Добавить статью
10:34, 11 сентября 2012 27325

Биз бирге өнүгөбүз

Берекелүү күздүн алгачкы айында Жалал-Абадда “Өнүгүү” кыймылынын айыл-чарбасындагы жаңы инновациялык көргөзмөсүндө жети областтын аймактарынан айыл чарба өкүлдөрүн чакырып, кыймылдын кыска убакыт ичинде аткарган иши тууралуу отчет берип, алдыдагы максаттар жөнүндө пикир алмаштык.

Акыркы кезде ар бир эле иш саясаттын торуна чалынып, саясатташып кеткен. Дыйкандарга жардам көрсөтүү менен кандайдыр бир саясый утушка ээ бололу деген ойдон алыспыз. Биз дыйкандарды адилеттикке, ак эмгекке чакырабыз. Болгон күчүбүздү эл кызматына жумшап жатабыз. Болбосо, чоң-чоң имараттарды, үйлөрдү салып, аларды ижарага берип, же соода комплекстерин куруп, кафе, ресторандарды, мейманканаларды иштетип, өз кызыкчылыгыбызды, өз чөнтөгүбүздү ойлосок болот эле. Бирок, биз башка жолду тандадык. Элибиз бири-бирин колдоп, бирге өнүкпөсө, өлкөбүз эч убакта өнүгүп-өсө албайт. Биз терс көрүнүштөрдөн, ойлордон алыс болууга тийишпиз. “Өнүгүү” кыймылы “Мен сага жардам берсем, сен кошунаңа жардам бер” деген принципте иш алып барат. Элге жардам көрсөтүү биздин милдетибиз.

Азыркы учурда кыймыл ишмердүүлүгүн алты багытта жүргүзүп келе жатат:

1.Айыл жана мал чарбасын өнүктүрүү.

2.Саламаттыкты сактоо.

3.Билим берүү жана маданият.

4.Курулуш тармагы.

5.Спорт жана улуттук оюндарды өнүктүрүү.

6.Энергетика тармагы.

Ушул тармактарда аткарылган иштерге токтолуп кетсек.

1.Айыл жана мал чарбасы

Биздин Кыргызстаныбыз – агрардык өлкө. Кыргыз эли кылымдардан бери дыйканчылык кылып, мал багып, элге кеңири тараган иш тажрыйбаларды топтоп келген. “Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” дегендей коом дагы, мезгил дагы өзгөрүп турат экен. Андан тышкары, адамдардын саны көбөйүү менен, аларды азык-түлүк менен камсыз кылуу маселеси жылдан жылга курч болуп турган чагы. Демек, биз азыртадан баштап, айыл чарба тармакты өнүктүрүү, чакан айдоо аянтынан мол түшүм алуунун үстүндө эмгек кылуубуз керек. “Куру сөз курсак тойгузбайт” деген сөз бар элибизде. Биз куру сөз айтып отурбай, оюбузду даана ишке ашыра баштадык.

Быйылкы жазгы талаа жумуштарында Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы райондорундагы 2250дөн ашуун дыйкандардын 3670 гектарга жакын үлүш жерлерин айдап-себүү жумуштарында арзандатылган баада кызмат көрсөтүлүп, элдин 3 млн. 700 миң сом акчасы үнөмдөлгөн.

Кыймыл 500гө жакын дыйкандардын 315 гектардан ашуун эгин талаасын культивациялап, жер семирткичтерди себүү иштеринде чоң кызмат көрсөттү.

Ошондой эле май айынан тартып, азыркы күнгө чейин 1259 дыйкандардын 1536 гектардан ашуун беде-чөптөрү орулуп, 1682 дыйкандын 173 472 даана беде-чөбү пресстеп жыйналып, 17 млн. сом суммадагы тоют даярдалган.

«Өнүгүү» кыймылы бир гана айыл чарбасында кызмат көрсөтүү менен чектелбестен дыйкан-фермерлерди заманбап техникалар менен тааныштыруу, дыйкандардын билим деңгээлин көтөрүү максатында окуу-семинарларды өткөрүүдө. Семинарга Белорусия мамлекетиндеги трактор заводунун адистери чакырылып, дыйкандарга жаңы техникалар боюнча кеңири маалымат берилди.

