Добавить статью
9:33, 29 августа 2012 48175

Улуттук хирургиябы же уюшкан коррупциябы?

Бишкек шаарынын чок ортосунда «Улуттук хирургия борбору» орун алгандыгы жаамы журтка маалым. Сыртынан карасаң заңгыраган 4 кабаттуу имарат. Ичине кирсең хирургиялык дарттардын негизинен бардык түрлөрү боюнча бөлүмдөрүнө эгедер анык оорукана катары сезилет. Бирок дарыланган маалда ичи эбак ириңдеп, ал ириңдер үстү үстүнө чогулуп жаткандыгын билесиң. Ошондо кайран «Кыргыз мамлекетинин» жок дегенде экономикасы эле алсырап, саясат жактан эле сасыбай, адамдын өмүрүнө өбөлгө болчу бирден бир «Улуттук» борбор атка ээ болгон өлкөдөгү эң ири ооруканасы дагы былжып калгандыгын аргасыз моюндайт экенсиң. Анда кеп кезеги башынан болсун. Албетте бул макалада журналисттик иликтөө, талдоо жасалган жок. Тек жаран катары дарылануу маалында байкалган көрүнүштөрдүн айрым өңүттөрү сүрөттөлдү жана пикирлерге орун берилди.

Аа дегенде эле 6 миң сом

Ден соолуктун айынан атайы ат арытып ордо калаага келүүгө туура келди. Алынган багыттама (направление дегени) боюнча улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнөн дарыланмакмын. Бирок «кыргызчылык» ойноп кетип, дартты дарылоо тагдыры улуттук хирургия борборго алып барды. Бишкекте август айынын жерге түшкөн ысык аптабы акактатып турган чагы экен.

-«Шартың кандай, эмне сурайсың, эмне дейсиң»,-дедим дарыгер менен бети калды ачык баарлашып. Анкени жан айлаң үчүн сен врачка күңкор, ал эми дарыгер сага үмүткор эмеспи.

«Мен сиз айткан дарыгерди тааныймын. Мен сыйлаган байкелердин бири. Ошондуктан эч нерсе сурабаймын. Балким чай ичебиз. Иши кылса өз көңүлүңүзгө жараша. Болгону ооруканага төлөнүүчү акчаларды төлөп коюңуз. Эртең менен ачка келиңиз, операция болосуз»,- деди ак халатчан.

Бирок, ага туугандар, үй-бүлө мындай чечимге каршы чыгышты. Ошентип эртеси дарыгерге азырынча операциясыз эле дарылана туруу чечимин угуздук. Анык кызыктын биринчи окуясы ошондон кийин башталды.

«Операцияга макул болбосоңуз мейлиңиз. Анда күйгүзөм. 6 миң сом бериңиз»,-деди кечээ таптакыр башка кеп сүйлөгөн кайран врач. Алчусун алды да бир маал күйгүзө баштады. Анын мага жасаган мамилеси эптен эле жүр нары, шашылыш абалга өттү. Эки күндө бир жолу жок дегенде акыбалды «кыргызча» ооз учунан сурап койгонго да жараган жок. Мен болсо күн өткөн сайын алсырап, баш айланып, көз караңгылаган акыбалга тушугуп бара жаттым.

«Эртең дем алыш күн, саат тогузда келиңиз» ,- деди ак халатчан дарыгерим. Мен пикиримди билдирдим. «Кечээ жарым сааттан ашык олтурдум. Эптеп үйгө бардым. Дарт болсо басылбай жатат. Балким жолдо бара жатып баш айланып жыгылып кетсем эмне болот. Ким жоопкерчилик тартат»,- дегенден кийин эсине келе түшкөн Гиппократтын антын алган врач: «Эмне жатасызбы» деген сөзгө келди. Ошентип Ала Тоонун атактуу борборуна жатып дарыланып калдым. Жаткандан кийин гана анализдер алынып, жан турпатынын аныктыгы айкындала баштады. Көрсө кандын гемоглобини менде болгону 72 көрсөткүчкө чейин төмөндөгөн экен. Ал эми ага карабастан дарыгер мырза операцияны жасап жибермек тура.

Мамакеев менен тең үстөл

«Абайлап олтургула дебесеңиздер, айрым оорулуулар жыгылып кетиши мүмкүн экен»,- дедим бир курдай анализ берип жатып, кыйчылдаган үстөлдөн аз жерден жыгылып кала жаздаган маалда. Анкени кудайга шүгүр, мага окшогондор басып жүрөбүз да. Ал эми кары-картаңдардын жана ар кандай курактагылардын, алардын арасында жап жаш кыз-уландардын эптеп басып жүргөнү ооруканада көнүмүш көрүнүш. Алар албетте денесинин бир жерин сөссүз сойдургандар.

