Добавить статью
11:27, 17 сентября 2012 83373

Кара-Кече бар экен, көпүрөсү жок экен

Ар жыл сайын сентябрь айынан баштап, кийинки жылдын ала жаз мезгилине чейин атактуу Кара-Кече атыккан тоо коктулары өлкөнүн үч облусунун жана Бишкек шаарынын негизги калкынын көңүл чордондорунда болот. Ал эми кылычын кармап кыш кирип келгенде, сыртта сууктун күчү канча даражага чейин төмөндөсө, Кара-Кеченин ысыктыгы дээрлик андан эки эсе даражага чейин көбөйө берет. Айтор, жыл сайын көнүмүшкө айланган көрүнүш ушундай. Айрыкча ыңкылап болгон жылдарда кара алтыны уюп жаткан Кара-Кече бардык колу жеткендердин тебелендисинде калган эле. Бирок быйылкыдай акыбал сакталып калса, анда 2012-2013-жылдардын кыш мезгилинде кайран Кара-Кече жаралгандан бери өмүрүндө бир жолу «Ө-өх» деп эс алчудай. Ага албетте башкысы Дыйкан-Кара-Кече унаа жолундагы бүтпөгөн көпүрөлөр себеп болот.

Кайдасың Кара-Кече!

Ошентип, таң сүрө кайдасың Кара-Кече деп жолго чыктык. Себеби өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков облустагы тиешелүү тармактардын жетекчилери менен Жумгал районунда көмүр даярдоонун абалы тууралуу алгачкы атайын отурумду өткөрүүнү мелжеген экен. Бир унаада үчөөбүз болсок, анын экөөсү өмүрүндө биринчи жолу биз сөз кылалы деген көмүр кен чыккан жерге бара жатышыптыр.

«Мен Кара-Кече десе эле капкара болгон тоолорду элестеткем. Көрсө жапжашыл, карагайлуу тоолор турбайбы», - деп таң калды Нарын облустук экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Осмоналиев. Ошондой карагайлуу тоолордун алдында уюган чылк көмүр бар деп чынында билбеген адам эч качан айта албас. Бирок жанына барып, ар кайсы коктулар казылып, ошол карагайларды сулата жол салынып тургандыгын көрүп бир эсе зээниң кейип кетет. Көзгө ар кайсы жерде кулап, чирий баштаган карагайлар урунат. «Бирөө кечүүгө кечүү таппай жүрсө, бирөө ичүүгө суу таппай жүрөт» деген көрүнүш. Антип карагайларды, бадал өсүмдүктөрүн туш келди кор кылгандан көрө, алгач аларды кыйып элге берип, андан кийин жерлер казылса деп ойлоп кетет экенсиң.

 Тизиле баштаган унаалар

Ал жерден штаб мүчөлөрү жана тармак жетекчилери «Кара-Кече» мамлекеттик ишканасы менен «Шарбон» жабык акционердик коомунун жасаган жумуштары менен жеринде таанышышты. Эки көмүр кесимге кире бериш жерлерде көмүр тартуучу унаалар тизилип токтоп турушат.

«Губернатор келет дегенинен убактылуу токтотуп жатабыз. ТЭЦке көмүр тарткандар киргизилет жана кезек менен башка машиналар да көмүр алып жатышат. Кезек деле жок», - деп жооп кылды тосмо тоскондордун бири биздин эмнеге унаалар шыкалып калган деген шашылыш соболубузга. Бирок чынында кыш мезгилиндегидей унаалар жык-жыйма эмес экен. Ал эми көмүр ишканаларда жылдагыдай эле иш-аракеттер аткарылаарын, бирок көкөй кескен көрүнүштөр орун алууда экендигин көмүрчүлөр айтып чыгышты.

«Бизде мына 120 миң тонна көмүр даярдалды. 14-сентябрдан тарта 10 күн аралыгында тендер боюнча бюджетти камсыздайбыз. Эгерде унаалар жетпесе мен деле берем. Бирок эки чоң маселе бар. Биринчиси бизге турак-жай тармагы 8,5 миллион, Бишкек жылуулук борбору 9,2 миллион сом карыз. Ушул акчалар чечилсе, биз мындан да арбын көмүр өндүргөнгө даярбыз. Экинчиси көпүрөлөр маселеси. Эки чоң көпүрө быйыл бүтпөсө кышында кандай иш болот белгисиз», - дейт «Шарбон» көмүр кесиминин жетекчиси Кумар Ысабаев.

Көрсө өткөн жылы «МостАвдоДорСтрой» аттуу бир компания 3,9 миллион сомдук жумуштарды аткаруу үчүн тендерден утуп алып, эптеп чала чарпыт иш аткарып, көпүрөнү аңырайткан абалда таштап салышып, качып кеткен экен. №3-ПЛУАДдын жетекчисинин орун басары Кубан Өмүралиевдин айтымында, эгерде Дыйкан-Кара-Кече жолундагы ал маанилүү көпүрө салынып бүтпөсө, кышында унаалардын каттабай, көмүр тартуу токтоп калышы ажеп эмес.

«Биз сотко чейин кайрылдык, жыйынтык чыкпай жатат. Быйыл алар бир басып келип иш аткарышкан жок», - дейт жол адиси. Мындай баш аламан, ирээтсиз, чалды куйду, өзүм билемдик иштерге өз ысымын айтуудан айбыккан көмүрчү да абдан нааразы.

