Добавить статью
9:55, 21 сентября 2012 61105

Бишкек Баатыр -“Туу жыгаар" (поэма)

Бишкек баатыр, эгиз аты “Туу жыгаар”,

Билбес чыгаар, кабары жок адамдар.

Эли күтүп, үмүт менен жаралган,

Бул адамдын тарых жолун угуп ал:

Кенен баатыр, Жоочалыштын баласы,

Солто уруудан, чыгаан Белек, агасы.

Эки бирдей баатыр чыгып Кыргыздан,

Баатырларга, жетпей жоонун чамасы.

Ошол кезде, чабуул жасап байма-бай,

Ойрот күчөп, өткөн өчүн ала албай.

Күчкө салып, сан жагынан көп болуп,

Адат болду, Кыргыз элин, таламай.

Баатыр, чыгаан балдар саны аз болуп,

Бир жагынан жоокер заман козголуп.

Жоош чыгып Кенен баатыр балдары,

Төрт баладан бычакка сап, жок болуп.

Кенен баатыр, сынчыларын коштотуп,

Аткаруучу кымбат ишин токтотуп.

Чыгаан бала, төрөп берээр, жар издейт,

Элден чыккан баатырларга окшотуп.

Табылбады Талас менен Нарындан,

Анжияндан, калды артта, Наманган.

Ош, Өзгөндөн, сынчылары таппады,

Сары-Өзөндөн, Чүйдөн, тиги Аксыдан.

Кыргыз жерин төрт айланта кыдырып,

Жер, суу кезип, желдей жерди сыдырып.

Шың-Сай деген жерге жетип келгенде,

Чатыр жайды, өргүү кылып тыныгып.

Сүйүү үчүн жанын кыйган кечеги,

Керемет жер, Кишимжандын мекени.

Чылмайран тоо ысык күндө тунжурайт,

Хан, бек күтүп көрбөгөндөй эзели.

Хандар жүргөн, бектер жүргөн кечеги,

Чылмайран тоо, кырк чилтендин мекени.

Кароол-Дөбө, Килем-Ата, Кан-Жайлоо,

Муз-Төр, Кең-Кол, эстен чыгып кетеби.

Кеч салкында, Кудаке бий айылына,

-Учурашып кетиш парз,- деп, тууганга.

Келип түштү Кенен баатыр кербени,

Конок каада, салтын улап тууганча.

1

Жаңы журтка, ак өргөлөр тигилип,

Жалпы айыл, конок тозуп жүгүрүп.

Унутушуп таарынычты мурунку,

Эки тууган кучакташып, көрүшүп.

Кенен баатыр эл алдында күлмүңдөп;

-Таарынычты жазыш үчүн келдим,- деп.

Жакшы сөздөр, жүрүп жатты ортодо,

Кайра, кайра сагынычты, белгилеп.

Меймандардын өргөсүнө, кут конуп,

Түштүгүнө кысыр эмди тай союп.

Баатырларга зыяпатын көрсөтүп,

Кечки тамак даярдалып, кой союп.

Дем алышып Эки-Суунун жеринде,

Чер жазылып, Кудаке бий элинде.

Туугандардын ортосунда козголду,

Ойротторду куусак деген демилге.

Сынчы коштоп, бирге басып жанаша,

Сууну бойлоп, жүзүн чайкап таңата.

Кенен баатыр, теребелге суктанып,

Кыз көрүндү аркы өйүздү, караса.

Кызды көрдү, эркек кийим жарашкан,

Көзгө сүйкүм, улам, улам караткан.

Сары кашка, аргымакты алкынтып,

Келе жаткан, тике маңдай тараптан.

Келбеттүү кыз, ат үстүндө теминип,

Кашка тулпар, ооздугун кемирип.

Кечип өттү, бир кебелбей дайраны,

Керемет кыз, кирпик-кашы төгүлүп.

Аргымакты байлап аркы мамыга,

Эки өрүм чач, согончокко, агыла.

Кызды көрүп бүткөн бойго от кетти,

Кенен баатыр, карап көзү талыга.

Жоодураган карагат көз, ак жүзү,

Мына сулуу, Кишимжандын сиңдиси,

Кымча бели, кең соруусу, турпаты,

Чачы, кашы, нур төгүлгөн, кирпиги.

