Добавить статью
5:22, 30 августа 2012 14119

Кайрылуу

Кыргызстандын калкына

Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаевге

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына

КАЙРЫЛУУ

Жогорку Кеңештеги кээ бир фракциялар менен өкмөттүн ортосундагы саясый тирешүүдөн улам башкаруучу “Биримдик” коалициясы ыдырап, Өкмөт отставкага кеткени жалпыга белгилүү. “Биримдик” коалициясынын ыдырашына бир канча фактор себеп болду.

Акыйкатта өкмөт элибизге абадай зарыл болгон экономикалык жана социалдык реформаларды иш жүзүнө ашыра алган жок. Коалициялык өкмөттүн өлкөнү өнүктүрүү боюнча стратегиялык программасы кагаз бетинде гана калып, ал карапайым калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө жөндөмсүз болуп чыкты.

Өкмөт ашкере популизм менен шугулданып, кесипкөй адистерден турган бирдиктүү команда түзө албады. Тескерисинче, кадрларды тандоодо алардын кесипкөйлүк жана моралдык сапаты эмес, туугандык, партиялык-кландык жана жердештик жакындыгы чечүүчү роль ойноду. Натыйжада өкмөт мүчөлөрү арасында өз ара түшүнүүчүлүк жана биримдик жок болуп, ички тартип аксады.

Өкмөттүн чабалдыгынан улам бүгүнкү күнү улуттук экономика терең кризиске учурап, мамлекеттик бюджетте эбегейсиз чоң дефицит пайда болду. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2012-жылдын алты айында Ички дүң өнүмдүн көлөмү 7%, өндүрүштүн көлөмү 5,6% төмөндөгөн. Ал эми экспорт 36,7 пайызга төмөндөп, импорт 1,5 эсе көбөйгөн. Тышкы карызыбыз 3 млрд. АКШ долларына жакындады.

Акыркы кезде тамак-ашка жана күйүүчү майга баалар кескин өсүп, мамлекеттин дефолтко учуроо коркунучу ачык көрүндү. Аткаруу бийлигинин жигерсиз саясатынан улам калктын жону болуп көрбөгөндөй жукарып, ала жазда элетти жакырчылык менен жут каптады. Натыйжада карапайым калк менен бийликтин ортосундагы ажырым күндөн-күнгө терендеп, бүгүнкү тарыхый кырдаалда өкмөт толугу менен банкротко учурады.

Бирок, улуттук экономиканын бүгүнкүдөй кайгылуу абалына отставкага кеткен Ө.Бабанов жалгыз күнөөлүү эмес экени айдан ачык. Ушуга байланыштуу аны менен бирге иштешип, реалдуу өндүрүш тармагын тейлеген премьер-министрдин орунбасарлары жана экономикага жоопкер министрлер өз ишиндеги кемчилиги үчүн жалпы Кыргызстандын калкынын алдында жооп беришин талап кылабыз! Улуттук өндүрүш менен экономикабызды кризиске кептеген мындай “чечкинсиз” жетекчилер жаңы өкмөттүн курамына киришине биз караманча каршыбыз.

Урматтуу эл өкүлдөрү!

Учурда Жогорку Кеңештин алдында жаңы өкмөт куроо милдети турат. Ушуга байланыштуу биз учурдагы оор саясый-экономикалык жана социалдык кырдаалды кескин өзгөртүү максатында төмөндөгүлөрдү талап кылабыз:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинен жана Жогорку Кеңештен «Элдик ишеним өкмөтүн» түзүүнү;

2. «Элдик ишеним өкмөтүн» курамы кеңири масштабда түзүлүп, ага өлкөдөгү таланттуу экономисттер менен 2010-жылдагы кандуу апрель окуясына катышы жок жетекчилер тартылышы зарыл;

3. «Элдик ишеним өкмөтүнө» улуттук экономиканы жана өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталган кеңири ыйгарым укуктар берилиши зарыл;

4. Эски өкмөттө реалдуу өндүрүш жана экономика тармагына жоопкер жетекчилердин кайрадан мамлекеттик кызматка келишине жол берилбеши керек. Эгерде ал жетекчилер кайрадан жаңы өкмөттүн курамына кирчү болсо жер-жерлерде бийликке каршы нааразылык акциялары башталарын эскертебиз!

5. «Элдик ишеним өкмөтү» өлкөнү кризистен чыгаруучу “Антикризистик Программа” кабыл алып, анын аткарылышы боюнча Жогорку Кеңештин алдында ар бир айда ачык отчет берип турушу керек.

Ушул жагдайлар эске алынганда гана элдин бийликке болгон ишеними артып, саясый тирешүүлөр менен араздашуулар артта калат деп ишенебиз. Бул Кыргызстандын Улуттук Биримдигин арттырууга багытталган алгачкы кадам болмокчу. Аймактык ажырымга бөгөт болчу тарыхый бул учурду колдон чыгарып ийбейли!

Биз Кыргызстандын келечеги үчүн өлкө ичиндеги бардык саясий күчтөрдү, активдүү жаштарды, коомдук уюмдарды жана жалпы жарандарды «Элдик ишеним өкмөтүн» түзүүнү колдоого жана мамлекеттин биримдигин чыңдоого чакырабыз.

Бакубат, бирдиктүү жана күч-кубаттуу Кыргызстанды куруу биздин негизги максатыбыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×