Добавить статью
10:54, 4 июля 2012 4939

Баткендеги окуя мамлекеттер аралык мамилеге доо кетирип коё жаздады

Уран Куттубаев

Баткендеги окуя мамлекеттер аралык мамилеге доо кетирип коё жаздады

Өткөн жумада Баткен шаарынын Базар-Башы айылында болгон окуя чындыгында жөн салды окуялардын бири болгон жок. Билгендер бул учурда аз жерден мамлекеттер аралык мамилеге доо кетип калайын дегенин айтышууда. Маалым болгондой, Тажикстан тарап сымапка байланыштуу Кыргызстандын үч жаранын камап коюшкан, анан ага жооп катары кыргызстандыктар Тажикстандын 8 жаранынын барымтага алып, бир топко чейин эки тарап бири-бирине талап коюп тирешип турган.

Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси, генерал Мирослав Ниязов ал боюнча «Бул окуяларга тезинен көңүл буруп, чара көрүү зарыл. Бул окуялар эмнени көрсөтөт? Эл көйгөйлөрүн өздөрү чечип, эч кимге ишенбей калганын, жергиликтүү бийликке да, борбордук бийликке да ишенбей калганын көрсөтөт. Экинчиден, чек ара маселелерин тезинен чечпесе мындай окуялар кайталана бериши толук мүмкүн» дейт.

Канткен менен базарбашылыктардын Тажикстанда кармалган үч айылдашын тажик жарандарын барымтага алуу менен бошотуп алуу аракетинен майнап чыккан эмес. Тополоң учурунда облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери, лейтенант Сапар Алибековго ок тийип, жаракат алган. Милицияга каршылык көрсөтүп, бейбаштык кылганы үчүн 9 жаран УКМКнын облустагы башкармалыгынын убактылуу абагында кармалган.

Эки тарап болуп сүйлөшүү учурунда Тажикстандын генералдары менен биздин ИИМдин Түштүк боюнча орун басары Курсан Асанов баш болгон өкүлдөр барган. Натыйжада буга чейин түштүктөгү улут аралык ар кандай миселелерди чечип келген Курсан Асанов бул жолу тажик генералдары менен тил табышып мамалекттер аралык тирешүүнү алдына алып, элдин күтүлбөгөн карама-каршылыгын жөнгө салды дейт жергиликтүү тургундар. Негизи эле Курсан Асановдун ИИМдин түштүк региону боюнча орун басар болуп турганы бекер эмес. Биринчиден эл арасында кадыр-баркы чоң. Экинчиден чек ара көйгөйү кыйнаган аймактарда мамлекет аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө дипломатиялык дарамети жетет.

Албетте мындай окуялар бир жолу жөнгө салынышы мүмкүн, эки жолу жөнгө салынышы мүмкүн, андан кийинкиси кандай болуп кетерин эч ким айта албайт. Чек ара маселесин чечүү мөөнөтү бүтүп, убагынан өтүп баратат…

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×