараткан Алла дайым бизди колдосун!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

29-08-2012
Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоосу
64959

27-02-2012
К.Ташиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча билдирүүсү
29753

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×