Жалпысынан алганда айыл чарбасы боюнча 5 райондун 5691 үй-бүлөсүнө түрдүү кызматтар боюнча жардам көрсөтүлгөн. Мал чарбасын өнүктүрүүгө да көңүл буруп, «Мал ылаңдарын алдын алуу жана сапаттуу дарылоо» деген теманын алкагында семинар уюштурулду. Анын жыйынтыгында жеке ветеринарлар ассоциациясын түзүү жана бул тармакты колдоого алуу маселеси каралды. Малдын түрдүү ооруларга чалдыгуусу курч маселе экендиги белгилүү болду.

2.Саламаттыкты сактоо

«Өнүгүү» кыймылынын экинчи багыты саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү. Бул багытты жүзөгө ашыруу үчүн «Биздин камкордук - улуттун ден-соолугу» деген ураандын алкагында жүрөк-кан-тамыр ооруларынын себептерин изилдөө пландаштырылган. Пилоттук ыкмада Чүй облусунун Кант шаары жана Орловка шаарчасы тандалып алынып, 1775 адам изилдөөдөн өтүп, ага кеткен чыгымдын суммасы 821 миң сомду түздү. Бул долбоор «Өнүгүү» кыймылы тарабынан каржыланды.

Андан сырткары «Өнүгүү» кыймылы өлкөнүн алыскы жана тоолуу райондорунда жашаган калктын саламаттыгына кам көрүү максатын көздөп, ар бир райондун ооруканаларына демөөрчүлүк көрсөтүп келүүдө. Мисалы, Аксы райондук, Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаардык аймактык ооруканасынын бирден палатасы заманбап ремонттон өткөрүлүп, дарылануучуларга баардык ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Бул жерде социалдык жактан турмушу оор адамдарга акысыз кызмат көрсөтүлөт.

3. Билим берүү жана маданият

«Өнүгүү» кыймылынын үчүнчү багыты билим берүү жана маданият тармагын өнүктүрүүнү колго алуу. Бул багытта атайын «Кино аркылуу - билимге» долбоору иштелип чыгып, анын биринчи баскычы Жалал-Абад областынын баардык аймактарында алгачкы ишин көрсөттү. Анын тарбиялык мааниси көркөм тасмаларды тартуулоо менен жаштарды туура жолго тарбиялоо жана улуттук идеологияны калыптандыруу болуп эсептелет. Мындай ыкма жаштарды тарбиялоого жакшы натыйжа берээрин турмуш өзү тастыктап жатат.

Азыркы технологиянын өнүккөн заманында алыскы тоолуу аймактардагы мектептерди компьютер менен камсыз кылуу иши алдыда турат.

4. Курулуш тармагы

«Өнүгүү» кыймылынын курулуш багытында калк жайгашкан өзгөчө кооптуу жагдай жараткан жерлердин алдын алуу, ички чарба жолдорун, көпүрөлөрдү калыбына келтирүү жумуштары да жасалууда. Мисалы, Сузак, Базар-Коргон жана Аксы райондорунда «Өнүгүү» кыймылынын техникалары менен айылдын чарбалык жолдору оңдолду, калыбына келтирилди, сел арыктары тазаланды, селден жабыр тарткан жарандардын турак-жайларын оңдоп-түзөөгө акчалай жардам көрсөтүлдү.

Ондон ашык жаш үй-бүлөнүн турак-жай салуусунда биздин техника аркылуу шагыл жана топурак түшүрүлүп берилди. Биздин өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн жаш үй-бүлөлөргө ар дайым жардам берүүгө даярбыз.

5. Спорт жана улуттук оюндарды өнүктүрүү

Спорт жана улуттук оюндарды өнүктүрүү багытында «Көк бөрү» оюну уюштурулуп, кеңири таралып жатат.