-Сиз издеген сулуу ушул, баатыр, -деп,

Күлө багып, сынчы сүйлөп кызык кеп.

Баатыр төрөп, берчү кызың табылды,

Көнсө кепке, Кудаке бий, -Макул, -деп.

2

-Көктөн издеп жүргөн кушуң табылды,

Туугандардын туурунда кабылды.

Тапка келип турган экен талпынып,

Бир кудайым ачсын эми багыңды.

Эртең менен сый тамактын алдында,

Таазим кылып, жан-жөкөрлөр жабыла.

Кулдук уруп, бий алдында сөз баштап,

Ачык таштап, бардык максат алдыга.

Кудаке бий, тике карап муну айтат:

-Келипсиңер жол сурабай, кол сурап...

Көпкө ойлонуп, акыл калчап, Кудаке,

Теребел да, дымып калды тунжурап:

-Атам Кочкор ушул элге хан болгон,

Хан атамдын жардамчысы мен болгом.

Колдон келип, көп иш жасап Кыргызга,

Пайгамбар жаш, ооп барат кут конгон.

Жаш кезимде жаш, карыны жакалап,

Өзүм билип, акылдашпай иш жасап.

Эсим кирбей, көпкө көптүм эсирип,

“Кутура чыккан Кудаке” деп эл атап.

Жылдан жылга кубат кетип, ой толуп,

Күндүр-түндүр, эл тагдырын, ойлонуп.

Эки аялдан, тогуз эркек тың чыкпай,

Бош чыгышты, камчыга сап, жок болуп.

Элге эш болоор, эрди күтүп мен дагы,

Окшош чыкты, Кенен баатыр арманы.

Тагдыр кошсо, бирге аракет кылалы,

Бир Кудайдын, колунда эми, калганы.

Эки кызым, кош канатым, оң-солум,

Көпуулум, камчы чабаар оң колум.

Кыз да болсо, мага жөлөк, бел эле,

Эркек болсо, орундалмак, ойлорум.

Деп Кудаке сыртка чыгып өргөдөн,

Акылдашып, ага-тууган эл менен.

Айтып бир аз, кыздарына, нуска сөз,

Бата берип, бакты, таалай тилеген.

Конок каада, элге кызмат кылдырып,

Эки кызга, куйрук-боор, сундуруп.

Кыздар дагы, учурашты эл менен,

Сый тамакты, ирээт менен жылдырып.

3

Конокторго тааныштырып кыздарды,

Кудаке бий, даанышман сөз баштады:

-Сынчылардын айткан сөзү чын болсо,

Эр төрөлүп, Кыргыздарга кут консо.

Бул да болсо, бир Кудайдын буйругу,

Биздин өксүк аткарылмак чындыгы.

Көпуул кызым, эр төрөсө, мен макул,

Теңир чачсын, Сары-Өзөнгө ырыскы!

-Кенен баатыр, бир өксүктүн айынан,

Урпагыман чыкса экен, -деп Кабылан!

Үмүт менен эл, жер кесип келипсиң,

Даам сызып, сай тулпардын жалынан.

Көпуул кызым, жар болосуң, баатырга,

Энелериң жолго көрсүн камылга.

Бешенеңе Сары-Өзөн, Чүй нур чачат,

Шыдыр болсун келечек жол, алдыңда!

Экөөңөрдөн кыраан балдар төрөлсүн,

Кыдыр даарып, көшөгөңөр көгөрсүн!

Оомийин!!! -деп бата берди бий аке,

Бешигиңе баатыр перзент бөлөнсүн!

Деп ошентип кыз калыңсыз берилип,

Үч күн тойлоп, кыз камылга көрүлүп.

Бир ай жетээр жол азыгын белендеп,

Жибек, шайы кыздын себи, берилип.

Эл күүлдөп, той үстүндө чер жазып.

Ак батасын берип, жалпы эл, узатып.

Балбан күрөш, тыйын эңмей, эр эңиш,

Жорго салыш, күлүк чаап, байге алыш.

Эркелигин, акыл калчап башкарып.

Кыз уялып, туугандардан жазганып,

Өскөн жерден, азыр жөнөп кетээрде,

Баатыр коштоп, эл узатып, аттанып.

Ойго балкып, узун чачын, таранып.

