Добавить статью
8:33, 10 августа 2012 21666

Талас элине кайрылуу

Урматтуу таластык агайын туугандар. Жаңы шайланган президент, жаңы өкмөт жана бардык аткаруу бийлиги канчалык жигердүү иштеп жатышканы менен карапайым элдин жашоо тиричилиги күн сайын кыйындап бара жатат. Муну Талас өрөөнүнүн ар бир карапайым үй-бүлөсү жон териси менен сезүүдө.

Өткөн 2011-жылы жыйналган буурчактын баасы мурдагы жылдарга салыштырмалуу өтө эле арзан болду. Картошка болсо сатылбай талаага төгүлүп бүкөн. Дыйкандар кандай тирилик кыларын билбей баштары маң. Өрөөнүдөгү элдин жашоо тиричилигине буурчак менен картошканын жардамы зор эле. Президенттен, өкмөттөн баардык аткаруу бийлигинен жардам болбоду.

Губернатор, аким менен өкмөттөрдүн башы оорубайт. Картошканы кошуна казак элине сатчы элек. Быйыл алар албай элдин башы ооруду. Төө бурчакты болсо алганга Түрктөрдөн башка эч бир эл кире албайт. Конкуренция жок ошондуктан түрктөр каалагандай бааны ылдыйлата алат.

Президенттин, өкмөттүн, парламенттин жана бардык аткаруу бийлигинин карапайым элден эмнеси артык. Алардын баары жалпы эл ач болсо ач болушу, ток болсо ток болушу керек. Оозу менен орок орушат, тили менен жер айдап баардык мезгилдүү айыл-чарба жумуштарын телерадиодон, массалык маалымат каражаттары менен 100 пайызга аткарышат. Чын жалган экенин элдин баары соп-сонун аңдап билишет, бирок унчугушпайт. Уялган кыздын бетин уялбаган кыз тырмап алгандай ан сайын күчөшүп жар салышат.

Чынды чын деп айтыш жакшы. Бийлик башындагылар жер иштетишпейт, мал багышпайт, завод, фабрика өндүрүш иштебейт. Миллиондон ашык эл чет мамлекетте жалданып иштеп жүрүшөт. Кыскасы Кыргызстандын карапайым элинин баарысы сыртка чыгып кеткен күндө дагы бийлик башчылары толук курамы менен иштеше берчүдөй. Жыйырма жылдан бери карапайым эл өзүн-өзү багып келе жатат. Бийлик башындагылардын өздөрүн өздөрү бага турган мезгили келди.

Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жемишин берет. Айыл башы, квартал башчылар маселени жеринде чечишет. Элге керектүү баардык кызматтар айылда, кварталда ачылышы жогорку учкашкан чиркешкендерн жоймокчу. Талас элине, жерине губернатор, аким, өкмөт деген баш оорудун кереги жок. Айыл башчылар, квартал башчылар жана иштеп жаткан кызматтардан шайланган бирден өкүл Талас дубанынын жергиликтүү өзүн–өзү башкаруучулары эсептелинет. Баардык кызмат орундардын пайда зыяны такталат. Шайлоо аукцион аркылуу өтөт.

Географиялык жактан Талас өрөөнү киреше бере турган темир жол шоссе жолдордон обочо жайгашкан. Талас эли, жери Кудайдын берген кен байлыктарынын эсебинен өсүп өнүгө алат. Бул кен байлыктарды сарамжалдуу пайдалана албасак бизге, Талас элине бир дагы президент, бир дагы өкмөт зор-зор иш долбоорлорду ишке киргизип бермекчи эмес.

Жер үйгө окшогон кен байлык жакынкы миң жыл да Таласта ачылбайт. Ак-Таш, Андаш, Чөңөр, Күмүш-Так, Шыралжын жана башка кен чыккан байлыгыбыздын жардамы менен Талас өрөөнүндө баштан аяк темир жол салып, газ скважинасын олтургузуп айылдарды, шаарларды көгүлтүр от менен камсыздап, бир багытка гана жүрө турган асфалть бетон жол куруп, 9 балл жер титирөөгө туруштук бере турган көп кабатуу үйлөрдү тургузууга болот. Жогорудагыдай иш долбоорлорду аткарып бере турган инвесторлор дүнүйөдө жетиштүү эле. Болгону интернет аркылуу дүнүйө элдерине кабар таркаташ керек.

Элге, жерге тие турган кендин пайызынын эсебине иш долбоорлорду аткарып алсак болот. Таластын эли, жери бөлүнбөй ынтымактуу болсок, өзүбүз үчүн көп иш аткара алабыз, болбосо кыйынчылытан башыбыз арылбайт. Биз үчүн башка эч ким күймөкчү эмес. Бийлик башындагылардын шайлоодон, референдумдан, түбү тешик казынасын бүтөгөндөн башка кыларга ши, саларга кушу жок.

Талас өрөөнүнүн элине «Кетиктин» белинен баштап «Чоң Капкага» чейинки жайгашкан Гранит, Мрамор деген баалуу таштар 1000 жылда дагы түгөнмөкчү эмес. Баалуу кендер иштетилип, Талас өрөөнүнүн элине, жерине кызмат кылуусу эң негизги шарт.

Чукул арада Талас дубанынын карыяларынын Курултайы чакырылып жогорудагы көтөрүлгөн маселелер талкуудан өтүшү керек. Атам замандан кыргыздын элин, жерин кариялардын эле кеңеши башкарып келген.

Курултай Талас дубанында эң жогорку башкаруу органы болуп эсептелинип, өткөн жылдагы аткаруу бийлигинин аткарган иштерин баалашат. Канааттандырарлык болсо баардык аткаруу бийлигин дагы бир жылга иш оорундарында калтырып, канааттандырарлык болбосо отставкага кетирет.

Жаңы шайлоо айыл башы, квартал башыдан баштап Дубан башчыга жери аукцион аркалуу өтмөкчү. Курултай жаңы-жылга иш пландардын тизмесин бекитип, кызматкерлердин айылы, сыйлыгын чектейт. ММК жана телерадиодон арыяланат.

Курултай боло турган айы жана күнү көрсөтүлөт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

10-08-2012
Карапайым калктын жылаңач кейпи
19764

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×