Добавить статью
4:12, 17 сентября 2012 39225

Кадырлуу кыргыз элимдин таразасына

Республиканын жетекчилигинин жана депутаттардын өлкөнүн экономикасын жана калктын жашоо деңгээлин көтөрүү боюнча жасап жаткан иштериңерге, жер-жерлердеги жетекчилердин иш билбегендиги жана кызмат абалдарын кыянаттык менен өз кызыкчылыктарына колдонуп жатканы абдан терс таасирин берип келет. Ошондой абал 2 жылдан бери Балыкчы шаарында болуп келе жатат.

Балыкчы шаарынын азыркы мэри Бообеков М. 2010 жылдын апрель айынан бери мэрдин милдетин аткаруучу катарында эч кандай тажрыйбасы жана жетекчилик сапаттары жок иштеп келди. Ошого карабастан, 2012 жылы 28 апрелде жаңы шайланган депутаттар аркылуу шаардын мэрине шайланып калды. Бул шайлоонун дагы таза эмес жүргөндүгү тууралуу төмөнкү далилдерди билдирем:

1. Шайлоо мыйзамдарына ылайык М.Бообековдун шаардын мэрин шайлоодо жетиштүү иш тажрыйбасы (стажы) жетпегендиги. Анткени, “Өз алдынча башкаруу тууралуу” мыйзамдын 42 статьясынын негизинде шаардын мэрине талапкер 3 жылдан кем эмес мамлекеттик же муниципалдык эмгек стажысы болуусу белгиленген. Ал эми М.Бообековдун эмгек китепчеси боюнча, ал Ысык-Көл биосферасынын экологиялык посторунда 11.10.2001 жылдан 03.04.2003 жылга чейин ар кандай постовой болуп иштеген убактысын мамлекеттик кызмат катары көрсөтүп алган.

Ушул маселе боюнча, мен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын түндүк аймактык өкүлчүлүгүнө кат менен кайрылгам. Алардан, №231 номерлүү 10.09.2012 жылы жооп алдым. Анда, М.Бообековдун сельподо товаровед жана “Ысык-Көл” биосферасынын экологиялык посторунда иштеген кызматтары эч кандай мамлекеттик кызматка кирбейт деген так жообун алдым.

Анткени, мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамдарга ылайык, Ысык-Көл биосфералык территориясынын экологиялык посту чарбачылык жана өзүн-өзү каржылоочу уюм катары мамлекеттик кызматка кирбейт. Ошондуктан, М.Бообековдун Балыкчы шаарынын мэринин милдетин аткаруучу катарында иштеген 2 кана жылдык муниципалдык стажы болгондуктан, ал мэрди шайлоого талапкер катарында катышууга эч кандай укугу жок болчу.

2. Ошондой эле, М.Бообеков тарабынан шайлоо боюнча мыйзамдарды одоно бузуу менен, шаардын депутаттыгына шайлоого катышкан шаардык мэриянын сектор башчысы С.Нажумидиновду талапкер болуп 2012 жылдын 3 октябрында катталганына карабастан, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамдын 17 статьясынын 3 пунктуна ылайык ал кызматтан өз убагында четтелген эмес. Мында дагы М.Бообеков жана шайлоо комиссиясы тарабынан мыйзам бузуулар болгон, анткени С.Нажумидинов мэриянын кызматкери катары жумуштан убактылуу бошотулбагандыгынан, ал депутатка талапкер катары дагы катталууга мыйзам чегинде эч укугу жок болучу. 2012 жылдын 19 мартында кана өз арызынын негизинде Нажумидинов С. 25 апрелге чейин эмгек эс алууга чыккан.

2012 жылдын 25 мартында шаардык депутаттарды шайлоо болуп, анын жыйынтыгында С.Нажумидинов депутат болгон. Ошондон кийин кана, ал кызматтан бошотуу тууралуу 2 апрелде арыз берип, анын негизинде М.Бообеков 2.04.2012 жылы №15 буйрук чыгарып кызматтан бошоткон жана бул орунга мыйзам чегинде конкурс жарыяланган эмес жана башка адам милдеттин аткаруучу катарында кызматка дайындалган эмес. Мында дагы, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамдын 51 статьясынын 1 пунктуна ылайык, С.Нажумидинов депутат болгондугуна байланыштуу, аймактык шайлоо комиссиясына 3 күндүк мөөнөттө депутаттын ыйгарым статусу менен кошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы тууралуу арыздын көчүрмөсүн бериши керек болчу.

