Добавить статью
9:27, 26 июля 2012 14651

ИИМди реформалоого жоопкерчиликтүү адам жок

«Реформа жана жыйынтык үчүн» жарандык союзу ИИМди реформалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын концепциясын аягына чейин иштелбеген жана логикага жатпайт деп эсептейт.

КРнын өкмөтү тарабынан түзүлгөн Ведомстволор аралык комиссиясы (ВАК) ички иштер органдар (ИИО) системасын реформалоо концепциясынын ишин аягына чыгарууда. Жакынкы аралыкта бул документти парламенттин кароосуна жөнөтүү каралып жатат. «Реформа жана жыйынтык үчүн» жарандык союзу, бул билдирүүдө ВАКтын концепциясы тууралуу өзүнүн позициясын көрсөтүп жана анын анализин сунуштайт. ВАКтын концепциясы чийки болуп калган жана ал толук бойдон кайра иштелип чыгышы зарыл. Парламент тарабынан ушундай түрдө ВАКтын концепциясы кабыл алынса, ИИО системасы өзгөрбөйт, анткени ал концепцияда өзгөрүүлөрдүн иштей турган негиздери жана механизмдери жок.

ВАКтын концепциясынын жетишпеген жерлери:

Реформанын негизги элементи болгон – ИИОнун кадрларын жаңыртуу жок. Эксперттердин жана коомчулуктун ою боюнча, ИИОнун штатын жаңыртуу ИИОну реформалоодогу биринчи кадам болуп эсептелинет. Жаңы стандарттарга ылайык жаңы кадрларды, сынагы жок ишке алуу, бул ИИО системасынын жаңылануусун билдирбейт.

ИИОну аскерлешүүдөн арылтуу принциби жок. Концепцияда тогуз атайын наам белгиленген. Иерархиялык, эски наам системасы мыкты кызматкерлердин карьералык өсүүсүнө жана ИИО системасынын ишинин эффективдүүлүгүнө тоскоолдуктарды жаратаарын, биз бир нече жолу айтканбыз. Иштеген жылдарына карап наам берүүнү токтотуу керек. Жаңы наамга жетүү үчүн ар бир кызматкер өзүнүн билимин жана дасыгын далилдөөсү зарыл. Кийинки наам укук эмес, артыкчылык бериши зарыл. Биз ИИО системасында үчтөн ашык эмес наамды калтырууну сунуштап жатабыз.

ИИО системасын реформалоого жоопкерчиликтүү адам жок. Жоопкерчиликтүү адамды тапмайынча, реформалоо пландары кагаз бетинде гана кала берет. Азыркы убакта КРнын премьер-министринин ИИОнун реформасын ийгиликтүү өткөрүүгө баардык керектүү шарттары жана ресурстары бар деп ойлойбуз.

ИИМди жарандык жактан башкаруу принциби жок. Аскерлешүүнү азайтуу үчүн жана ИИО системасынын ишинин сапатын жогорулатуу үчүн бул системаны профессионалдык жарандык башкаруучу башында болуусу керек. Өнүккөн өлкөлөрдө полиция жарандык кызмат катары саналат жана жарандар тарабынан башкарылат.

ИИМдин ишин жакшыртуу боюнча конкреттүү механизмдердин сүрөттөлүшү жок. Концепциянын мазмунунда угулбай жана аткарылбай турган чоң маанилүү, идеалисттик сөздөр көп.

Концепцияда Коомдук байкоочу кеңештер (КБК) жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Жарандык коом менен ИИО ортосундагы кооперацияны жогорулатуу үчүн, келечектеги милициянынын ачыктыгын жогорулатуу жана эсеп бермеси үчүн КБКны ар кайсы деңгээлде көбөйтүш керек. КБКнын көз карандылыгын камсыз кылуу үчүн алар жарандык коом тарабынан түзүлүшү зарыл.

Концепцияда көрсөтүлгөндөй ИИОго болгон калктын ишенимин аныктоодогу социологиялык сурамжылоолор Улуттук статкомдой мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлбөшү керек. Көз карандысыз беделдүү уюмдар иштеши керек.

