Добавить статью
8:01, 12 июля 2012 17336

Кара-Суудагы Жаңы-Арык элинин коомчулукка кайрылуусу

Биз, Жаңы-Арык айылынын эли Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери А.Акаев, К.Бакиев, Р.Отунбаевалардын жана азыркы президентибиз А.Атамбаевдин заманында да оор турмушту кечирүүдө.Максатсыз жүргүзүлгөн айыл-чарба жана менчиктештирүү реформасынын кесепетинен 22-жылдан бери дыйкан ,фермерлерге үрөөн,күйүүчү май жетишсиз.

Айыл чарба техникалары,шаймандары эскилиги жеткен жана эски техникалар жараксыз абалга келген.Биз суу башы болгонубузга карабай канал,арыктар жок болуп кеткен.

Айдоо жерлерибиз жайлоого айланды,айылыбыздан туура эмес проект менен курулган Бишкек-Ош жолу айыл сыртынан эмес ортосунан курулуп 50 гө чукул жердештерибизди катуу ылдамдыкта жүргөн автоунаалар тепселеп өлтүрүп 100 гө чукул бала жетим калды.

Өлкөдө туура эмес жүргүзүлгөн саясаттын негизинде айылыбыздын өнөр жай,кайра иштетүү,айыл чарба,мал чарба тармактары талкаланды.Бирок бул тармактарды өнүктүрүү жана миңдеген жумушчу орундарын түзүүгө толук шарт бар болчуу.

Тилекке каршы жумуш жоктугунан айылыбыздан 50% жумушка жарактуулары Россииянын жарандыгын,10% Казакстандын жарандыгын алып кеткенге аргасыз болушту.

Кыргыз өкмөтү Карасуу районунун мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү бийлик чече албаган көйгөйлүү маселелерди Кыргызстанга белгилүү урматуу жердешибиз Сабиров Равшанбек ар дайым көмөк көрсөтүп чечип келген.

Атап айтканда социалдык,билим берүү,медицина тарматарына , таза сууга жана жолдорубузду оңдоп берип турган. 2012-жылдын 5-июлунда Сабиров Равшанбек 15 миң АКШ долларын пара алды дегенине, жердештери ишенбейт,куруулай доомат.

Бул азыркы бийликтин жасаган иши деп эсептейбиз.

Анткени Сабиров Равшанбек Кыргызстандагы эң алдынкы ишкерлердин сап башына жетишип 5 миңге чукул адамдарды иш менен камсыздап мамлекеттин казынасына 10 миллонго жакын салык төлөп, кайрымдуулук жардамдарга 10-15 миң доллар жумшап кетчүү.

Ушул айдын 9 –июнунда «Ата-Мекен» партиясы Текебаев баш болгон төбөлдөр партиялашы Равшанбек Сабировтун акталып чыгуусу үчүн күрөшпөйт деп ММК жарялады жана аны министирлик кызматтан кетирүү жөнүндө расмий түрдө Кыргыз өкмөтүнө кат жолдошту.

«Ата-Мекен» фракциясы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесин бузушту, анда соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөөлү деп эсептелбейт деп жазылган.

Жаңы-Арык айылынын эли бийликтеги жана бийлиги жок курук сөз менен курсак тойгозгон өлкөнүн куру саясатчыларынан жадап бүтүштү. Анткени жумушсуздуктан Кыргызстандын Ата-мекендик өндүрүштөн чыккан өндүрүлгөн товарлары араң 1,5% түзөт.

Өлкөнүн бюджетинин 60% кызмат көрсөтүүнүн эсебинен болуп жатат.Ошондуктан Кыргыз эли жакырчылыкка айланды. Жогорудагылардын негизинде Жаңы-Арык эли азыркы бийликтен

талап кылат:

1.Ишкер жана коомдук, саясий ишмер, жердешибиз Равшанбек Сабировту ММК аркылуу жамандоону токтотууну жана аны тез арада бошотуп, Кыргызстандын Узөңгү-Кууш,Каркыра жерлерин саткандарды жана ага макулдук берген Жогорку Кеңештин мурдагы депутатарын, миллиондогон акчаларды жеп басып жүргөн ууруларды кармап камашсын.

2.Конституциянын 26-беренесин бузуп курулай Сабиров Равшанбекке жалаа жапкан «Ата-Мекен» соцалистик партиясы жана анын төрагасы ө.Текебаев Жаңы-Арык элинен кечирим сурашсын.

3.Кыргыз өкмөтү Жаңы-Арык айылындагы тамеки заводун жана мөмө-жемиш комбинаттын ишке киргизгенге миңдеген жумушчу орундарын түзгөнгө жана Сабиров Равшанбек баштаган Жаңы-Арык айылындагы иштерди аягына чейин чыгарууга көмөк көрсөтүшсүн.

4.Ушул койгон талаптар 2012-жылдын 15-июлуна чейин атарылбаса Жаңы-Арык эли массалык түрдө тынчтык митингине чыгат. Мындан да өлкө жетекчилери жыйынтык чыгарышпаса анда биз Жаңы-Арык эли Россия мамлекетинин жарандыгын алууга бүт күчүбүздү жумшайбыз.Ансыз деле айылыбыздын жалпы элинин 30% жакыны Россия федерациясынын жарандыгын алышып, Кыргыз бийлигинен үмүттөрүн үзүшкөн.

Жыйынга 475 адам катышты.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×