Добавить статью
7:27, 10 августа 2012 19764

Карапайым калктын жылаңач кейпи

Урматтуу Кыргыз мамлекетинде жашаган түпкүлүктүү эл-журту.

Менин жүрөгүмдү эзип, ой-санаама тынчтык бербеген, гөй-гөйлүү маселелерге ортоктош болосуздар деген ойдомун. Эки жолу төңкөрүш болуп бийлик алмашылганы менен эски калыптанып калган, башкаруу түзүлүшү ошол эле калыбында калып олтурат. Баягы эле шайлоо, баягы эле референдум, кызматтан кызматка которуу. Кимдер мурда тончон жүрүшсө азыр дале тончон жүрүшөт. Болгону эле карапайым калктын жылаңач кейпи.

Кыргыз мамлекети эртерээк өсүп-өнүгүп кетиши үчүн төмөндөгүдөй маселелерди Кыргызстандагы карыялар Курултай чакырып талкуудан өткөрүш керек.

1. Кандай гана мекеме, министрлик ачардан мурда алардын канчалык пайда зыяны эсептөө.

2. Болушунча мамлекеттин жүгүн жеңилдетип мекеме, министрликтерди мамлекетке салык төлөтүп, өзүн-өзү каржылаганга өткөрүш эң калыстык. Анткени алардын карапайым калктан эч айрымасы жок.

3. Айыл башы, квартал башыдан баштап президент, премьер, параментке, койчу мамлекеттик баардык кызмат оорундардын баарысы аукцион аркалуу сатылышы керек.

4. Элге керектүү кызматтардын баарысы кварталда, айылдарда ачылып өкмөт, акимчилик, губернатор деген түшүнүктөр жоюулат. Областты башкаруучулар болуп айыл башчылар, квартал башчылар, баардык элге керектүү кызматтардан бирден өкүл эсептелинет.

Булардын иш аракетин элдик курултай жыл сайын баалайт, элдин турмушуна карата.

2. Канааттандырарлык болсо дагы бир жылга калтырылып, канааттандырарлык болбосо таркатылып, жаңылары аукцион аркалуу шайланат. Эчкимдин башы оорубайт.

Шайлоо үчүн талаш-тартыш, пикет жоголот.

Баардык шайланган өкүлдөр өз тармагынын иш аракеттерине жооптуу.

5. Мамлекетте терең тамырлаган коррупциянын тамырын аларга карашы күрөшө турган бөлүм түзө койгон менен кесип салуу мүмкүн эмес. Сот, прокуратура, адвокат, тергөөчү, милициялар тармагындагы коррупцияны жоюуш үчүн алардын баардык бийлик баскычтарын кыскартып жөн эле сот, прокурор, тергөөчү, адвокат, милиция деп атап конкуренциялык негизде айылдарга, кварталдарга алып баруу жана аларды өзүн-өзү каржылаганга өткөрүү жакшы натыйжа бермекчи.

Сырткы интервенциялардан коргоно албайбыз, жада калса өзүбүздүн ала бакан, куу союул бир нече миң эле өз элинен коргоно албаган коргоо минстрлигинде, милицияда, армиялык, милициялык чиндер старшинадан ашпашы зарыл.

6. Кыргыз жеринин байлыгын элге журтка иштетүү үчүн, кен иштетүүдү уткан инвесторду ошол кен чыккан аймактын эллине, жерине төмөндөгүдөй иш долбоорлорду кендин элге тийер үлүшүнүн эсебинен аткарууга милдеттендириш керек. Темир жол салып, газ скважинасын олтургузуп газ мене камсыздап, бир багытка жүрө турган шоссе жол куруп, 9 бал жер титирөөгө туруштук бере турган көп кабаттуу үйлөр менен ар бир аймактын жашоочуларын камсыздоолору керек.

Кыргыз мамлекетинин жер байлыгы жогорудагыдай иш долбоорлорду аткарганга толук кубаты жетет. Сарамжалдуу пайдалана албасак өз убалыбыз өзүбүзгө Кыргыз эли, жерине.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

10-08-2012
Талас элине кайрылуу
21665

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×