Добавить статью
9:28, 29 августа 2012 64950

Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоосу

31-августта Кыргызстандын баардык булуң-бурчтарында мамлекетибиздин желеги желбиреп, кыргыз эли өзүнүн эгемендүүлүгүн чоң салтанат менен майрамдайт. Ош шаарынын мэриясынын жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин атынан жалпыңыздарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгынын 21 жылдык маарекеси менен чын дилден куттуктайбыз!

Эгемендик бизге опол тоодой мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады. Кыргыз Республикасы деген эркин мамлекет пайда болду. Сырткы дүйнө менен түзмө-түз мамиле курууга байсалдуу жол ачылып, эл аралык байланыштын кулачы болуп көрбөгөндөй кеңейди. Республика жарандары ааламдын төрт бурчунда ээн-эркин жүрүүгө, саякат курууга, ишкердүүлүк жүргүзүүгө кеңири укук алды. Натыйжада, кыргыз жаштары да дүйнөлүк илим-билим таймашына катышып, башка элдер менен тең тайлашууга шыктуу, илим-техника жаатында акыл калчап, ой жүгүртүүгө таланттуу эл экендигин далилдеди.

Урматтуу шаардыктар! Биз куттуу шаарыбызды кайра баштан заманбап формада куруп чыгуу максатында колдогу баардык аракеттерди көрүп келе жатабыз. Ош шаарынын башкы планынын негизинде жолдорду кеңейтип, мыйзамсыз курулган курулуштарды, башаламан соода жана тейлөө жайларын иретке келтирип, шаардыктардын жана конокторубуздун ыңгайлуу жашоосу үчүн чечкиндүү кадамдарга бара алдык.

Дагы бир жолу жалпыңыздарды эгемендүүлүктүн 21 жылдык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Шаарыбызда ар дайым майрамдык салтанат жашай берсин! Ар бир үй-бүлөөдө жана ар бир эмгек жамаатында ынтымак-ырашкерлик өкүм сүрүп, кут-береке байыр алсын!

Майрамыңыздар менен!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×