Көпуул өзү, акылман жан, бул анык,

-Карегиме, бир сиңирип алсам, -деп,

Өскөн жерди кыдыртууну, суранып.

Бир ооз сөзүн, дайым эки кылбаган,

Жер таанытып, акыл, ойго, сугарган.

Эл алдында, жалтаң болбой өссүн, -деп

Эрке өстүрүп, эт жүрөгүн, курчуткан.

4

Берди уруксаат, кыз-күйөөгө Кудаке,

Мекен жерин, бир кыдырып көрүүгө.

Эрте туруп, таң азандан кам көрүп,

Колго алынды, Көпуулдун демилге.

Эл кадырлап, сөзүн тыңшап, угушкан,

Акылдуулар көп чыгышат, чыгыштан.

Мүмкүн чыны, ошолордун бирөөдүр,

Көптү көргөн, Кудаке бий, кары адам.

Өскөн жерин, Көпуул көзгө батырып,

Бедире-Сай өрдөп, атын, бастырып.

Кароол-Дөбө бир ажайып, дөбө экен,

Төмөн ылдый, көздүн нуру чабылып.

Нарын дарыя, тиги өйүздө Бозбу-Ата,

Афлатун тоо, андан төмөн, Фергана.

Күн нуру ойноп, Бабаш-Ата жаркырап,

Чилмайран тоо, Килем-Ата, алдыңда.

Жедигерден сулуу чыккан, ашкере,

Кыз узады, Сары-Өзөн, Чүй жерине.

Карт тарыхтын бир барагы ачылды,

Көпуул келип, бир боор, Солто элине.

Кереметтүү Чуңкурчакты жайлаган,

Кермесине чылгый күлүк байлаган.

Кенен жатты, келечектен шер күтүп,

Келген жоону кайра сүрүп айдаган.

Күндөр жылды, айга толуп, айланып,

Жаз, жай өтүп, күз да келет, саргайып.

Чама чаркы, турмуш жолу адамдын,

Аркандалып, ар тагдырга байланып.

Ойрот алып Ысык-Көлдү, кең Чүйдү,

Бүт эл көчүп, таштап жоого бул жерди.

Түндүк-түштүк эл биригип баш кошту,

Жоо колунан сакташ үчүн эл-жерди.

Мечит-Дөбө, Кароол-Дөбө ыйык жер,

Софет-Булан, Чанач-Сайды барып көр.

Тектир-Колот алма, өрүгүн үзүп жеп,

Чоң-Кайнаалы жылгасында өрүк тер.

Күн-Тийбесте төрт түлүгү жайнаган,

Селделүү-Жар жылкы тосуп айдаган.

Ала-Бука мал киндиктүү, кутман жер,

Кичи-Кайнаалы алма, өрүгүн байлаган.

5

Ак өргөлөр журт тандалып тигилген,

Чоң боз үйлөр, белги туулар илинген.

Мейман адам келип калса жаңылбай,

Кимдин үйү, ким жашаары билинген.

Малын көздөп Кенен баатыр таң эрте,

Кайра келип, кымыз гүлүн иччү эле.

Көпуул сунуп, чоң кеседен бал кымыз,

Бир иш болду, жайкы күндүн биринде.

Толгоо келип, дагы саамал сунаарда,

Босого аттап, жаңы сыртка чыгаарда.

Бишкек кармап, чоң сабаага сүйөнүп,

Толгоо келди, кереге, уукка жөлөнүп.

Шамалдан тез эл-журт кабар угушуп,

Эмчи, домчу кемпир-кесек чогулуп.

Чанач-сайдан ыңаалады наристе үн,

Аска-зоолор, бала үнүнөн жаңырып.

Зоо жаңырды, кабар ылдый агылды,

Кан дирилдеп, тээп чыгып тамырды.

Жакшы кабар, кулак сүйгөн сүйүнчү,

Кытыгылайт, нурга бөлөп жаныңды.

Сүйүнчү айтып чабармандар чапкылап,

Шамал менен тең жарышып шаштырат.

Максаттарды жакшы кабар өргө айдап,

Жакшы ой-тилек, кыялыңды мас кылат.

Чоң жайылган, чоң дасторкон, береке,

Чанач-Сайда той башталды, таң эрте.

