Добавить статью
3:52, 16 июля 2012 66834

Өкмөт жаштарды колдойбуз деген куру кыйкырык сала баштады

2010-жылы 7-апрель Кыргызстандын тарых барактарында кандуу күн катары жазылып калды. Себеби, бул күнү канчалаган мекендештерибиз адилетсиздиктин курмандыгы болуп, көпчүлүгү ар түрдүү жарат алды. Апрель кандуу окуясынан кийин эки жыл өттү 2002-жылкы Аксы окуясы жана 2010-жылы болуп өткөн Ош, Жалал-Абаддагы июнь коогалаңына окшоп, бүгүнкү күнгө чейин тарыхый так баа бериле элек жана сот жараяны белгисиз себептерден улам артка жылдырылып келет. Ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн да кийин мыйзамдуу Өкмөт да сот жараянын акырына чыгара албай жатат.

Өкмөт менен Жогорку Кеңеш бири-бири менен бийлик талашып, бири-биринин көзүн тазалап, мышык чычкан ойноп, мамлекетте жана жергиликтүү деңгээлде болуп жаткан иштер менен иши жок. Борбордон туруп, эки баскычтуу бюджет, бир карасан мамлекеттик кызматкерлерге 20 % пайыздык кыскартуу деп, кара пайым эл менен биринин да иши жок.

Баарын ордуна койебуз деген Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бийлигин секирин Бабанов Өмүрбек Токтогулович баштаган Өкмөткө өткөрүп берип, элдин үстүнөн жашап, билмексен болуп жашап жүрөт. 7-апрель кандуу окуясынын жана башка окуялардын сыр бойюнча сакталып калуусуна Убактылуу Өкмөттүн жана азыркы бийлик өкүлдөрүнүн да кызыкчылыгы бардай сезилет.

Андан бери Өкмөт жаштарды колдойбуз деп кыйкырык КР нын Жаштар иштери боюнча министирлигин 2010-жылдын 26-апрелдеги КР нын Убактылуу Өкмөтүнүн № 25 Декретинин негизинде түзүлуп, министр болуп апрель кандуу окуясынын катышуучусу Алымкулов Алясбек Төлбашиевич дайындалып, жаштар бийлик бутактарына өз ойлорун ачык айтып, айрым бийлик бутактарында байкала баштады.

Акыркы убакта Өкмөт жаштарды колдойбуз деген куру кыйкырык сала баштады. Кыргызстандын аймагында болуп жаткан экономикалык тартыштык жана 20 % пайыздык кыскартууга жалаң жаштар илинип башка жумуш таба албай сыртка эмгек мигранттары болуп кетишип жатат. Жаштар мамлекет башчыларынын көңүл сыртында калып өгөй балага айлана баштады. Тажрыйбалуу жаш кадрлар пенсия жашындагы кадларга айлана баштады. Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылы Жаштар иштери боюнча министрлик түзүп берүүсү бул жөн гана жаштарды убактылуу алдап туруу болгондугу бүгүнкү күндө ачык билинип калды.

Логикалык жактан алып караганда Жаштар иштери боюнча министрлигине Миграция, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги колушган демек, Жаштар министрликтин басымдуу бөлүгүн жетектеш керек эле. Эгерде мындай болсо Өкмөт бул министрликти Пенсионерлер, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги деп түзүш керек болчу анда биз жаштар капа болбойт элек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×