«Жаңы бийлик келгенде үмүт оту чынында жанданган. Жүздөй баланын өмүрү кыйылып, миңден ашуун адам майып болду Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигин кулатуу үчүн. Бирок азыркылардын деле алардан айырмасы болбой жатат. Болбосо бир эле мисал, ушул маанилүү жолдун көпүрөсүн салуу үчүн эмнеге куйругу жок фирмага 4 миллион сомду кармата берет. Макул беришсин, бирок мамлекет болгондон кийин көзөмөлдөп, мыйзамсыз иш кылса керек десе камаш керек эле да. Камаганды мындай кой, аларды издеп да убара болушкан жок. Анан кайдагы тартип, кайдагы иш, кайдагы оңолуу. Эми Сатыбалдиев келди, ал эмнени кыйратат көрө жатабыз. Ал болсо өзү мындай айтканда жолчу, Ош-Бишкек жолун салган. Чын эле өкмөт башчы болом десе келсин ушул Кара-Кечеге. Көрсүн өз көзү менен. Мына бир айдан кийин суулар тоңо баштайт. Кокус суук катуу болсо, анда машиналар каттабайт. Анда биздин эмнеге жайлата эс албай иштеп, көмүр жыйнаганыбыздын зарылчылы канчалык. Эгерде быйыл Кара-Кечеден көмүр ташылбай, эл кышында көмүрсүз калса, азыркы бийликти эл кышында илгерки Россиянын ак падышасын куугандай кууп чыгаарын бөркүңүздөй эле көрө берищиз», - деп билдирди каракечелик бир көмүрчү.

Аңырайган көпүрөнүн абалы

Быйылкы кыш мезгили үчүн Нарын облусуна жалпысы 43 миң 700 тонна көмүр керектелерин облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Ырысбек Шалтаев облустук алкактагы атайын жыйында билдирди. Анын айтымында көмүр үчүн мамлекеттен тиешелүү акча каражаттын 61 % берилген. Жумгал районунун аймагындагы 10 көмүр казуу ишканалардын жетөө иштеп жатат. Жыйында 1-октябрга чейин бюджеттик мекеме, ишкана жана уюмдарды көмүр менен камсыздоо керектиги белигиленди.

«Мындан Жумгал району пассивдүү болууда. Негизи жайбаракаттык өкүм сүрүүдө. Же биз көмүргө жакынбыз деген ток пейилдик барбы. Жер биздики баары бир кезексиз ала беребиз дегенди быйыл ойлобогула. Андай эйфориядан урматтуу жумгалдыктар чыгыш керек. Дыйкан айылында 70 Камаз бар, алар каалагандай кирет деген маалыматтар бар. Баары мыйзам ченеминде, бирдей тартипте болоорун унутпагыла. Тескерисинче алыстан келгендерди биринчи киргизип кетирип туруш керек. Ошондуктан укук коргоо органдары тарабынан эң биринчи Кара-Кечеге жана Сары-Чатка, Аралга посттор уюштурулсун», - деди өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков.

Нарын ОИИБнын жетекчиси, полковник Таалай Нуралиев буларга токтолду:

«Мен сиздерге барганга муктаж эмесмин. Биз болгону тартипти катуу көзөмөлдөйбүз. Туура, таза иш болсун деген максат. Эл менен милиция кошо ууру деген түшүнүк коомдо дале жашап келе жатат. Азыр андай жок. Документтерди жасалмалап кармалгандар мурда болгон. Быйыл ошондой иш кылабыз деп уят болуп калбагыла. Ал эми «каралар» деген сөз болбош керек», - деп билдирди облустун башкы милиционери.

№3-ПЛУАД мекемесинин жетекчиси Келдибек Кадыркуловдун ырасмий билдирүүсүнө таянсак көпүрөлөр каражаттын жоктугунан улам токтоп турат. «Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунун 22,7-жана 24,7-чакырымындагы эки көпүрө тең кайрадан оңдолуп жатат. 22-чакырымдагы көпүрөнү оңдоого «МостАвтоДорСтрой» ЖЧК, экинчи көпүрөнү кайра салып чыгууга «Дорожник» аттуу ЖЧКсы тендерден утуп алышкан. «МостАвтоДорСтрой» компаниясы ишти былтыр баштап, каражаттын жетишсиздигинен улам көпүрө толук бүткөн эмес. Аларга акча берилсе ишти баштаганга даярбыз дешүүдө. Ал эми «Дорожник» ЖЧКга 800 миң берилген. Жалпысы эки көпүрөнү бүткөрүү үчүн 9 миллион 736 миң сом керек. Акча бүгүн, эртең чечилет деп турабыз», - дейт К.Кадыркулов. Бирок жергиликтүү бийлик «МостАвтоДорСтрой» курулуш ишканасынын иш аракетине нааразы.

«Алар өткөн жылы 3,9 миллион сом алышкан жана көпүрө ошончо акчага оңдолгон эмес. Эмне үчүн быйыл бир дагы иш кылышкан жок», - деп эсептейт өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Муратбеков.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
70460

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
58103

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
90525

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
63020

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
64681

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
71050

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
100208

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
168040

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
120998

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
113275

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×