С.Нажумидинов депутаттык ыйгарым укуктарын өткөрүп бергендигине байланыштуу деп, өзүн кызматтан бошотуу тууралуу 2 апрелдеги арызын кайра алуу турасында М.Бообековко 13 апрелде арыз менен кайрылган. Анын кызматтан бошотуу тууралуу буйруктун 2 апрелде чыккандыгына карабастан жана анын депутаттык укугун өткөргөндүгү тууралуу аймактын шайлоо комиссиясынан тастыктоо маалымат албастан, М. Бообеков мыйзам бузуу менен мурунку буйрукту кайра жокко чыгаруу тууралуу жаңы № 16 буйрукту 2012 жылы 13 апрелде чыгарган.

2011 жылдын 30 ноябрындагы “Өз алдынча башкаруу тууралуу” мыйзамдын 22 статьясын одоно бузуу менен, С.Нажумидинов депутаттыгын тапшырбастан, мэриянын сектор башчысы болуп кайра иштеп туруп, 2012 жылдагы 28 апрелдеги мэрди шайлоого мыйзамсыз катышкан жана М.Бообековду колдогон СДПК партиясы жетектеген фракциясынын мүчөсү болгон. Анын мэрди шайлоодо М.Бообековду ачыктан-ачык колдогонунун себеби, алардын мыйзамдарды одоно бузуу менен депутаттык милдет менен муниципалдык кызматты бир убакта аткарганга мүмкүнчүлүк берилиши жана кызмат боюнча түздөн-түз көз карандылыгы деп эсептейбиз.

Ал эле эмес, М.Бообеков шаардын мэринин милдеттин аткаруучу болгондугуна карабастан, ушул буйруктардын баарына “Балыкчы шаарынын мэри” деп кол койгондугу анын билимсиздигин билдирип отурат же ал ошондо эле мэр болуп шайланаарына абдан ишенген болуш керек деп ойлойбуз.

3. Мындан тышкары, М.Бообековдун жогорку билими тууралуу дипломун Балыкчы шаарындагы экономика жана юридика институтунун башчысы Т.Аденов аркылуу окубастан эле акчага сатып алгандыгы тууралуу айтылууда.

М.Бообеков 16 октябрь 2005 жылы контракт түзүп, анда ал сырттан окуу бөлүмүнүн 3 курсуна катталгандыгы, окуу мөөнөтү 5 жыл экендиги жана контрактынын баасы 5000 сом экендиги белгиленген. Бирок, баарынан кызыгы, контрактыда көрсөтүлгөн М.Бообековдун АN 422763 паспорту МВД -50-17 тарабынан 2006 жылы июнь айында берилгендиги белгилүү болду. Бул болсо, контрактынын арткы мөөнөт менен түзүлгөнү, М.Бообеков жана Т.Аденов тарабынан түздөн-түз мыйзамды одоно бузуу болуп эсептелет жана алар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Бул диплом мыйзамсыз болгондуктан жокко чыгарылышы керек.

4. Шаардын мэрин шайлоодо М.Бообеков мыйзамга каршы келген аракеттерди колдонгондугу, депутаттардын кээ бирлерине акча тараткандыгы жана аларга ар кандай кызмат орундарды жана коммерциялык иштеринде колдоолорду убада кылгандыгы дагы эл арасында белгилүү болду.

Буга далил катары, депутат болуп СДПК партиясынын тизмесинин башындагы Ж.Карыбаевге шаардын светофорлорун орнотууда 23 ноябрь 2011 жылдагы тендер аркылуу ОсОО “Кыргыз Деңиз” фирмасына 2 млн 450 миң сом бөлүнүп жана ушул каражаттын негизинде М.Бообековду мэрге шайлоодо Ж.Карыбаев тарабынан 12 мин доллар жардам көрсөткөндүгүн эл дагы жана депутаттар дагы жакшы билишет. Жыйынтыгында, шайлоодо М.Бообековдун мыйзамды бузуу менен жеңиши болду.

