Добавить статью
6:38, 17 августа 2012 20980

Кайрылуу

Кымбаттуу кыргыз калкы !  

Республикабыздын   эң алыскы   аймагында   жайгашкан Лейлек   районунун   эли   акыркы мезгилдеги  саясий  чөйрөдө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү “Ата-Мекен” жана “Ар-Намыс” фракцияларынын далилденбеген дооматтарынын негизинде өлкөбүздөгү саясый туруктуулуктун бузулушуна жасаган аракеттерине өз   ой-пикирибизди  билдирүү менен  кутмандуу   кыргыз журтубузга   кайрылууну  туура   таап  олтурабыз.

Ырасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешиндеги фракциялардын депутаттарынын чечиминин негизинде Өмүрбек Бабанов башында турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз элинин саясый тынчтыгы, өсүп өнүгүсү үчүн жасап жаткан иш-аракеттеринин аткарылышынын абалын, мындан үч  ай мурда карап чыгып Жогорку Кенеште көпчүлүк жактырышкан.

Арадан эч канча убакыт өтпөстөн Өмүрбек Текебаев жетектеген “Ата-Мекен”, Феликс Кулов жетектеген “Ар-Намыс” фракцияларынын Өмүрбек Бабановко карата айтылган далилденбеген дооматтарын, жалпы кыргыз элине жарыялоосу мыйзам чегинде эмес деп эсептейбиз. Анткени мыйзам чыгаруучулар өздөрү кабыл алган мыйзамдарды одоно бузуусу, жөнөкөй элдердин тынчсыздануусун пайда кылуу менен өлөкөбүздүн бүлбүлдөп жанган шам сыяктуу орноп келе жаткан саясый тынчтыгына доо кетирүүдө.

Учурда Өмурбек Бабанов жетектеген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекетибиздеги оор  экономикалык   кырдаалдарга  карабастан, экономика тармагындагы өсүүсүнө ишенимдүү кадамдарды жасоодо.  Өлкөбуздү кайсыл жол менен  ийгиликке жетүү сырларын  жогорку денгээлде, реалдуу практикалык негиздерин  издеп, инвестиция  тартуудагы эл  аралык   келишимдерди  түзүүдө өзгөчө  дипломаттык  менен   иш-аракеттерди   жүргүзүдо.  Бул иш аракеттер элибиздин келечекке   болгон оптимисттик  маанайын жогорулатуу  менен эл-журт  ичинде саясий туруктуулукка умут жандыргандыгын баарыбыз  жакшы  билебиз.  

Урматтуу  кыргыз калайык-журт!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешиндеги “Ата Мекен” жана “Ар-Намыс” фракциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтунун иш аркеттерине карата так мыйзамдуу далилденген фактылар менен жалпы элге чыкса болмок. Бүгүнкү күндөгү таратылган маалыматтар элди болуп жарууга, саясый тынчтыкты бузууга жасалган аракет деп билебиз.

Азыркы учурда кыргыз элинин тилегени саясий туруктуулук жана тынчтык!

Ошондуктан жалпы кыргыз эли ишенич көрсөтүшкөн Жогорку Кенештин депутаттары жеке өздөрүнүн кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору коюу менен өлкөбүздө сайсый туруктуулукту бекемдөөнү, элдин эркин, тынч жашоосу үчүн шарт түзүүнү жакшыртууга багыттоосу абзел. Бул  биздин мамлекеттүүлүгүбүз жана келечегибиз   үчүн зарыл  нерсе.

Урматтуу кыргыз  эли!

Улуу  журтубуз,  ар  дайым тынчтыкта,  биримдикте жана ынтымакта болуусун тилейли!

Сиздерди урматоо менен Лейлек районунун “Республика” саясий партиясынын мүчөлөрү.

Кайрылууга Лейлек районунун “Республика” саясий партиясынын 34 мучөсү кол койгон.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×