Добавить статью
9:48, 7 августа 2012 10846

Ө.Бабановго кайрылуу

Кыргыз Республикасынын премьер – министри Өмүрбек

Бабановго, Башкы прокурор Аида

Саляновага, УКМКнын төр - агасы Шамиль

Атахановго, Ички иштер министри

Зарылбек Рысалиевге жана коррупция менен күрөшүүгө кызыкдар уюмдарга

Кайрылуу

Орто Азияда биринчилерден болуп Полиция шаарчасы уюшулуп, бир топ убакыт өтсө дагы азыркы мезгилге чейин генералдык план бекитиле элек. Себеби мындай карасак, ген план беш – алты жолу оңдолуп түзөлүүдө. Түзүлгөндө да конуштун тургандарынын кызыкчылыгында эмес. Полиция шаарчасынын кооперативинин кызыкчылыгына оңдолууда. Көрсө ар бир оңдолгондо бир канча участок пайда болот экен. Бир участогун архитекторго берсе, экинчисинин ГОСрегистрге берсе алар “макул” болушат экен. Далил катары кийинки көчөлөрдү участок кылып сатканда  ГОС регистр Карганбектин уулу саткан. Сатып алган жигит Аламүдүн УВД да иштейт. Ошондой эле Полиция шаарчасын сатыа алууда Карганбек айыл өкмөтүнөн иштеп турганда 30 000миң доллар Полиция шаарчасынын өкүлүнөн пара алган. Анан чечим чыгарып берген. Ошондой эле Аламүдүн районунун мурдагы акими Самат ушул эле сумманы алгандары айтылууда.  Ошондой эле астыңкы көчөсү жана үстүңкү көчөлөрү мыйзамсыз. Себеби Чыгыш кичи каналынан курулуп жаткан үйгө чейин 50м. Болуш керек. Азыр болсо 25м. жол менен бирге. Ошондо асты жагынан он участок пайда болду. Ал эми үстүңкү жагынан дагы он участок пайда болгон. Ал эми ортоңку эки көчөнү жер участогуна айлантып сатканда дагы жыйырма участок пайда болду. Биз билгенден кырк участок сатылып, кимдин чөнтөгүнө түшкөнүн тактап берсеңер жана тургундарга кайтарып берсеңер. Анткени жашоочуларда ал жерлерди убагында сатып алышкан. Ал эми “Алтын – Ордо” тарабын карасаңар өзүнчө “төкөлдөш”.

Ар бир үчүнчү тургундун жер жөнүндө талаштары бар. Бириники бир метрге кирип кетсе, экинчисиники эки – үч метрге чыгып кеткен. Көчөлөр каралбай улам- улам тарып баратат. Аламүдүн районунан азыркыга чейин сокур тыйын акча бөлүнгөн жок. Биз шайлап алган айыл башчыларына айлык акы төлөнбөйт.

Кооператив учурунда 40 тонналык эки контейнер, үч будка, үч миң метрдей сетка соснадан жасалган устундарды бизге кайрып берсе кварталный отуруучу, эл чогулчу жай жасап алмакпыз. Бирок, ал жерде сатылып кеткен. Кооперативдин өкүлдөрү же архитектор Мурадил (Бакиевдин революциялык комитетинин мүчөсү) жер участогун сатып жаткан учурда эле келишпесе, башка  көрбөйсүң. Учурунда кооперативдин мурдагы төр агасы маркум Ж. Акматовдун Полиция шаарчасынын атына коёбуз деп, Чолпон Аттокурова элди алдоо жолу менен. Акматовдун атын койсоңор А. Атамбаев силерге миллион сом берет деп алдап кол койдуруп алган. Азыр ал акчадан дайын жок. Ишенчээк эл өздөрү чуркап жүрүп кол коюп беришкен. Уюшулгандан бери бир чиновник келип, “Акыбалыңар кандай?” – деп сурап коё элек. Кат жазып арыздансак, текшерүүчү келсе бирден участок кармата берет. Ошон үчүн биздин Полициялык шаарчада финполициянын өкүлдөрү көбүрөөк жашайт.

Полиция шаарчасы уюшулуп жаткан кезде, 25 га милиция өкүлдөрү болуп , 15 га сы Көк – Жар айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү болгон. Алардан шылуундар Чолпон, Мурадил дагы бир тобу сатып алган. Милициянын атына таянып жерди трансформацияга алып, ар бир гектордон бирден участокту кооперативге бермей болгон.Ошондой эле Көк – Жар айыл өкмөтү берген 3,5 га жер бар болчу. Алар кайда? Айта кетчү жагдай бул жерди сатып алгандар, ушу кезге чейин өкмөткө бир тыйын налог төлөшпөйт.

Азыркы мезгилде Полиция шаарчасына мүчө болуп киришип, акча төлөп, жер ала – албай калган киши. Жер ала албай инсульт болуп, ооруп жатат. Ошондой эле мурдагы кызматкердин участогун бирөөлөргө сатып жиберген. Качан бересиң деп барса, экинчи траштан аласың деп, экинчи траншты ойлоп табышкан. Муну ойлоп тапкандарына эки жыл болду. Акчаны болсо беш жыл мурда беришкен. Башында жарыя берилгенде 5 сотыхтан беребиз дешкен. Бирок, 4,5 сотыхтан берип коюшту, арасында 3 сотыхтан алганы да бар. А эмнеге десе? Жолго, инфраструктурага кетти деп коюшту. Түзүлгөн картаны каалагандай өкчөштү. Өздөрүнүн гана кызыкчылыгы үчүн.

Азыркы мезгилде ИИМ министрине кайрылып, министр ФХУ го тапшырма берип, мэрияга кат жолдоптур. Министрге чоң рахмат! Иса Өмүркуловго кезиккенде Полиция шаарчасын борборго кошуп алууга убадасын берди. ИИМ ге кайрылганыбызда атайын комиссиялык топ текшерүүнү суранганбыз. Бирок, азырынча топ түзүлө элек. Дагы эле болсо, прокуратурадан башка тийиштүү органдардан комиссия түзүлүп, коррупция менен чындап күрөшүп жатканыбызды көрсөтүүгө суранаар элек.

Сиздерден көптөн – көп суранарыбыз, териштирип, тактап, ген планыбызды тез арада бүтүрүшсө, конушубузга суу, свет, жол маселеси тез чечилет беле деген үмүт менен сиздерге кайрылуудабыз. Сиздерди терең урматтап, чоң ишенич менен Полиция шаарчасынын тургундары.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×