Добавить статью
10:55, 2 июля 2012 68696

Билим берүү тармагындагы олуттуу көйгөлөр боюнча кайрылуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Ш. Жээнбековго

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү комитетинин төрагасы К. О. Осоманалиевге

Кайрылуу

Урматтуу Асылбек Шарипович!

Урматтуу Каныбек Осмоналиевич!

Сиздерге мамлекетибиздин эртеңи жана жаштарыбыздын татыктуу келечеги, билим берүү тармагындагы олуттуу көйгөлөр боюнча кайрылууну туура көрүп олтурам.

2012-2013-окуу жылынан тартып мамлекеттеги дээрлик бардык жогорку билим берүүчү адистиктер эки баскычтуу системасын же б.а. кредиттик окуу технологиясына өтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому чыккан. Билим берүү министринин орун басары Мухтар Орозбеков да бакалаврдык системага өтөт деп бардык жерде айтып жүрөт, бирок эки баскычтуу билим берүүгө даярдык начар. Азыр окуу жылы аяктап, окуу жайлардын кызматкерлери, окутуучулар бардыгы жайкы эс алууга кетүүнүн алдында турса дагы жаңы билим берүү системасында окуу боюнча жалпы нормативдик документтер жоболор, көрсөтмөлөр иштелип ЖОЖдорго берилген жок. Ар окутулуучу багыттар боюнча мамлекеттик стандарт иштелип чыгып ЖОЖго берилсе ЖОЖ ага ылайыктап окуу пландарын иштеп чыгышы керек болчу. Бул иштердин баарын Билим берүү министринин жогорку билим берүү боюнча орун басары Мухтар Орозбеков түздөн-түз жооптуу болсо дагы бул мамлекет үчүн өтө жооптуу бул ишти артка тартып келе жатат. Орозбековдо азыр өтөбүз даярдап жатабыз деген куру кыйкырык сөз гана болбосо чыныгы даярдык жокко эссе. Кредиттик окуу технологиясы деген өзүңүздөр билесиздер азыркы окуп жаткан окуу системасынан айырмасы абдан чоң. Окутуучулардын маяналарын төлөө формалары, студенттер үчүн окуу акысын төлөө формалары, окуу пландары таптакыр башкача болот. Министрлик ырас Өкмөттүн ушундай токтому чыккандан кийин ыкчам аракет жасап, буга чейин эле бардык нормативдик документтерди иштеп чыгып окуу жайларга да берип, ата-энелерге, коомчулуккак кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек болчу. Башка тармактардан айырмаланып, билим берүүгө катышкан, ага тиешеси бар адамдардын саны көп болот эмеспи. Орозбековдун ишине жоопкерсиздиген улам эми ата-энелер дагы эки баскычтуу билим берүү системасын түшүнбөй, азыр эл арасында бакалаврда окуса атайын орто билимдүү болот экен, өкмөт балдарыбызды 7 жыл окутуп акчабызды кактап алат деген сыяктуу нааразычылыктар эми эле арбын айтылып жатса, толук маалымат жетпегендиктен алтургай жогорку окуу жайларынын окутуучулары да толук түшүнбөй же жаңы окуу пландары иштелип чыкпай, окуу сааттары дайын болбой, каникул мезгилинде да иштейт турбайбызбы деп ызаларын ичтерине катып жүрүшөт.

Экинчи бир чоң маселе билим берүү министрлиги сырттан окуу формасына кабыл албоо боюнча чечимди бардык ЖОЖдорго берди.Билим берүүнүн сапаты үчүн бул жакшыдыр бирок ага алтернативалуу жолду сунуштаган жок. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карасак дайыма келип окууга шарты жок бирок билитм алууну каалаган жарандар үчүн шарттар түзүлүп берилген. Алдыңкы көп мамлекеттердин тажрыйбасында азыркы маалыматтык технология өркүндөгөн заманда аралыктан окутуу тажрыйбасы кеңири пайдаланылып жүрөт. Биз деле ата-энесин багам деп алыста эмгектенип жүргөн же айлыда ата-энесине карамалап калган, же бир жерде иштеп бирок билим алсам деген чощ мүдөөсү бар жарандар, жаштар үчүн ушундай шартты эмнеге түзүп бербейбиз. Адам билим алып, бир нерсе билип калса эч нерсе бузулуп кетпейт, тескерисинче татыктуу тарбия, билим жетишпегендиктен көп кесепеттерге учурап жатабыз. Бул тилек да аксап жатат. Эмне себептен, дагы эле баягыл тиешелүү жетекчилердин шалаалкылыгынан, алысты көрө билбегенинен, түшүнбөгөнүнөн. Аралыктан окутуу боюнча жакшы тажрыйбаларды топтоп, бизге ылайыктуусун иштеп чыгып татыктуу деген окуу жайларга уруксат берип койсо болобу?.. Аны иштеген киши жок. Орозбековдун бир билгени эле кыскартуу, жабуу. Кыскартып, бар нерсени жаап коюу оңой. Жаңы нерсени жаратуу кыйын. Мен аксакал адам катары, ЖОЖдо көп жыл иштеген ардагер катары айтып коеун, кылдат мамитле менен кыскартпасак, бөлө чаап кыскартып жатып ушул Жогорку билим берүүбүздү да талкалап албайлык.

Урматтуу Асылбек Шарипович!

Урматтуу Каныбек Осмоналиевич!

Сиздер эл өкүлү, келечегибизге кайдигер карабаган эл уулдары катары бул маселеге көңүл буруп карап беришиңиздерди суранам. Антпесек бакалавр системасына өтөбүз деп мактанып, элди дүрбөтүп алып эч нерсебиз даяр эмес уят болуп жүрбөйлү

Ырыс Бакбергенов

Бишкек шаарынын тургуну, билим берүү тармагынын ардагери

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×