«Эмне кылабыз, башка үстөл жок. Булар Мамакеев менен тең үстөлдөр, карып бүтүштү»,- деп улутунуп алды эмчи айым. Айтса, айтпаса төгүнбү дедим ичимден. Чынында баам салган адамга көптөгөн эмеректер ошондой акыбалга келгендиги билинди. Айрым жаздыктар, матрастар үлбүрөп эле калышыптыр. Темирдигинен эле кроваттар бир ордунда тургандай. Алардын да кыйласы адам олтуруп турганда «кыйчылдашып» үндөрү кудайга жеткендери жеткен. Жалпысынан алганда түзүлгөн шарт көңүл кубантаарлык эмес. Бир бөлүмдө бир гана муздаткыч коюлган. Ашкана тамак келген учурлардан башка сааттарда ар дайым жабык. Ал эми Улуу эмчи эжеке болсо күнүгө эртең менен, айрым күндөрү чочугансып түш маалда палаталарды кыдырып, байкуш кол алдындагыларды кырып-жоюп, оорулууларга бир сыйра бакырып алат.

«Чай кайнатып ичкенге болбойт, алгыла чайнектерди дебедим беле. Ким жаңы жатты, акчаңарды төлөгүлө. Эмнеге сотка сайылып турат», - деп жинин чыгарып кетет. Чайды кантип ичип турабыз дегендерде, ашканадан кайнак суу аласыңар деп арылдап коё берет. Бирок дарыланып жаткандардын ашканадан кайнак суу алуу тирүүнүн тозогу экендиги менен улуу эмчинин эч кандай башы оорубайт.

Мышыкка оюн-чычканга өлүм

Байкуш ыраматылык союз доорундагы система негизинде тейлөө маданияты сакталып калгандыгы эле болбосо, оорукана чынында «Улуттук» деген макамга жооп бербейт. Баягы эле өз иштерин дараметтерине жараша аткарган техникалык жумушчулар, айталы үч маал палатаны тазалаган пол жуугучтар, убагында ийнесин сайган, эмдеген эмчи айымдардын айрымдары гана толук кандуу иш үстүндө турушат. Минткен себебибиз, кээ бир медициналык кызматкерлер тамчылатмаларды оорулууга сайып коюп унутуп калгандары көп экен. Палаталарда басып жүргөндөр кайра-кайра чакырканда гана чуркамыш болуп келе калышат. Ал эми дарыгерлердин эртең мененки кыдыруусу эптеп эле «жөн салдыга» айланган. Алардын палатага киргенден чыккандары бат.

«Эмне болуп жатат. Сийе албай атам. Суюктук иче бергиле, сийесиңер! Аа ошентип атып эле айыгат». Негизинен врачтардын айткандары ушундай эле эки-үч ооз сөз. Болду анан чыгып кетишет. Айрым дарыгерлер болсо кызаңдап, араң турган оорулуулар менен урушуп, опулдап, аларга кыр көрсөтөт. Ошондуктан бейтаптар жалтаң, ашык сөз сүйлөгөнгө, арбын суроо бергенге батынышпаган абалга аргасыз кириптерленишет тура. Бир күнү «сокур ичегисин» алдырган жигитти алып келип биздин палатага жаткырышты. Башында жаздыгы жок, кейкейип жатып калды. Ага жаздык алып бере албай мен кызматкерлерден ар кандай сөз уктум. Бир маалда эмчи айым ошол жигитти «таңуу бөлмөгө» чакырып калды.

«Чоң кыз, бул бала азыр эле келип жаткырылды. Тура албайт да. Мында келип сойгон жерин караса болобу» дей коём деп, анын зирпилдеген кебин уктум.

«Иши кылса барсын да, врач айтып жатат», - деди кайран бир ак халатчан мед айым. Жигит айласыз ордунан козголуп, эптеп биздин жардам менен басып жөнөдү. Барсак болгон операция болгондор «таңуу бөлмөгө» кезекке туруп калышыптыр. Арасында айыгып калгандар да, жаңыдан операция болуп чыдай албагандар бар. Айтор «Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» акыбал.

Оорукана улуттук, жумушу менчикпи?

Албетте Улукмандын урпактарына жөнү жок доомат айтуу кудайга жагаар иш эмес. Канчалаган жарандар алтын колдуу ак халатчандардын айынан дарттарынан сакайышууда. Бирок тилекке каршы «Улуттук хириргия борбор» уюшкан топтун ооруканасына айлангандай. Ошондуктан бейтаптардын арасында:- бул борбор мамлекеттикти же менчикпи? - деген соболду пайда кылды. Мамлекеттик дейин десең ички дарылоо руху башка, менчик дейин десең сырткы тулкусу бөлөк.