Концепциянын маңызы буйрук берген эмес, рекомендация берген мүнөзгө ээ. Эгерде ВАКтын концепциясы эч нерсеге милдеттендирбесе, анда кандай жыйынтыктарды күтүүгө болот?

ВАКтын концепциясында ИИМ министринин ишин баалоо боюнча калктын ишеним деңгээли киргизилген. Отчет берүү убагында министрдин ишине 51% төмөн ишеним көрсөтүлсө, аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу мүмкүнчүлүктөрү каралган. 51% төмөн эмес деген ишеним деңгээли жетишээрлик эмес, отчет мөөнөтүнүн так аныктамасы берилген эмес. Калктын жогорку ишеним көрсөтүү жана белгиленген көрсөткүчтөргө жетүүдөгү так мөөнөтү керек. Мисалы, 70% төмөн болбогон калктын ишеними Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган күнүнөн тартып 2 жыл аралыгында ишке ашырылышы керек. ВАКтын концепциясына ылайык Альтернативалык концепциядан айырмаланып, ИИМдин ишине баа берүүдөгү ишенүү деңгээли негизги эмес критерий катары саналат.

Жалпысынан алганда, ВАКтын концепциясында ИИМдин ишин баалоодогу конкреттүү сандык критерийлер жокко эсе. Төмөндө калктын ишеним индексине кошумча катары бир нече баалоо критерийлери сунушталган:

ИИМдеги коррупцияны кабыл алуу индекси

Коомдук жана жеке коопсуздук индекси

ИИОнун беделинин жана репутациясынын индекси

ИИОдогу иштөө шарттарынын индекси

Негизинен жогорудагы баардык индекстер жарандарды жана ИИОнун кызматкерлерин сурамжылоо негизинде өткөрүлөт. Бул индекстер коопсуздукту камсыз кылуучу кызмат катары ИИОнун жарандарга багытталган маданиятын алга жылдырат. ИИМдин ишинин максаттык көрсөткүчтөрү ага жетүү үчүн конкреттүү мөөнөттү талап кылат. Комплекстүү көрсөткүчтөрдүн жана ага жетүү үчүн мөөнөтүнүн жоктугу – мониторинг жүргүзүү жана реформаны аткаруу анализи жоктугун билдирет.

ВАКтын концепциясында атайын ИИОнун жергиликтүү кеңештерге отчет берүүсү болбойт. Альтернативалык концепциянын негизинде шаардык жана жергиликтүү кеңештери жергиликтүү ИИМдин бөлүмүнүн кызматкерлерин ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу ИИМ министрине сунуш жөнөтө алышат. Мисалы, эгерде Бишкек шаардык кеңеши Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчисине нааразы болушса, алар ага карата ишенбөөчүлүк көрсөтүп, министрге аны жумуштан алуу сунушун бере алышат.

Бирок, ага карабастан ВАКтын документинде биз колдогон жакшы жактары бар:

ИИОнун кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү жана айлык акынын бонустук системасын киргизүү;

Жол коопсуздук башкы башкармалыгын жана патрульдук-посттук кызматты Жол-патрульдук кызматына айландыруу;

ички аскерди жоюу;

ИИМдин Академиясын, адистештирилген кайрадан даярдоо Полиция академиясына айландыруу;

ИИО кызматкерлерин мыйзамсыз аракеттерге баруусуна чагым жасоо. Бул механизм өзүнүн кызматынан кыянаттык менен пайдаланган кызматкерлерди аныктоого жардам берет.

ИИОну саясаттан тышкары кылуу жана адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо.

Мезгил-мезгили менен ММКга ИИО кызматкерлери катышкан мыйзамды жана укук тартибин бузган кыжырды кайнаткан окуялар чыгууда. Эгерде ИИОнун реформасы узакка созулса же жарым-жартылай чечимдер кабыл алынса, анда бийлик коомдук нааразычылык толкунун жана ишеним кризисин пайда кылышы мүмкүн.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×