Добавить статью
11:40, 6 июля 2012 10639

Кайрылуу

Урматтуу Кр президенти Алмазбек Атамбаев, спикер Асилбек Жээнбеков, премьер-министр Өмүрбек Бабанов, акыйткатчы Турсунбек Акунга

Урматтуу Алмаз Шаршенович! Биз Жаңы –Арык айылдык округунун депутаттары кечээ күнкү жанылыктардан биздин жердешибиз социалдык коргоо министри Р.А.Сабировдун үстүнөн козголгон кылмыш иштерди угуп, нааразы акыбалда сизге конституциянын гаранты катары кайрылып жатабыз.

Биз жердешибиз Равшан Сабировду туулган күнүнөн баштап, ушул күнгө чейин өмүр таржымалын жакшы билебиз. Өз айылына ишкер катары Жаңы-Арык айылдык округунун атуулу катары Жаңы-Арык айылдык округунун социалдык жактан өсүп-өнүгүүсү үчүн чоң салымдарын кошуп келген. Бир эле мисал жылдап чыкпай калган сууну (водопровод) 2005-жылы өзүнүнү жеке демилгеси менен таза ичимдик сууну чыгарып берди.

Жаңы арык айылдык округунун бардык мектептерин жетекчиликке алып, өз чөнтөгүнөн каржылап келген. Ошондой эле, Жаңы-Арык айылынын элинин суранычы менен чоң мечит куруп берди жана ошол мечиттин иш-аракети менен жаштар ыймак тарапка көпчүлүгү бурулду. Ошондой эле жеке адамдардын кайрылуулары, өтүнүчтөрү менен бир канча адамдардын операцияларын каржылап медициналык жактан финансысы начар үй-бүлөлөргө финансылык жагынан каржылоо ушул күнгө чейин көрсөтүп жатат. Жогоруда аталган иштер Сабировдун кылган иштеринин бир чети гана жана бул кылган иштери депутат, министр болгонго чейин кылган иштери Р.Сабиров 2010-жылы Жаңы-Арык айылынын элин, достукка, ынтымакка үгүттөп, деги эле теле берүүдөн бүткүл кыргыз элин ынтымакка, достукка чакырган жана улут аралык достуктун бекемделишине чоң салым кошкон.

Урматтуу Алмаз Шаршенович, Асилбек Шарипович азыркы мезгилде мамлекетте болуп жаткан иштерге биз да күбө болуп турабыз. Сиздин коррупцияга каршы которгон демилгенизди колдойбуз. Урматтуу Алмаз Шаршенович эмне үчүн телефоногейт боюнча миллиондорду бөлүштүргөндөр тынч гана жыргап жашап жүрүшөт. Ош окуясы 2010-жылы радиациялык көмүр, ушундай иштер аягына чыкпайт. Эмнегедир Равшан Сабировду жалган доо менен УКМКга алып кирип коет. Ушул Р.Сабировдун иши Жаңы-Арык элинин кыжырын кайнатып жатат. Бул иш саясий заказ катары болуп жаткандай түшүнүк берип жатат. Сизди урматтуу Алмаз Шаршеновия конституциянын гаранты катары Р.Сабировдун ишин оң маанайда чечип беришиңизди Жаңы-Арык айылдык округунун депутаттары, айыл округунун эли суранып кетет.

Р.Сабиров боюнча козголгон иштин тергөө амалдарын мыйзам чегинде жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүп, беришиңизди жана оң маанайда чечишиңизди суранып кетебиз.

Жаңы-Арык айылдык округунун депутаттары жана эли.

Тизме тиркелет.

Кайрылууга 1 миңден ашуун адам кол койгон.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×