Добавить статью
7:43, 27 августа 2012 19244

Ижарадагы саясий арена

Элибиз эгемендүүлүктүн жыйырма биринчи жылын майрамдаар мезгилде, «Ата Мекен», «Ар намыс» фракцияларынын депутаттары эки жылдын ичинде экинчи жолу түзүлгөн Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияны бузуу менен өлкөнүн, жыйырма үчүнчү премьер-министри ө.Бабанов башында турган өкмөттү отставкага кетүүгө аргасыз кылышып, министрлерге жакында бошойсуңар, кээ бирлериңер көтөрүлүсөңөр, айрымдарыңар ордуңарда каласыңар деген президенттин и.о өкмөт тууралуу жарлыгын чыгартууга жетишишти.

Биринчиден, өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыз кыла албаган өкмөт бийликти өз эрктери менен эле бошотуп берип, биз реформаларды жасаганга аракет кылдык, бирок элге сезилерлик ийгиликтерди жарата албадык, ошентсе да 100 күндүк программанын алкагында ачык конкурс аркылуу кызматка алуу сыяктуу бир топ алгылыктуу иштерди жасай алдык деп, элге өз отчетун берип туруп өз макулдуктары менен таркап кетишсе, анда булар «легендарлуу өкмөт» болуп тарыхта калмак. Бул өкмөт анте албады жана өздөрүн актоо жана мактоо менен акыры аягына чейин «кызмат үчүн баатырларча» күрөшүштү.

Экинчиден, өкмөт алмашса эле жашоо жакшы болуп кетет дегенге да такыр кошула албайсың анткени, бизде эң көп алмашкан бийлик аткаруу бийлиги болгон - өкмөт. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан тартып эле мурдагы өкмөттөр дагы экс-президенттерге жакпай калса, депутаттардын же элдин нааразычылыктарын басыш же кандайдыр бир саясий оюндар үчүн деле заматта садага чабылып келгендиги баарыбызга маалым. Жыйырма бир жыл ичинде Орто Азияда эң көп өкмөт башчысы бизде алмашыптыр. ө.Бабановду кошкондо 23 премьер-министр. өкүнүчтүүсү, ушунча көп премьер башында турган өкмөт жана андагы министрлер элге эмне кылып берди, арасында жакшы иштегендери, өлкө башчысы болгондору да болду, бирок көпчүлүгү өлкөнүн тышкы карызынын көбөйүшүнө гана салым кошпосо, башка жартылуу деле иш кылышкан жок. Ошол өкмөттөр жакшы иштегенде биз азыркыга чейин өнүгүү жолуна түшүп, Россиядан кредит, Кытайдан автобус, Казакстандан буудай сурап жүрбөйт элек. Мекендештерибиз аргасыздан Ата Журтун таштап мигрант болбойт эле. Мамлекеттин мүлкү таланып тонолуп, калганы арзыбаган пулга сатылбайт эле, азыркыдай өлкөдө 100дөн ашпаган мамлекеттин мүлкүн менчиктештирип алып, коррупциялык жолдор менен байыган бизнесмен саясатчылардын ордуна миңдеген же миллиондогон жарандарыбыз деле байгер турмушта жашайт эле. Андыктан, алдыда түзүлө турган парламенттик көпчүлүк болобу же, ал коалицияга кирбей калган оппозиция болобу айтор кимиси болбосун, өкмөттү садага чабуу өнөкөтүнөн кайтып, өкмөткө жаш кадрларды тартып, аларды тарбиялап, каталарын ачык айтып, аларды оңдоого убакыт жана жардам берүү сыяктуу парламент менен өкмөттүн ортосундагы кызматташуу жана көзөмөлдөө механизмдерин кайра карап чыгуу зарыл. Тескерисинче, жыл сайын эле отставкага айдоо өнөкөтү боло берсе, анда мамлекеттик бийлик жана кадрларды даярдоо системасын биротоло жок кылабыз жана тышкы саясаттагы аброюбуз жоголот, биздин премьерлерди эч бир мамлекеттин расмий бийлиги кабыл албайт, кызматташууну каалабайт. Мисалы, кечээги самиттегидей болуп расмий жолугуп, келишимдерге кол коюп, ишке ашырабыз деген убадасын берген министрлерибиз өнөктөштөрүбүз өз өлкөсүнө жеткиче, болгону милдет аткаруучу же, иштен бошоп калса анда ким биз менен кызматташат.

