Добавить статью
11:00, 29 июня 2012 69123

«Учурдун» башкы редактору А.Сартбаевге кат

«Учур» гезитинин башкы редактору Арсланбек Сартбаевге

Ош шаарынын тургуну Токторбаев Ибраим Чапиевичтен

Кечирим суроо каты

Урматтуу башкы редактор Арсланбек Сартбаевич!

Сиз жетектеген «Учур» гезитинин 2012-жылдын 19-январында жарык көргөн №2 (168) санынын 7-бетинде жарыяланган «Бюрократтар заманында» деген рубриканын алдындагы «Ош шаардык салык кызматында коррупция күч» деген темада КР президенти Алмазбек Атамбаевге, КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Асилбек Жээнбековго жана КР премьер-министри Өмүрбек бабановго менин Кайрылуу катымды «Аламан kg», «barakelde.kg» сайтынан алып жарыялаган элеңиздер.

http://www.barakelde.org/comments/news:518

Менин бул кайрылуумдагы фактылардын чындыкка дал келбегендиги жана аргументсиз экендигин далилдөө жана өзүнүнүи ар-намысын коргоо максатында КР мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Турганбаев Жылдызбек Абдыкадырович Ош шаардык сотуна арыз менен кайрылган экен.

Соттук териштирүү ишинин жүрүшүнө мен өзүм да катышканмын. Бирок, соттук териштирүүнүн жүрүшүндө менин жазгандарымдын бир да чындыкка дал келбегендиги, мен жөн гана ачууга алдырып, далилсиз, ойдон чыгарылган фактылар менен жазгандыгым ырасталып, бул жазгандарым аркылуу КР мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Турганбаев Жылдызбекдин адамдык ар-намысына шек келтиргендигим далилденип калды. Андыктанм ен кетирген кемчиликтеримди толугу менен мойнума алып, сиздердин гезит аркылуу Жылдызбек Турганбаевден кечирим сураймын. Ак чөп башылап, ал мени кечирет деген ойдомун.

Кечирим кат жолдогон Ош шаарынын тургуну «Учур» гезитине жарыяланган «Ош шаардык салык кызматында коррупция күч алды» деген макаланын автору Токторбаев Ибраим Чапыевич.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×