Добавить статью
9:01, 12 сентября 2012 41521

«Ата Мекен» партиясы төрткө бөлүндү

«Ата Мекен» социалисттик партиясынын кадыры барган сайын ылдыйлап, анын катарынан бөлүнгөндөрдүн саны күн өткөн сайын калыңдап баратат. Маселен, Ата Мекенден айрым абройлуу саясатчылар СДПК жана башка партияларга ооп кетишсе, айрымдары эч бир партияга кошулбастан өз бетинче уюм түзүп кетишти.

Саясаттан таптакыр алыс кеткенге даабаган Кубатбек Байболов баштаган топ «Нурзаман» саясий партиясын, Төлөгөн Келдибаев, Абдыкайым Кангелдиев, Бакир Имаров, Адылбек Эсенбеков өңдүүлөр «Кыргыз Ата» элдик саясий партиясын түптөштү. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековдун «Демократический альянс» аттуу саясий уюму мамлекеттик каттоодон өтүп, өздөрүнчө түтүн булатканга киришти. Касымбек Райымкул уулу баштаган топ жаңы партиянын уставын даярдап, учурда ал катталуу алдында турат.

Айтмакчы, айтылуу ата мекенчилердин минтип ич ара бөлүнүп-жарылып, ыркырап кетишине анын анабашы Өмүрбек Текебаевдин ашкере өзүмчүлдүгү, жаңыланууга дегеле далалат жасабагандыгы, анын тегерегине жалаң гана кошоматка кой сойгондордун топтолушу себеп болду дешет аналитиктер. Маселен, «Ата Мекен» партиясынын ичинде Ошто Дүйшөн Чотоновдун, Таласта Болот Шердин, Ысык-Көлдө Эркин Алымбековдун, Нарында Алмамбет Шыкмаматовдун жана Жалал-Абадда Өмүрбек Текебаевдин айтканы айткан, дегени деген. Башка аймактарда деле кудум ушундай маанай үстөмдүк кылат. Карапайым калк тандаган жергиликтүү лидерлерди «Ата Мекендин» анабашылары жогорку бийликке таптакыр жолотушпайт.

Эгерде Өмүрбек Текебаев талант дараметине карабастан өзү тандаган кадрлар менен гана иштешип, ушинтип партиянын ичинде демократия орнотпостон, тескерисинче, диктаторлукту ачык тикелеп жатса, анан кантип Кыргызстан бечара оңолсун!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×