Добавить статью
4:12, 3 сентября 2012 10455

Айжигитовдорго ачык кат

Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Абдурашитович Айжигитов жана инилери Чуй облустук сотунун торагасы КРнын соттук кенешинин торагасы Дастанбай Абдурашитович Айжигитов,Жалал Абад райондор аралык сотунун судьясы Арстанбай Абдурашитович Айжигитов, Баткен облустук сотунун судьясы Бостонбай Абдурашитович Айжигитовдорго ачык кат!

Урматтуу Султанбай Абдурашитович!

Канткен менен да Сиз, Сиздин ини-агаларыңыз журт ичинде кадыр-баркы бар, эл арасында “төбөсү көрүнгөн” кыргыздын мыкты уллдарынансыздар. Эл үчүн жасап жаткан жакшы иштериңиздер элге, эл ичинде мага да жакшы маалым, аныңыздарга ыраазы болом, сиздерге жердеш экениме, замандаш экендигиме компоюп, ичимден сиздерди сыйлоо сезимим бар.

Бирок мени бушайман кылып мээмди жеп жүдөткөн, менин сиздерге кайрылууга муктаж кылып жаткан Сиздердин эжекеңиздер Шааркан Сапарованын мага карата чектен ашкан, эч логикага сыйбаган жалаа, ошол жалаа экендигин билип, көрүп туруп “кол ийрисине тартат” болгон жалпы Айжигитовдордун мамилеси болуп жатат.

Аттиң дейсиң.

Элге төбөсү көрүнгөн, жакшы аттуу жигиттердин аброюна көлөкө түшүрүп жаткан эжекесинин жоругуна кой деп коё албаган тууганчылык сезимден аттап өтө албаган жоругуңарга ичим бышат.

Сөз башынан болсун.

Мен Баткен облусуна жетекчи болуп келгенде эжекеңиздер Шааркан эже Баткен райондук архивинин жетекчиси болуп иштеп турган экен.

Бирок мен келгенге чейин эле, 2003-жылы Борборду архив кызматы тарабынан Шааркан эже архивдин ишин эрежеге ылайык уюштура албагандыгы, жарандарга иш стажы жана айлык маянасы тууралуу маалымат берүүдө “көз боёмочулукка” салып, документтерде жок сумманы көрсөтүп жалган маалымат бергендиги ашкереленип Коллегиянын чечими менен “сөгүш” жарыяланган экен.

2005-жылы Борбор тарабынан кайрадан текшерилип, иштерди оңдоо боюнча эч иш аткарылбагандыгы, жалган маалымат берүү улантылып жаткандыгы аныкталып иштен бошотуу тууралуу буйрук чыккан экен. Сиз аны жакшы билесиз Султанбай Абдурашитович, анткени Сиздин кийлигишүүнүз менен эже кызмат ордунда калган.

Ушундай шартта мен облустук архивге жетекчи болуп келдим. Борбордун ишти оңдоо боюнча талабын аткаруу үчүн эжеге болгон өтүнүчтөрүм ал киши тарабынан абдан оор кабыл алынып, мени, облустук архивдин башка жетекчи, кызматкерлерин сөгүп-сагып, ал эмес кол салууга чейин барды. (Өзүңүздөр жакшы билесиздер биздин эжекелерибиздин сөз байлыгы бул жагынан дүйнөдө биринчи орунда турат болуш керек).

Баарынан жаманы мамлекеттик мекеменин иши үзгүлтүккө учурады. Жалган маалыматтарды берүү, пара алуу улантылды. Райондук архивдин жетекчисинин оройлугу, ишти билбегендиги тууралуу арыз облустук архивге, борборго “жаап” турду. Биз, Борбор тарабынан укук коргоо органдарына болгон кайрылуулар Сидердин тикелей кийлигишүүнөр мененби же “кошоматка кой сойгондордун” өз демилгеси менеби жоопсуз калды, анын ордуна эженин өзүм билемдиги башынан ашып, мен, облустук архивдин кызматкерлери тууралуу ойлоп чыгарылга жалаалар жаап турду.