өлкөдө араңдан зорго токтогон «Кетсинизм» урааны кайрадан жаңыра баштады. Кетсе кетсин дейин десең келе турган «жаңы жүздөргө» жол жок болуп атпайбы, анткени АКШ «Манас» аба майданын ижарага алган сыяктуу биздин бир ууч саясатчылар «Кыргызстандын саясий майданын» белгисиз мөөнөткө ижарага алып алышкан сыяктуу. Булар өлкөнү 20 жылдан бери өнүктүрбөдү же өнүктүрүүгө дарамети жеткен жаш кадрларга жол бошотуп бербеди. 20 жылдан бери, бийликтен кетсин дегендер деле, кайра анча мынча бир эки, өздөрүнүн камчысын чаба турган өз кадрларды кошуп алып бийликке кайтып келчүлөр дагын баягы эле 100гө жетпеген экс-чиновниктер, депутаттар жана карт саясатчылар. Биздин эл бирде «Ганси» кетсин деп, бирде «Президент, Парламент кетсин» деп эле күн кечирип келе жатат. Айтор эч нерсе өзгөрбөдү, бул экс чиновниктерден жана бизнесмендерден турган саясий клан жаңыланбайын, бийлик алмашканы менен сумма дагы, жашоо дагы өзгөрбөйт окшойт, өзгөрсө эки төңкөрүштөн кийин өзгөрүп, бийликке «жаңы жүздөр» жаш кадрлар келет эле го. Бул жерде элибиз өздөрү да күнөөлүү себеби, талапкерлердин көбү акчалуу бизнесмендер а шайлоочулар болсо добуштарын аларга 5 жылга сатып жиберишет. Мандатты акчага сатып алган депутаттар өз бизнестерин өнүктүрүп, тууган уругун же партиялашын мамлекеттик кызматка коюп болсо да кеткен чыгымдарынын ордун толтуруу жана кийинки шайлоого каражат топтоо менен алек болот. Буга жыйырма жылдан бери депутаттык креслону менчиктештирип кесип кылып алган, мыйзам жазмак турсун ооз ачпаган балык депутаттарыбыз мисал боло алат. Эң кызыгы, бул депутаттар башка мамлекеттик бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын, иштөө мөөнөтүн мыйзам менен эң сонун чектешкен. Мисалы, азыркы Конституцияга ылайык бир жаран 6 жылга бир жолу эле президент боло алат. Парламенттик башкарууга өткөнүбүз менен бир жаран катары менен бир же эки эли жолу депутат боло алат деген чектөө жок, азыркы конституцияга ылайык көптөгөн ыйгарым укуктарга ээ. Ошондуктан депутаттар кааласа бири-бири менен саясий өнөктөш, каалабаса саясый душман боло калышып, башаламан парламенттик башкарууда оюна келгенин сүйлөп каалаганын жасашууда. Мыйзам боюнча депутаттар элге гана көз каранды болгонуна карабай, алар бири-бирине гана көз каранды, депутат партиянын лидерине, фракция депутаттарга, коалиция фракцияга гана көз каранды болгон партиялык өзүм билемдик, диктатура өкүм сүрүүдө. өкүнүчтүүсү үй-бүлөлүк диктатураны түп тамырынан жоет, өлкөдө саясий стабилдүүлүктү орнотот, экономикалык өсүштөр болот делген парламенттик башкаруунун ырынан чыры, уусунан чуусу көп экендиги, пайдалуу программалары эмес кайдагы компроматтары аркылуу элибизге саясий шоу тартуулагандан башка пайдасы аз болууда.

Кошуна Казакстан мамлекети Лондон олимпиадасында 12-орунду алган, жеңиш салтанатында Казакстан президенти Н.Назарбаев биздин бул жеңишибиз өлкөдөгү саясий стабилдүүлүктөн жана экономикалык өсүштөн улам болуп жатат деп айтты. А биз экономикадан же спорттон жокпуз... Биз бир гана ички саясий атаандаштыктан гана утуп келе жатабыз. Кыргыз саясатчылары 20 жылдан бери укмуштуудай саясий ийгиликтерге жетишүүдө, мисалга, Акаевди Австралиядан бир башы 3000 долларга сатылып келинген “Алтын кочкорлор” боюнча айыптап чыгышса, Бабановду болсо англис тукумундагы баасы асман чапчыган “Айлэндерван” аттуу аргымак боюнча айыптап чыгышып, малдарды дагы саясатка аралаштырышууда. Эл өкүлдөрүбүздүн мына ушундай саясий оюндарынын артынан жыйырма жылдын аралыгында экономикалык ийгиликтерге эмес, эки президентти кууп кетирген жана бир өткөөл президентти референдум аркылуу шайлаган, 23 премьерди алмаштырган сыяктуу саясий ийгиликтерге жетиштик. Эл үзүрүн көрбөгөн төңкөрүштүн, шайлоонун, депутаттын жана саясий интригалардын кимге кереги бар? Биздин ижарачы саясатчылар качан өздөрү отставкага кетишет? Саясий майданды жаштарга качан бошотуп беришет?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×