Ак өргөлөр журт тандалып, тигилип,

Кыз-келиндер той кийимин кийинип.

Теңир жалгап Чанач-Сайга кут түшүп,

Маңдай жаркып, бир наристе төрөлүп.

Жышаналуу бала экен деп ат койуп,

“Ырай” -дешип ак бешикке бөлөшүп.

Сенден мурун, мен улуулун деп сүйлөп.

Бишкек кармап төрөдү го, “Бишкек” -деп,

Эки ат койду ырым кылып салт менен,

Бешик тойдо билармандар күпүлдөп.

Нурун төгүп жерге текши күн тийип,

Суулар агып таштан ташка бир тийип.

Күн саналып, акырындап ай толуп,

Жылдар жылат, көз алдыңда сүрүлүп.

6

Бишкек дагы күн өткөрүп торолуп,

Көзгө толуп, басып калды чоңоюп.

Тили чыгып, күндө түрдүү сөз айтып,

Күндөн, күнгө “балдыр” сөзү оңолуп.

Көпуул эне, Бишкек менен сүйлөшүп,

Күн, ай сайын түрдүү өнөр үйрөтүп.

Жомок айтып, эски сөздөн кеп салып,

Ой, сезимин карт тарыхка ширетип.

Бишкек өсүп тең балдардан башкача,

Жөндөм, шыгы, ой өрүшү таптаза.

Терең ойлуу, шыңга бойуу, сымбаттуу,

Улан болду өзгөчөрөөк, бир башка.

Кел Бишкек, -деп ак өргөгө киргизип,

Арнап тиккен ак калпакты кийгизип.

Сыймык менен кийип жүр, -деп уулуна,

Баш киймдин сырын айтып билгизип.

Сезгенүүдөн түрдүү оору башталган,

Аман жүрөт ар кырсыктан сактанган.

Сезгенесиң түндө жүрсөң жылаң баш,

Түрдүү кесел түшөт жерге, асмандан.

Каныкей эне, ак калпакты ырымдап,

Төрт бурчуна, үч бурчтук кынаптап.

Ак калпакка оймо сайып калтырган,

Белек бол, -деп урпагыма кылымдап.

Оюп, чийип ак жоолуктан үлгү алып,

Башка ченеп, төрт тарабын чыгарып.

Тумар сымал, үч бурчтук ак кийиз,

Ханыша энең, көз майына сугарып.

Жоолукта да, ыйык дуба жашынган,

Сырын билбейт кабары жок көп адам.

Эң жөнөкөй ак жоолуктун бетинде,

Тумар сымал, ыйык нерсе катылган.

Ар балээден сактасын деп кыргызды,

Ак калпакчан чоңойсун деп уул-кызы.

Каныкей энең таңдайында мөөрү бар,

Ак батасын берген жанып, жылдызы.

Адамдарга, айтып келбейт капсалаң,

Сактасын ал, урпагымды кырсыктан.

Жандап жашайт адамга кас, азыткы,

Асман, жерде сырын бекем сактаган.

7

Ырым кылып, тумар кийиз кынаптап,

Кыюу салып, оймо менен чыраштап.

Кышта жылуу, жайы күнү салкындап,

Баштын көркү, ыйык кийим ак калпак.

Көчүп күндөр, жылдар жылып арадан,

Он эки жаш, Бишкек сындуу, боз улан.

Өз курдашы Ныша менен кой көздөйт,

Аксы ичинде ой, кыр калбай, баспаган.

Бир иш болду көп күндөрдүн биринде,

Кыргыз элдин Аксы деген жеринде.

Дайра жактан ойкуп-кайкып жол өтөт,

Койлор жуушап ошол жолдун четинде.

Эки каймал, жалгыз тайлак жетелеп,

Балдар турган аска көздөй кокту өрдөп.

Эки ортодо түк чечилбес чыр бардай,

Карган чалдар жакалашып, кол кезеп.

Жалгыз бото, окшош төөлөр эгиздей,

Маң-маң басып, айрымасы билинбей.

Тайлак эрке, эки каймал, көөнү ток,

Алмак-салмак эмчек эмет эринбей.

-Менин ботом, менин төөмөн туулган,

деп кыйкырса салып бирөө чуулган.

-Сокурсуңбу, меникине окшош, -деп,

Экинчи адам чыга калат капталдан.

