Добавить статью
10:30, 19 июля 2012 19291

Милиция кызматкерлеринин өспүрүмдөрдү мыйзамсыз кармаган фактылары көбөйүүдө

ИИМдин алдындагы жаш өспүрүмдөрдүн кабыл алуу-бөлүштүрүүчү жайы Бишкек шаарындагы Калык Акиев көчөсү-1 дарегинде жайгашкан. Ушул жайга өспүрүмдөрдү милиция кызматкерлери мыйзамсыз кармап жеткирген фактылар көбөйүп кеткен.

«Забота» деген аталыштагы атайын операцияга жамынып алышып, ИИМдин Бишкектеги бөлүмөрүнүн кызматкерлери жайкы каникул убагында эс алууда жүргөн жаш өспүрүмдөрдү жайына коюшпай, алардын укугун тебелеп жогоруда көрсөткөн кабыл алуучу жайга (приёмник) мыйзамсыз эле алып барып камап жатышат. Жаш өспүрүмдөрдү мыйзамсыз кармап, документтерин текшерип, «жаныңарда документинер жок экен» деген шылтоо менен алып барып жаап жаткандары туурабы?

Жаш өспүрүмдөр эмес, чоң адамдар деле документин жанына дайым эле алып жүрө бербейт да. Анан 13-16 жаштардагы өспүрүмдөрдө кайдагы документ болот жанында. Бул ИИМ министри З.Рысалиевдин дагы бир компаниясыбы? Каникул убагында алыскы Баткен, Талас, Нарын, Жала-Абад областарынан Бишкектеги байке-эжелериникине эс алганы келген балдар көчөгө ойногону чыкса милициялар дароо кармап барып, кабыл алуучу жайга (приемник) камай берсе болобу? Ал балдар кызыл шапкечендерди көргөндө эстери чыгып, экинчи Бишкекке келгис болуп калышат го? Же эмне биздин Кыргызстан режимдик мамлекетке айланып калдыбы? Көчөдөгү тартипти жаш балдардан баштайлы дешкенби? Каникулда жүргөн жаш өспүрүмдөрдү жайына коюп, андан көрө кылмыштуулук, ОПГлар менен күрөшүп, ошолорду кармашпайбы? Же эмне Рысалиев айткан ОПГ менен күрөшүүнүн экинчи этабы ушулбу?

Кармалган балдар жөнүндө айтсам: 27.12.1994-жылы туулган Салим уулу Аскарбек. Үстүбүздөгү жылдын 12-июлу күнү милициялар кармап барып кабыл алуучу жайга камап коюшкан. Туугандары эки күн бою издеп, араң дегенде ушул жайдан таап анан чыгарып кетишкен. Бул бала Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кош-Болот айылынан болот. Атасы Маралов Салим Балтакунович. Аскарбектин айтуусу боюнча, кабыл алуу-бөлүштүрүүчү жайда республиканын ар кайсы региондорунан келген, мыйзамсыз кармалып турган өспүрүмдөр ондоп саналат экен.

Ушул фактыларды карап көзөмөлдөп, текшере турган орган барбы?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×