2009-жылы Борбор тарабынан райондук архив текшерилип, 2 минден ашык мамлекеттик сактоодо турган документ жоголгондугун, райондук архивдин архив эрежеси сакталбагандыгын, Сапарованын ишке жөндөмсүздүгүн, кадр маселеси боюнча орой кемчиликтерди тастыктаган. Иштен бошотуу жөнүндо буйрук чыккан. Ошого карабастан эже дагы эле “оорубаган күндорү “иштемиш болулуп” мага каршы болбогон “жомокторду” ойлоп таап ( анткени быйыл 6 ай ичинде эле 90 күн ооруп жумушка чыккан эмес) облуска чаң салып жүрөт.

Эженин “ооруп” калганы да “дайыма өз убагында”. 2001 ж.,2003 ж. жана 2005 –жылдары “ооруп калгандыгына” байланыштуу аттестациялоого келбей, 2008-жылы да аттестациядан отпой калгандан кийин “ооруп калгандыгы” жонундо маалымкат алып келген. Борборго чакырылса, Борбордон кызматкерлер келип ишин текшертсе эле “ооруп калат” Текшерүү чечим чыгаргандан кийин “мен ооруп жатканда туура эмес текшериптир”, деп сотко берет.Калганы белгилүү Сиздердин кийлигишүү мекен же Сиздерге көз карандылардын жеке демилгеси менен ал эженики туура деп чечим чыгарып берет. Бул бир эле жолу болсо мейл деп койсо болот эле бирок мындай иштер эженин иштөө принцибине айланып жатпайбы.

Анын үстүнө Баткен райондук архивинде бугунку кундо бир тууган таякениз Жээналинин баласы Жээналиев Акбардин аялы Жээналиева Басаат ,баласы Жээналиев Кубаныч,анын аялы Койлубаева Акмырза жана ининиз Азамат Айжигитовдун баласы Азамат уулу Акимжан бири кетсе бири келип эле мамлекеттик ишкананы менчигине басып алган.

Эженердин, башка туугандарыңыздардын жосундарын жакшы билесиздер. Санап отурса адм эмес жазылган кагаз уялат.

2011- жылдын 2- декабрында облустук мамлекеттик архивге Мамлекеттик каттоо кызматынан текшерүү келген. Алар менен райондук архивге 14. 30 бардык эле. Иш ордунда Ш. Сапарова да, райондук архивдин башка кызматкерлери жок болуп чыкты. Болгону бир гана архив кызматкери А. Койлубаева бар экен,. Ал башка кызматкерлердин кайда, эмне кылып жүргөнүн, эмне себептен кызмат ордунда жок экендигин түшүндүрө алган жок. Улам чакыртып жатып бир саат мезгилден кийин Сапарова ошол учурда декреттик отпускада жүргөн кызы Бектурсунова Гүлзаттын коштоосунда келди. Келип эле оозго алгыс уят сөздөр менен мени сөгүп, актыны жана түшүнүк каттарды жулуп алып тытып таштады. Кызы Бектурсунова столдун үстүндөгү архив документтери тигилген китептер менен мени башка койгулап, «мои дяди тебя скоро уничтожат» деп кыйкырганынан мен качып кутулдум. Эн кызыгы куболор баягы эле бир тууган таякениз Жээналинин баласы Жээналиев Акбардин аялы Жээналиева Басаат ,баласы Жээналиев Кубаныч,анын аялы Койлубаева Акмырза .

Бирок эң жийиркеничтүү жорук жээниниз Бектурсунова Гулзат эч уялбай “облустук архивдин директору мени урду, менин боюман түшүп калды”, - деп кайдандыр сот экспертизасынын жалган справкасын алып, менин үстүмдөн райондук укук коргоо органдарына жалаа жапканында болуп жатат. Мен бир канча жолу сот экспертизасынын жалган справкасын ишенбеймин деп кайрадан комиссиялык негизде соттук медициналык экспертиза тузуп карап беруусун сурансам да прокуратура кызматкерлери уруксат бербей качан гана Баткен райондук соттон аныктама чыгарып Бишкеке Республикалык комиссиялык негизде соттук медициналык экспертизага текшерууго жоноттук.. Жакында Республикалык комиссиялык негизде соттук медициналык экспертиза Бектурсунованын озу жана боюндагы баласы ,(азыр торогон)жабыр тарткан эместигин аныктап берди.