-Сөз жебеген итсиң сен, -деп кекетип,

Бир-бирине, жаман-жакшы сөз өтүп.

Кеңкелестер Кошой бийге жөнөштү,

Калыс издеп, сөз угушпай жөөлөшүп.

Эр Кошойдун айылы алыс, жол узак,

Күнгө күйгөн, мунарыктап ал тарап.

Ойкуп-кайкып, адырларга артылып,

Мына бул жол айыл көздөй бурулат.

Бий айылына жетпей бото кыйналат,

Бул чатакты чечиш керек мурдараак.

Эки бала далдоо жерде кой көздөп,

Чатакты угуп отурушкан жол карап.

Чырдын сырын угуп туруп чыдабай,

-Бул чатакты чечемин, -деп жайма-жай.

Салам айтып Бишкек турду маңдайда,

Тестиер бала, каада күткөн адамдай.

8

-Ой, балакай, сенин жашың канчада?

-Жашта эмес, кептин сыры башта да.

-Талашыңар татаал эмес, чечем, -деп,

Сынай карап чалдар турду маңдайда.

Курган чалдар бир-бирине кеңешип,

-Турбайлы деп жаш балага теңешип.

Тегин эмес бул балада сыр бар, -деп,

Аттан түштү, эки чал тең бир келип.

-Ынтымактуу жашап жүрдүк кошуна,

Чырдын башы маңдайдагы тайлакта.

Эки каймал бирдей бооз, бир ээрчип,

Тууган окшойт, көз карайган маалда.

Эки каймал, эмчек эмген бир тайлак,

Биз билбейбиз ууру алдыбы атайлап.

Чөөлөр талап, ит-куш илип кеттиби,

Изи да жок, ботону издеп биз барсак.

Анан минтип тайлак талаш башталды,

Айбан төөлөр -мен туугам, -деп айтпады.

-Калыстыкка барабыз, -деп баш бийге,

Эгемберди курдаш, күн-түн какшады.

-Баатыр азыр айылда жок, мен билем,

Чырыңарды калыс болуп, шыр чечем.

-Анда бала, бул талашты калыс чеч...

Ортобузда турсун чындык, сөз бекем!

Эки абышка, төөлөрдү алыс айдашты,

Бишкек кармап, алып калып тайлакты.

Жоон санга, аркан толгоп чыңыртып,

Тайлак боздоп, турган ордун чаңдатты.

Чыдай албай каймал төөлөр жүгүрүп,

Жетип келди бир каймал төө бүгүлүп.

Кала берди берки иненген тең жолдо,

Тынч кайдыгер калган өңдүү түңүлүп.

-Чыдабастан жетип келген бул каймал,

Жан кыйналып тайлак тууган жаныбар.

Бала Бишкек, жаш болсо да бек сүйлөп,

-Калыс чечтим, белги сал да, багып ал!

Ошол кезде топ атчандар жакындап,

Жетип келди атчандарды, бий баштап.

Аттан түшүп, колун сунду эр Кошой,

Салам айтты балдар чуркап чурулдап.

9

Чалдар айтып балдардын ал жоругун,

Кошой угуп калыс чечим, чындыгын.

Сындап тиктеп эки жашка таң берип,

Баалап турду жаш баланын тыңдыгын.

-Атың ким? -деп мээрим төгүп балага,

Алды Кошой, жаш уланды суракка.

-Атым Ырай, азыр Бишкек деп атайт,

Бишкек деген атым сиңген кулакка.

Толгоо келип, кымыз бышып энекем,

Бишкек кармап төрөптүр ал, мени эсен.

Тамашалап Бишкек дешип аташып,

Айкүр түшүп Бишкек атым, төл экен.

-Ата тегиң ким болду экен садага?

Деп Кошой бий суроо берди балага.

-Атам Кенен, аты Көпуул энемдин,

Солто уруудан болобуз биз, жан ага.

-Аман жүрүп чоңой дагы иничек,

Өнөр үйрөн, эл аралап көп иштеп.

Кыргыз элдин керегине жарайсың,

Азырынча жаш экенсиң эр Бишкек.

-Жибериңиз алыскы Орус жерине,

Мен куштармын устачылык өнөргө.

Курал-жарак, шайман жасап элиме.