Ал эмес, тендерде утуп алган Ж.Карыбаев тарабынан 5 светофорду толугу менен ага бөлүнүп берилген акча каражатка орнотушу белгиленгендигине карабастан, М.Бообеков тарабынан Ж.Карыбаевке “ыраазычылык” иретинде шаардын муниципалдык менчигинде болгон диаметри 100 мм болгон 30 метр трубаларды акы төлөбөстөн бекер берүү тууралуу 2012 жылы 1 февралда № 09-Р буйругун чыгарып берген. Ушинтип, М.Бообеков менен Ж.Карыбаев бири-бирине эриш-аркак оокат кылып келе жатышат.

Жалпы шаардын менчиги болгон трубаларды тендерге катышкан фирмага акысыз бергенге мэрдин эч кандай укугу жок жана бул мыйзамды одоно бузуу болуп эсептелет деп ойлойбуз. Ушул 2 млн 450 сомго салынган деген светофорлор мындай баада болбостугун атайын органдар аркылуу текшерсе белгилүү болот эле. Себеби, бул суммага бекер берилген трубалардын дагы баасы кирип жатат. Светофорлор азыркы күнгө чейин нормалдуу иштебестен, элдин кыжырын келтирип, тескерисинче авариялардын болушуна себепкер болуп келүүдө.

М.Бообековдун Ж.Карыбаевдин алдында алсыздыгы жана көз карандылыгы болуп, анын бюджетин чоң өлчөмдөгү акча каражаттын ага карматып коюп, салынган светофорлорду эмдигиче иштете албагандыгы жана анын эксплуатацияга ушул күнгө чейин берилбегендиги жана бул иштерди контролдобогондугу түздөн-түз далили болот.

5. Балыкчы шаарынын Аманбаев көчөсүнөн Алиев көчөсүнө чейинки Гагарин көчөсүн асфальтоого 6 млн сом бөлүнгөн жан бул иштерди “Дили” фирмасы аткарган. Курулуш боюнча техникалык инспекциянын маалыматы боюнча, асфальтты толугу менен төшөгөн убакта, аны таптоо үчүн 6 тоннадан кем эмес таптагыч (каток) колдонулушу белгиленген. Ал эми, “Дили” фирмасы болсо, болгону 2 тонналык таптагыч (каток) колдонгон. Жыйынтыгында, асфальттын катмары толугу менен тапталбастан, смета боюнча белгиленген асфальттын калыңдыгын камсыз кылууда нормативден аз асфальт сарпталган жана көп суммадагы акча каражаты мыйзамсыз үнөмдөлгөн. Ал эми анын натыйжасында, жол куруу боюнча технология бузулуп, асфальттоонун сапаты камсыз болгон жок. Бишкек –Торугарт жолун салуудагы кытай курулушчулардын ишин, алардын колдонгон атайын техникаларын жана иштин сапатын көрүп, М.Бообековдун ишин эң начар деген ойдо болуудабыз. Бул асфальттын мындай сапаты менен көп жылга жетээрине биздин үмүтүбүз аз. Жолду асфальтоо менен бирге, подрядчик тарабынан бир дагы жаңы жол белгилери коюлган эмес, жолдорду эрежеге ылайык чийүү (разметка) жасалган жок. Бул эмне деген проект менен жасалганы белгисиз болууда. Ал эми ушундай курулуш эрежелерди бузуу менен үнөмдөлгөн акча каражатынын негизинде, мурун жөө жүргөн мэрибиз өтө кымбат баадагы “Лексус” машинасын заматта менчике алгандыгы эл арасында жана жетекчилер арасында айтылып таң калуулар болууда. Же революциядан кийинки мэрлердин айлык акылары 1500 доллар болуп калдыбы?

6. Ошондой эле, М.Бообековдун өз ишин билбегендигинин жана кадр маселесинде компетентүү эместигинин натыйжасында, жумуштан кетирип, кайра сот чечими аркылуу келген адамдарга Балыкчы шаарынын бюджетинен акчалай төлөмдөр берилген. Мисалы, ветуправлениенин кызматкери Мусакуновко 70,0 миң сом, УМСтин башчысы Б.Мамбеталиевке 102,0 мин сом төлөнгөн. Ал эми спорт бөлүмүнүн жетекчиси Т.Сулаймановду болсо М.Бообеков өз кызматын так билбегендиктен, буйрук чыгаруу менен аны мыйзамсыз жумуштан бошоткон. 2010 жылдын 25 октябрдагы Балыкчы шаардык сотунун чечимине ылайык, М.Бообеков өз ыйгарым укугунун чегинен чыгып кеткен деп, Сулайманов Т. өз кызматына кайра бекилген, ал эми мыйзамсыз кабыл алынган мэриянын 1.07.2010 жылдагы № 64 буйругу жокко чыгарылган. Бул факты боюнча М.Бообековко кылмыш иши козголуш керек эле, ошондо ал шаар башчысынын кызматынын оңой эмес экенин сезип, шайлоого катышаарда ойлонот беле? Булардын баары мэрдин милдеттин аткарган М.Бообековдун иш билбестигинен болгондуктан, анын эсебинен төлөнсө жакшы болмок.