Укук коргоо органдары болсо эжениз Ш. Сапарованы, жээниниз Бектурсунованы биринчи көрүп жаткансып мени күнөөлүү кылгандай аракети бар. “Уялбагандан өзүң уял” дейт элде.

Аял кишиге , андан да боюнда бар аял кишиге кол көтөргөндөй мен акмак эмес экендигимди, эжениз Ш. Сапарова милиция кызматкери, кызы (Бектурсунова Гүлзат экөө атайлап уюштурганын далилдеп жатып чарчадым.

Дагы бир иниңиз Азамат Айжигитов 2010-жылы архивде Баткен областык архивинин директорунун орун басары болуп иштеп журуп 80 ден ашык жасалма маалымкат жасагандыгын учун жумуштан бошоп, финполиция кызматкерлери тарабынан кылмыш иш козголуп, мамлекетке жарым,миллионго жакын зыян келтирилгендиги аныкталган. Арийне Сиздер турганда, сотко жетпей иш кыскарып кетиши демейдеги эле иш да.

2010-жылдын 12-апрелде эжениз Ш.Сапарова, ининиз А. Айжигитов баш болуп аялы, балдары ,кайнилери ж.б. Баткенде белгилуу кримтоптун балдары жана Баткенде ОБОНдун башчысы Талипова Анипа (Самаркандек заставасында жоокердин атылышына катыштыгы бар деп 18 жылга камалган)болуп мени кабинеттен кууп чыгып, ачкычты тартып алып, менин ордума ининиз А. Айжигитовду эч кандай буйруксуз директор деп олтургузуп кеткен. Кийин, оо көптөгөн убара менен Борбор кийлигишип жатып араң калыбына келдик.

Өткөн жылдын 15-18- ноябрында Бишкектен Архив агентигинин директорунун буйругу менен келген 6 кызматкерден турган комиссияда уч кун текшерилип ошол кундору жумуш ордунда жок Ы. Ысмаилова, Азамат уулу Акимжан (иниси Азамат Айжигитовдун баласы) тууралуу акт түздүк. Жумуш орундарында жок болуп чыккан райондук архивдин башчысы Ш.Сапарова, Ы. Ысмаилова, Азамат уулу Акимжандарга акт жазып, себептерин аныктамайынча ошол күндөр үчүн акысын кармап калуу тууралуу буйрук чыгардым.

Андан да Сапарова 10 айдан бери Россияда иниси Азамат уулу Акимжанды иштеп жүрөт деп акчасын өзү алып жүргөнүнүн, жумушка чыкпай эле айлык алып жургөн дагы бир тууганыңар Ы. Ысмаилованы аныктап, акчасын төлөтпөй койсом Эжекеңер арыз жазып, облустук прокуратурага менин устумдөн кылмыш иш козгоп, Баткен райондук сот мени 2 жылга жетекчилик кызматтарда иштебесин деп"кеменгер" чечим чыгарып берди.

Деги ойлонуп көрүңүздөрчү! Тууганчылыктын да, аксымдыктын да чеги болуш керек да. Эми 10 ай иштебей, болгондо да Россияда жүрсө, иштебей маяна алам десе, мен “андай кылган болбойт акча берилбесин” десем, сот менен прокуратура сенин кылганың кылмыш деп мени кесип жатса деги ушул акылга сыйчу жорукпу.

Бул Сиздердин эжекеңер баштаган топтун жоруктарынын кичине гана бөлүгү. Эжекенин “ишмердигине” тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү бир эле томду түзбөйт.

Дагы эле болсо кыргызга аты көрүнүп калган жигиттердин аброюна көлөкө түшүрүп жаткан туугандарынын жоругуна ичим ооруйт. Өз кызыкчылыгын көздөп мамлекетке зыян келтиргендер, акылдуу жигиттер Айжигитовдордун туугандары деген сөзгө өзүм көрбөсөм ишенмек эмесмин.

Акылдуу жигиттерсиңер.

Чектен чыгып кеткен эжекеңерди, туугандарыңарды кой деп коюуга, Сиздердин кошоматыңарга “кой эмес адилеттүүлүктү союп” жаткан “жакшы санаалаштардын” тизгинин тартууга эркиңер да, акылыңар да жетет депген ишеничтемин.

Урматтоом менен, Баткен облустук мамлекеттик архивинин директорулугунан убактынча четтетилген Ахмедов Камалидин

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×