Добавить статью
11:14, 27 августа 2012 19401

Ош аэропорту качан оңолот же кайсыл жака барбасаң мамайдын көрүбү?

Иштеген кызматыбызга байланыштуу байма - бай Ош шаарына каттап турабыз. Учурда Бишкек-Стамбул авиакаттамына билеттин тартыштыгынан улам Түркияга ордолуу калаабыз Ош аркылуу учууга туура келип жатат.

Бизге маалым болгондой, эл аралык “Ош” аэропорту “Эл аралык “Манас” ААК структурасына филиал катары кирет. Бирок ошол эле “Манас” аэропортунан “Ош” аэропорту, “эл аралык” статусуна карабай айырмасы асман менен жердей. Бүгүнкү күндө “Ош” эл аралык аэропортунан жума сайын өлкөбүздүн төгөрөк бурчуна 42 рейс жана эл аралык 12 рейс учат. Үрүмчү, Новосибирск, Санкт-Петербург, Москва шаарына жүргүнчү ташып жана бул шаарлардан конок кабыл алат. Жакын арадан бери Стамбул шаарына да Түрк аба жолдору менен каттам ачылды.

“Ош” аэропортундагы жагдай сырттан келген конок тургай, өзүбүздүн мекендештерибизге жакасын карматып, оозун ачырган эң өкүнүчтүү абалда. Иштеген кызматкерлердин оройлугу, техперсоналдын бирдей униформада болбогону, аэропорттогу жабдыктардын эскилиги келген коноктордун жанында жер каратат, уятка калтырат. Ал эми учактан түшкөндөн кийинки багажды алуу процесси өзүнчө эле “аңгеме”. Машине бардык багажды жүктөп келип базарда картөшкө саткандай эле эшигин ачып туруп калат экен. Элдин баары жабалактап, сумкаларды тебелеп - тепсеп өзүнүн куржунун издеп жөнөмөй... Муну эми камерага тартып, атайын адреналин жетпей жаткандарга көрсөтүш керек. Жок дегенде, атайын дарярдалган жайга түшүрүп ошол жерден баштык, куржунун таратып берсе болбойбу? Көзгө көрүнө сумкелерди ыргытуу өнөкөткө айланган экен. Элдин баары карап турганда бирөөнүн сумкеси талп этип жерге түшүп калды, айдоочу эчтеке болбогондой эле кайра ыргытып кете берди. Учака түшкөнүңдө сага жазып берген орундукта башка эле бирөө отурат, аткени ага да ошол орундук жазылып берилген. Анан көрүп ал жер талашмайды...

Албетте каражат тартыш, экономикалык акыбалыбыз оор. Бирок “Манас” Эл аралык аэропорту ААКсы менчик мекеме. Киреше бөлүгү жааман эмес. Жок дегенде оңдоп түздөп койгонго каражат бөлсө болбойт беле? Инвестор келбейт эле, келбейт деп тызылдайбыз. Турист келсе болот эле деп кыялданабыз. Жүк машинесинен багажын алам деп, сумкасын эки бөлө айрып алган чет элдик конок өлкөбүз жөнүндө эмне деп айтып барат? Каражат жок экен мейли, бирок иштеген кызматкерлерге спорт шымы менен тапичке кийбе, конокторго орой мамиле кылба дегенди айтыш, каражат талап кылбаса керек? Орундуктарды оңдоп, сырдап кызматкерлерге коноктор үчүн жылмаю менен “кечиресиз” деген сөздү үйрөтүү үчүн канча каражат талап кылынат? Мейли кыргызга жылмайбай эле койсун, түңүлдүм, жок дегенде чет элдиктерге сылык мамиле кылса болбойбу? Анткени, четтен келген турист Эшмат, Ташмат деп айтпайт, кыргыз деп айтат. Бул жеке аэропорттогу кемчилик маселеси эмес экендигин, өлкөбүздүн аброю жөнүндө сөз болуп жатканын качан түшүнөбүз? Качан жана канткенде биз, жаранга кызмат кылуу аткаминер чиновниктин маанилүү милдети экенин аңдайбыз? Кыргызстанга келген конокту бушайман кылабай, тескерисинче кайрадан дагы бир ирет баш багуу сезимдерди калтырып узатканды үйрөнөбүз? Ошол эле аткаминерлер, аэропорттун жетекчилиги чет өлкөлөргө каттап жатса керек? Ошол жерде көргөнүн бул жерде иш жүзүнө ашырыш оорбу? Каражат даяр болсо 1-курс студентин алып барсаң деле иштетет. Негизги маселе тартыш болуп турганда проблеманы чече билүү жана колдон келгендин эң жакшысын аткаруу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×