7. 2012 жылы апрель айларында Балыкчыдагы пароходствонун короосундагы Д.Үсөновко тиешеси бар деген 800 тонна көмүрдүн 150 тоннасын ошол кездеги координациялык комитеттин башчысы болуп тургун М.Бообековдун буйругу менен эл арасында таратылган. Калганын болсо криминалбыз дегендер алып кеткен. Элге таратканы жакшы болгону менен, көмүрдү таратканда жок дегенде ошол фирмадан макулдугун алып, аларга кол койдурган эмес экен. Азыркы кезде бул көмүрдү пароходствону төлөсүн деп сот чечиптир. Ансыз деле араң иштеп жаткан пароходствого эч күнөөсү жок жерден, М.Бообековдун шалаакалыгынан 800 тоннасы төлөшү туура эмес жана бул боюнча кылымыш иши козголуп эмнегедир азыр токтоп туруптур. Бул кылмыш иштин дагы аягына чыгаарына биз ишенбей калдык.

8. “Калмак-Ашуу” суусун Балыкчыга алып келген системанын курулушу боюнча мурун орнотулган 4 км трубанын 2 км трубасы даяр гидроизоляциясы менен салынган. Бирок, курулуштун бүтүшү боюнча актыда, курулуш мекемеси тарабынан бардык трубалар кошумча гидроизоляция салынды деп М.Бообековдун катышуусунда жазылып, андан бир нече миллион сом акча каражаты кошумча чыгым катары белгиленген. Бул акчаларды курулушчулар кимдер менен бөлүшкөнү эч кимге деле жашыруун болбосо керек.

Бул фактылар бизге белгилүү болгону кана, ал эми мэр жөнүндө эл ичинде көп сөздөр болуп эле жатат. Ошондуктан, азыркы бийликке шек келтирип, А.Атамбаевдин атын сатып, билимсиздиги, эл менен иштей албагандыгы, өз жүрүм-турумдарын оңдой албагандыгы, ар кандай терс көрүнүштөргө катышып жүргөндүгү үчүн Балыкчы шаарынын азыркы мыйзам бузуулар менен шайланып алган мэри М.Бообековду кызматтан тез арада бошотуп, бул фактыларды тиешелүү органдар тарабынан иликтеп, кылмыш ишин козгоо керек.

Ошондо, биздин шаарда дагы стабилдүүлүк келиши мүмкүн, анткени шаардын азыркы бийлигине толук ишенбестик болуп, аларга чара көрүлбөсө эл ичинде тынчсызданууну туудурууда.

Азыркы мыйзамсыз мэрдин ордуна шаардын ишин алдыга жылдыра алган, өз аракеттери жана жүрүм-турумдары менен үлгү боло алган, мурунтадан эл арасында иштеп келген адамдын кызматка коюлушуа шаар тургундары терен ишенебиз.

Андан кийин шаардын мэрин кайра шайлоо уюштурулуп, шаардын жашоочуларынын көзөмөлү жана активдүү катышуусу менен кана шайлоону шаарыбыздын депутаттары тарабынан эч нерсеге алданбай, элдин жана шаарыбыздын келечегин ойлонуу менен туура чече алабыз деп ойлойбуз.

Жогоруда корсотулгон фактылар боюнча далилдей турган кагаздар бар, алар Өкмөткө жана Башкы прокуратурага, дагы бир топ тиешелуу жерлерге жиберилди, бирок азарынча эч кандай кыймыл боло элек.

Бирок, биз Балыкчы шаарынын жашоочулары, бийликьтен чечкиндүү чараларды көрөөрушооруно көптөн-көп ишенебиз.

«Балыкчы» коомдук уюмунун төрагасы Акеев Сталбек.

тел. 0559-272729.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×