Добавить статью
6:59, 5 сентября 2012 71262

Азыркы кыргыз өкмөтүнүн 40%ын «Ак жолчулар» түзүшөт

Парламенттеги фракциялар «Ата Мекен», «Ар-Намыс», КСДП фракциялары парламентке сунуштап жаткан өкмөт мүчөлөрүнүн алдын ала тизмесин жарыялашты. Аталган фракциялар «Ырыс алды - ынтымак» аттуу коалицияны түзүп, коалициялык өкмөттү түзүүштү десек болот.

Тилекке каршы, КР баш мыйзамынын төртүнчү бөлүмү «Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу бийлиги» 70-беренесинин 3-пунктунда Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга биригишет. Жогорку Кеңеште фракциялардын коалициясын түзгөндүгү жөнүндө расмий жарыялаган, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция, же фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүк болуп саналат. Парламенттик көпчүлүктүн курамына кирбеген жана ага карата өзүн оппозиция катары жарыялаган фракция, же фракциялар парламенттик оппозиция болуп саналат деп көрсөтүлгөн.

«Ырыс алды-ынтымак» коалициясына кирген үч фракция жана коалицияга кирбеген «Республика» жана «Ата-Журт» фракциялары да мыйзамды тепселешүүдө үч фракция өздөрүнө кошуп баш мыйзамда жок депутаттык топторду кошуп алышты. Бир мезгилде «Ар-намыс» фракциясынын депутаттык тобу коалцияга киребиз дегенде Ө.Текебаев баш мыйзамда фракциялар гана кирет деп ММКдан түшпөй калган болчу, эми өзү үчүн мыйзам бузса унчукпайт. СССР убагында кой куут мезгили башталганда кочкорлорду убара кылбай эле жасалма жол менен койлорду кууттан өткөрчү. Ошого окшоп жасалма оппозиция болгон «Республика», «Ата-Журт » өздөрүн конституцияга ылайык оппозиция деп жарыялганга жараган жок. Булар да чоң акырдан жем жеп көнгөндөр оппозиция болуп жарытышпайт.

Тилекке каршы, «Ата-Журт» партиясынын лидери К.Ташиев оппозициядан кайтышкандыгын жарыялашты. Ал эми «Республика» фракциясы болсо уялбай мурдагы Өкмөттөгү орундарын бербей басып жатышат. Мындайча айтканда парламенттик өлкөдө жана системада жашап жатканыбыздан кийин парламентке эл ишенип шайлаган жана шайлоодо жеңген партиялардын ичинен татыктуусу өкмөт башына жана анын курамын түзүшү керек. Биз парламенттик башкарууга даяр эмес экенибизди жана партияларда кадыр маселеси кризис экендиги «Ырыс алды -ынтымак» коалиция тарабынан сунушталып жаткан өкмөт мүчөлөрүнүн алдын ала тизмеси тастыктап турат. Премьер-министр — Жантөрө Сатыбалдиев (КСДП) «Бакубат Кыргызстан» партиясынын лидери, 1-вице-премьер-министр — Аалы Карашев (КСДП); «Ак-Жолчу», Экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев («Ата Мекен») «Менин Өлкөм» партиясынын лидери, Социалдык тармак боюнча вице-премьер-министр — Камила Талиева («Ар-Намыс») партияларда мүчө эмес, Экономика жана монополияга каршы министри — Темир Сариев (КСДП), «Ак-Шумкар» партиясынын лидери, Ички иштер министри — Зарылбек Рысалиев (КСДП) эч партияда мүчө эмес, Саламаттыкты сактоо министри — Динара Сагынбаева (КСДП) бир партияга да мүчө болгон эмес, Билим жана илим министри — Канатбек Садыков (КСДП) экс «Ак-Жол», Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри — Алиасбек Алымкулов (КСДП) партия мүчөсү эмес, Транспорт жана коммуникация министри - Калыкбек Султанов («Ата Мекен») бир партияда да жок, Юстиция министри— Алмамбет Шыкмаматов («Ата Мекен») бир гана ушул «Ата-Мекенчи»,Социалдык өнүгүү министри — («Ата Мекен»)?, Каржы министри— Ольга Лаврова («Ар-Намыс») партияда жок, Айыл чарба жана мелиорация министри — Чынгысбек Узакбаев («Ар-Намыс») партияда жок. «Республика» фракциясы (экс «Ак-Жолчулар») Конституциялык түзүлүштү бузуп басып алган министирликтер Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси, Энергетика жана өнөр жай министри, Тышкы иштер министри, Өзгөчө кырдаалдар министри, Маданият жана туризм министри, Коргоо министри (президент тарабынан дайындалат). Ал эми Азыркы «Ырыс алды-ынтымак» коалициясында Кыргыз Өкмөттүн курамындагы мүчөлөрдүн 50 % ы парламенттеги партиялардын мүчөлөрү эмес болсо, 40% пайызын «Ак-жолчулар», парламенттеги партиялардын ичинен 5% ти түзөт. түзүшөт. Анда эмнеге 7-апрелди элдик ыёкылап күнү деп майрамдап жатканыбыз бекер экен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×