Добавить статью
10:17, 19 сентября 2012 4690

Көзү азиз жана дүлөйлөрдүн турмушунан үзүндү

 

Ушиндай маанидеги кат Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын атына келип түштү. Бул катта Бекназаров Шамшидин «Көзу азиздер жана дүлөйлөрдүн» түштүк регионалдык облустар аралык уюмунун жетекчиси жазган.

Катта аталгандай, «Көзү азиздер жана дүлөйлөр» коомунун түштүк регионунун 4015 мүмкүнчүлүгү чектелген мүчөсү бар, алардын алган пенсиясынын орточо ченеми 2200-3500 сомго чейин. 1990-жылдан баштап мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, мамлекет тарабынан бир дагы батир курулуп берилген эмес.

2011-2012-жылы Эгемендүүлүк жылдардын ичинде түштүктө биринчи жолу мумкүнчүлүгү чектелген адамдарга Жалал-Абад шаарында, Роза Азимова көчөсүндө 40 батирлүү көп кабаттуу үй жана Ош шаарында Анар кичи районунда 45 батирлүү көп кабаттуу үй Мамдирекция тарабынан курулуп берилген. Бул үйлөр жогорку сапатта курулган үйлөр, алар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга атайын проектелинип салынган.

«Көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүнө атайын аптека, медициналык пункт, дүкөн жана ашкана ачылган. Булар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо турмушун женилдетти» - деп катта жазылган.

Шамшидин Бекназаров өзү башкарган мүмкүнчүлүгү чектелген коомдун атынан жана ошол үйдө жашаган жарандардын атынан өкмөт юашчысына, Мамдирекциянын башкармалыгына жана башка расмий кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×