Ал эми «Жаштарга таза ден-соолук, келечекке татыктуу жол» долбоорунун алкагында «Жаңы муун» спорт клубу ачылды, 500дөн ашуун жаштар спорттун бокс жана эркин күрөш түрлөрү менен машыгып жатышат. Бул спорттук клубдун тарбиялануучусу Жеңишбек Мамытбеков эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар арасында чемпиондукка жетишти. Келечекте Азиялык жана Дүйнөлүк олимпиадаларга катышууга жаштарды даярдап жатабыз.

Ошондой эле айыл жаштарын спортко жана ынтымактуулукка үндөө максатында волейбол, кичи-футбол жана Ордо оюндары боюнча мелдештер уюштурулду.

Жогоруда эмне иш аткарылганы тууралуу кеп кылсак, эми алдыда пландап жаткан иштерге токтолсок. Түшүмдүүлүктү жогорулатуу, убакытты жана чыгымды кыскартуу максатында, жаңыча иш ыкмасын колго алып жатабыз. Өзүңүздөргө маалым болгондой айдоо аянттары иретсиз пайдаланылып, эгиндер баш-аламан эгилип, түшүмдүүлүк жылдан-жылга төмөндөп, жерлердин асылдуулугу жоголуп баратат. Мына ушуларды эске алып, биз Сузак районунун Кызыл-Туу айыл округунан дыйкандардын 50 гектар үлүш жерлерин өз макулдугу менен бириктирип, кооператив түзүү ишин колго алдык. Андан тышкары, 50 гектар жерди ижарага алып, ал жерлерге буудай гана эмес, жүгөрү жана күн карама айдап, бир жылда 2 жолу түшүм алууну сыноодон өткөргөнү турабыз. Эми бул кооперативдин жерлерин Силер бүгүн күбө болуп турган жаңы техникалар менен иштетип, үрөөн сээп, инновациялык ыкмаларды колдонуп, сапаттуу үрөөн менен камсыз кылып, бул иштин жыйынтыгын бирге көрөлү деген максатыбыз бар. Мисалы, 23-сентябрь күнү Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүндө 45 га жер аянтына Силер күбө болгон технологияларды колдонуп жаңы ыкма менен буудай эгип жатабыз. Сиздерди ушул күнү келип тажрыйба алмашып кетүүгө чакырабыз. Бул ишти баштоо үчүн мыкты адистер, агрономдор, механиктер ж.б. мыкты кесипкөй инсандар тартылат. Бул түзүлүп жаткан 2 кооператив – тажрыйба алмаша турган аянт болуп, бул алгылыктуу ишти акырындап башка облустарда жайылтуунун башаты болот деген максат коюудабыз. Ушул ишти Ысык-Көл, Нарын, Баткен, Ош жана Талас облусунун дыйкан-фермерлери колго алса, ал жакта дагы ар бир райондо МТС ачып, ишибизди жалпы республикага жайылтууну, ошону менен бирге өлкөбүздүн агрардык секторун өнүктүрүүнү ниет кылып жатабыз. (Араван жана башка райондордо МТС ачуу)

Жакшы үрөөн – бул түшүмдүүлүктү жогорулатуунун башаты жана негизи! Ошондуктан, “Өнүгүү” кыймылынын дагы бир максаттарынын бири – үрөөнчүлүк чарба базасын түзүү, таза, сапаттуу жаңы үрөөндүн сорттору менен дыйкандарды камсыз кылуу. Булар “Өнүгүү” кыймылынын келечектүү, эл үчүн арналган пландары.

Биз жер иштетүүнүн жаңы ыкмаларына өтүп, жаңы технологияны пайдаланууга жетишип, тажрыйба алмашуубуз зарыл. “Билгенден биле элегиң көп, көргөндөн көрө элегиң көп” дегендей, биз билбеген жаңы нерселерди үйрөнүп, ишибизди жакшыртып, жеңилдетип, мол түшүм алууга аракет жасашыбыз керек

Биз бирге өнүгөбүз!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×