Аткарылсын биздин ыйык демилге.

-Орус элден дөөтү сырын үйрөнүп,

Элди билип, бир эсептен жер көрүп.

Ал тараптан билип келген өнөрдү,

Кыргыздарга үйрөтөмүн мен келип.

-Тиги турган боз улан да, кыйынбы,

Жашы сенден кичүүбү же улуубу?

-Аты Ныша бизге тууган, курдашым,

Ал айлакер, бекем сактайт сырыңды.

-Курсак ачпы инилерим, түш болду,

Ач куржунду, тойгузалы досторду.

-Ким ач калат, толо тамак айлана,

Биз билебиз капкан, тузак тосконду.

Сууда балык, кекилик, чил кургакта,

Коён, улар толуп жүрөт бул жакта.

Балык адал тамак тура башка элде,

Таттуу экен, ташка ысытып кууруса.

10

-Ныша баатыр, сен каякка барасың,

Сырдуу турат мени тике карашың.

-Жибериңиз, манжу-кытай тарапка,

Үйрөнсөм дейм, ошол элдин адатын.

-Манжу-кытай эл, жеринде эмне бар,

Кулчулукка сатышпасын сени алар.

-Тил үйрөнүп, дилин билип келемин,

Аскерлер ишин, дагы кандай өнөр бар.

-Казына бар катып жүргөн үңкүрдө,

Көрсөтпөдүк сизден бөлөк эч кимге.

Мына алар, кызгылт көгүш оор таш,

Алтын эмес, күмүш эмес бул нерсе.

Нөшөрлөгөн чагылгандуу жамгырда,

Көктөн түшөт кантемирлер жазында.

Ташты кесет, тулга, чопкут чыдабайт,

Тартуу кылам кылыч жасап, жан ава.

-Бышык балдар, силер элде турганда,

Биз жарайбыз, калмактарды кууганга.

Беш-алты жыл четте жүрүп келсеңер,

Колду курап, сокку урабыз душманга.

Жетинчи жыл жергесинде Манастын,

Алкым ченде Көк-Секиде, Таластын.

Эки курбу жолугушаар күн болжоп,

Туш тарапка көздөп кеткен сапарын.

Желдей сызып мезгил өтүп билинбей,

Катаал күндөр өтсө, денең жеңилдей.

Кайсыл бир күн, максатыңа жетесиң,

Чыдап күтсөң, келечектен түңүлбөй.

Төрт түлүк мал, ой-кырында күтүрөп,

Жапайы алма, өрүк менен алча өсөт.

Коңур-Өгүз, Кош-Толукта эр Кошой,

Кыргыздардын орто жерин мекендеп.

Соккон жүрөк, күрөө тамыр толтосу,

Коңур-Өгүз кыргыз жердин ортосу.

Арамзанын тоосун ашсаң Суусамыр,

Сары-Камыш, Жумгал-Ата чоң жолу.

Кош-Толуктан Чүй, Таласка өтөсүң,

Кара-Кол аш, Кочкорго бат жетесиң,

Кара-Кочкор андан ары Ысык-Көл,

Долон ашып, Нарын жакка кетесиң.

11

Кош-Толукту көсөм Кошой мекендеп,

Туш тарапка кароол коюп бекемдеп.

Сүннөт тоюн берип жаткан кез экен,

Жамансартты, Момоконду жетелеп.

Жакшы көргөн балдар жакын атага,

Бирөө беште, экинчиси үч жашта.

Эки азамат той үстүнөн чыгышты,

Ак боз бээни тарткан кезде батага.

Азаматтар чоочун элдей кийинген,

Алыс жерден келгендиги билинген.

Аттан түшүп, саламдашты топ элге,

Экөөнүн тең, түрү бардай сүйүнгөн.

Тура калып, амандашып эр Кошой,

Кучак жайды экөөнү тең кошоктой.

Сагынычын таратышты бир топто,

Кучагынан бирин-бири бошотпой.

-Бишкек дайым берип турду кабарын,

Ныша балам, чыкпай кетти дайының.

-Жарым жылча жүрүп Алтай элинде,

Эки жылдай билдим калмак абалын.

Манжу-кытай арасында көп жүрдүм,

Аскер ишин Көсөл чалдан үйрөндүм.

