Добавить статью
9:15, 29 августа 2012 16046

Азыркы парламент өз миссиясын аткарып бүттү

Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун парламенттик системасын орнотуу – бул Апрель Элдик революциясынын негизги максаттарынын бири болчу. Ал аткарылды. Ал эми парламенттик бийлик системасын орнотуунун эки жыл аралыгында азыркы Жогорку Кенеш өзүнүн миссиясын толук аткарып бүттү. Анткени, элдик революциянын шарапаты менен мандатка ээ болушкан бир топ парламентарийлер, парламент – бул партбосстордун эки-экиден мушташып, эфир аркылуу чапан жабышып элдешүүчү аренасы эмес экендигин, мамлекеттик кызмат орундарын чыпчыргасын коротпой бөлүп алчу койдун туш эти эмес экендигин жана парламенттик бийликтин мандаты курулай сөз сүйлөө гана эмес, эң жооптуу кызмат экендигин дагы эле түшүнбөй жаткандыктары, алардын иш-аракеттеринен улам ачык көрүнүүдө.

Азыркы Жогорку Кеңештеги кээ бир депутаттардын өз фракциясынан бөлүнүп алышы, фракция лидерлигинин таламайга түшүшү жана кызыкчылыгы, бир депутаттардын өз алдынча топторду түзүп алышы - алардын балалык ооруу менен ооруп күнү бүтүп бараткандыгын далилдейт. Ошондуктан азыркы парламенттен прогрессивдүү иш-аракеттерди, оңолуунун оң жолуна түшөөрүнөн үмүт этүү пайдасыз болуп калды.

Демек, президент А.Атамбаев көпчүлүктүн коалициясын түзүү үчүн КСДП фракциясына мандат тапшырганы менен андан майнап чыгаары арсар. Эгерде Жогорку Кеңеш депуттары эч кандай саясий тирешүүлөрсүз, элдин талаптарын туура кабылдап, өз ыктыярлары менен тарап кетүүгө кудирети жетсе, алар Кыргызстандын тарыхында парламенттик бийлик системасынын пайдубалын түптөгөн экинчи легендарлуу парламент атка коноору мүмкүн.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×