Биринчиси, макамы менен Улуттук хирургия борбор өлкөдөгү эң башкы хирургиялык ооруларды дарылоочу бирден бир мекеме. Демек кандайдыр мааниде мамлекет каржылайт.

Экинчиси, жаткан оорулуулар баарысы кошумча төлөм акы төлөшөт. Андан сырткары жаны кыйналган адам анализге, айрым дарыга делинген дагы кошумча акчаларды төлөөгө кириптер.

Бирок мында сөссүз дээрлик врачтардын ооруп келген адамдардан акча талап кылуусу өнөкөткө айланган экен. Операция болушкан бир нече адамдар менен баарлашып, бирөөсүнүн дагы акча бербей эле операция болдум дегенин эшиткен жокмун.

«Мен дагы сүйлөшүү аркылуу келгенмин. Врач 7,5 миң сом сурады. Бергенбиз. Бирок ал операция кылгандан кийин эки күндөн кийин көлгө эс алганы кетип калыптыр. Азыр кандай кылууну билбей жатам. Башкалары көңүл кош карап кетишүүдө», - дейт 53 жаштагы чүйлүк бейтап.

«Биз балабызды бөйрөгүндө оорусу бар дегенинен улам алып келгенбиз. Бир нече оорукана, бейтепканага көрсөттүк. Акыры операцияга дешти. Уролог азырынча деп 10 миң сом сураган. Ал 5 миңи тиякка, 3 миңин врачтарга, 2 миң сомду операцияга деген. Операциядан кийин 5 миң сом берейин десем, ошону кантип бересиң, ушундай операцияга деп оозумду ачырды. Айла жок дагы процентке акча издеп жатам», - деп мунканат таластан келген жигит.

«Бул борборду мамлекет чындап көзөмөлгө алышы керек же болбосо менчикке айландыруу зарыл. Эмне үчүн өкмөт элди алдайт. Бюджеттен акча каралса, ооругандар кошумча төлөсө, ага болбой врачтар да алса. Мисалы мен бир жеке менчик ооруканага барсам, анализ алып, гемоглобиниңиз 83 экен, ал ордуна келмейинче операция кыла албайбыз деп койгон. Анан сааттай болуп ушул борборго келдим. Врач операция болбосо болбойт деди. Операция кылдырып, анан чөнтөктөн 5 миң сомго жакын акчага кан куйдурганга аргасыз болдук. Врач болсо 6 миң сурап анан операция кылган. Айтор бул борбор уюшкан паракор врачтардын уюгуна айланыптыр. Эмне үчүн адам өмүрлөрү буларга оюнчук болуп калган. Эмне үчүн 85 жашка чыккан Мамакеев дагы деле ушул жерде олтурат. Иштегенге жараша тартипти келтирип, жан айласы үчүн келген адамдарга жакшылык кылбайбы», - деп ачууланды Тоң районунун тургуну пайгамбар жаштагы аксакал.

Соңку сөз

Чындыгында менин деле Кыргыз Эл Баатыры Мамакеев аксакалга чейин тааныш салып дарыланганга мүмкүнчүлүгүм келмек. Бирок кадырэсе эл арасында дарыланып, иштеген ишим кабарчылык экендигине карабастан жогордагыдай кыйынчылыктарга, далысын салуу жөрөлгөлөргө тушуктум. Демек тиешелүү тармактар өлкөнүн саламаттыгын сактоону мындан ары нагыз кайра калыбына келтирүү үчүн иштөөлөрү зарыл деп белгилейбиз. Жогору жактан президент баш, өкмөт төш болуп коррупцияга каршы күрөш, алдыга карай умтулуу, мамлекетти оңдоо, каражаттарды үнөмдүү пайдалануу жана эмгек акыларды, пенсия, жөлөк каражаттарды көбөйтүү тууралуу канкакшап айтып келишет. Иш жүзүндө болсо барысы теңирден тескери экендигин бир эле борбор аркылуу кеп кылдык. Демек алдыдагы жаңы өкмөттүн алдында орчундуу иш-аракет кылуу вазыйпасы турат. А биз болсо УКМКнын алдында «Коррупцияга каршы күрөшүү» деген уюм барбы, бар болсо эмнени карап жүрүшөт? деген жалпы суроону дагы бир жолу алардын алдына коймокчубуз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
70908

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
58383

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
91130

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
63320

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
65028

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
71346

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
100667

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
168989

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
121690

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
113849

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×