Эл-жер көрүп, көпкө көзүм каныгып,

Тил үйрөнүп, алдым ар кыл билимин.

-Ныша балам, уктум ишке жарадың,

Кана Бишкек, сенин кандай абалың.

-Шакирт болдум сары ногой устага,

Бүт үйрөнүп, темир уста сырларын.

Ээрчип Жакып соодагердин кербенин,

Оренбург шаар, орус элге мен келдим.

Чаныбек деген сары ногойго жолугуп,

Темир уста Жагордон сыр үйрөндүм.

Алып келдим кылыч жасап белекке,

Тулга түтпөйт, шилтеп көргүн абаке.

Кантемирден ширеп туруп жасадым,

Кан майданда жарасын деп керекке.

Колго алып болот кылыч эр Кошой,

-Нар жетелеп келгиле, -деп токтобой.

Бир топ жигит төөдөй лөктү чөгөрдү,

Сындай карап Улак менен Солтоной.

12

Бир шилтеди нардын башы кыйылды,

Топтой ыргып, лөк тыбырап жыгылды.

Бишкек чыгып эл алдында жар салды,

Эр Кошойдун нар кескендей кылычты.

Эр Солтоной кылычындай курч кылыч,

Эки жылдай өмүрдү алган зор жумуш.

Көктөн түшкөн кантемирди ширетип,

Билген жанга машакаттуу бул бир иш.

Калк чурулдап, бата берип жайып кол,

-Эл-журт баштап эсен жүрүп, аман бол.

Бишкек, Ныша силер журтта турганда,

Кыргыз эли башка элдерден зор болоор.

- Сырын билбес сенден башка бөтөн эл.

Ныша баатыр, көрсөт барбы сенде өнөр,

-деп бакылдап эр Кошойду, эл коштоп.

Шаңдуу турду той башталган ыйык жер.

-Бир топ өнөр манжулардан үйрөндүм,

Келди эл-журтка эки өнөрдү көрсөткүм.

Мен чыгайын союл менен каршы алып,

Шер Солтоной сыр найзасын көтөрсүн.

Союл кармап, кара айгырчан эр Ныша,

-Кол салгын, -деп туруп берди алдыга.

Найза сунуп эр Солтоной тушма туш,

Муштап өттү көзүңдү ачып-жумганча.

Ныша буйтап аттын сол жак жалына,

Журт таң калып, тез урулган союлга.

Эр Солтоной куралы жок бош калды,

Колдон ыргып капысынан сыр найза.

-Манжу-кытай дилин билет бул бала,

Ким чыгат, -деп кылыч чаап Нышага.

-Улак баатыр даярданып сен чык, -деп,

Бата берип жиберди эл-журт, жабыла.

Улак баатыр, Ныша ортого чыгышып,

Бирин-бири илбирс сымал аңдышып.

Тез шамдагай мыкчып кетти каруудан,

Ныша Улактын сол жагынан качырып.

Улак баатыр четке чыкты кокуйлап,

Таарынчтан ээрдин кашын чапкылап.

Тарамыш күч, эңишке маш зор Улак,

Чын эңишсе аттан сыйрып таштамак.

13

Ат үстүндө кылыч шилтеп жаа тартып,

Ныша ойноп, тыйын эңип жамбы атып.

Нечен түрдүү согуш ыгын көп билген,

Шай колдогон шамдагайлык жарашып.

Тойго келген жаш-карылар кубанып,

Сүннөт той да өттү ошентип уланып.

Жер үстүндө өлбөй жүрсөң эсен соо,

Жаман, жакшы күндөр өтөт чубалып.

Бишкек баатыр, да бир аты “Туу жыгаар”,

Билбейт чыгаар, кабары жок, адамдар.

Бата менен Теңир жалгап, жаралган,

Бул баатырдын, таржымалын угуп ал:

Бүркүт кабак, тик качырып караган,

Узун бойлуу, эр көкүрөк бир адам.

Өзөн бойлоп, жоо беттеген сапары,

Минген аты, Кара буудан, туйлаган.

Теңир жалгап, эр туулган башкача,

Кыдыр даарып, көкүрөгү таптаза.

Кыргыз элдин бактысына төрөлгөн,

Болмок беле баатырдыгын айтпаса.

Олуядай айткан кеби так келген,

Мүнөзү бар, бир өзүнө бап келген.

Баатырдыгы бир башкача жан экен.

Эли каалап, бата менен төрөлгөн.

Жолго чыгып бир максаттын айынан,

Ыйык турган ал чымындай жаныңан.

Найза алып, жоо жарагын байланып,

Тулпар минип бир жазбаган табынан.

Ой чачырап, миң тарапка бөлүнгөн,

Санаа басып кабыргасы сөгүлгөн.

Ойлоп келет, бошотууну, Ойроттон,

Кыргыз жерин кымбат турган өмүрдөн.

Канчалаган элдер, эрлер кырылды,

Бул Ойроттор, бузуучудай, кылымды.

Баскынчылар ордоңду ойрон кылбасам,

Ыйга айлантып, ырдап турган ырыңды!

Төрөлгөндө, жерге сиңип киндик кан,

Жан дилибиз, ошол жерден жаралган.

Аркандалып биздин тагдыр бул жерге,

Тамыр жайып, жерге бекем кадалган.

14

Бүгүнкү ишти, эртеңкиге, кечтетип.

Ата-журтту, ыйык жерди тепсетип.

Кайсы азамат, намыстанбай жата алат,

Душмандарды кууп чыкпай тездетип.

Суусун ичип, ушул жерде жаралган,

Кантип басат, жер үстүндө, эр адам.

Азаматтар кутулбай тынч, жүрө алат,

Баскынчы эл, башка салган зордуктан.

-Ээ Теңирим, Манас бабам, колдой көр,

Биз баштаган ыйык ишке, жардам бер!

-деп ошентип, Бишкек баатыр, бет алды,

Төгүш үчүн, кан аралаш, маңдай тер.

Галдан Бошокту Каркырага кол салып,

Алтымыш миң аскер каптап жабылып.

Бейпил жаткан эл кыргынга чыдабай,

Ысык-Көл бүт, жоо алдында чабылып.

Ысык-Көлдү, Сары-Өзөндү жоо алып,

Кочкор, Жумгал, эл кырылып кан агып.

Түштүк жакка качып кирди кайран эл,

Мал-жан коргоп, аска-зоого камалып.

Жунгарларга Галдан-Цэрэн хан болуп,*

Каарданып, күндө баштап бир жорук.

Жоокер курап, машыктырып күнү, түн,

Тынч жата албай, кан ичмеси козголуп.

Хан Цэван-Рабтан атасынан жол алып,

Галдан-Цэрэн көрүп мыкты даярдык.

Жан жай албай, күнү, түнү уктатпай,

Бир ой, максат Кыргыз элден өч алыш.

Казак менен Кыргыз жерин чапмакка,

Кол куралып Ойроттордон бир канча.

Миң сан колду Эр Эренецен жетектеп,*

Кетмен-Төбө, калды жоонун алдында.

Байыртадан, Обо энеден, Адамдан,

Кыргыз эли бир башкача жаралган.

Нурдан бүткөн, касиеттүү, эл экен,

Кубат алган жерден, суудан, абадан.

Кабар угуп, булут менен шамалдан,

Дайын турган өч алууга, душмандан.

Азаматтар тулпар минди, туйлатып,

Асыл элдин бактысы үчүн жаралган.

*1723-жылы жунгарларга Галдан-Цэрэн хан көтөрүлөт.

*1732-жылы Кетмен-Төбөгө Эренецен баштаган жунгарлар басып кирет.

15

Чылмайрандын, кокту, колот, жылгасы,

Мезгил болбой, жыргап, куунап, уктачу.

Миң сан кыргыз, найзалары сороктоп,

Нур чачырап баатырлардын туулгасы.

Кан-Жайлоодо, көздөн далдоо, багылган.

Миң сан жылкы, бир түшпөстөн табынан.

Жигиттерге, тандап тулпар миңгизип,

Туу алдында, бийлер турду, кадырман.

Хан шайлаган кыргыз салты керемет,

Эл дуулдап хан шайланды Чоң Мамбет.

Ак кийизге салып тоодой Мамбетти,

Кырк уруудан кырк азамат күтүрөп.

Рай бий менен Абдулкерим кол курап.

Кызмат кылып, чабармандар чапкылап,

Күндүр, түндүр тынчы кетип Эки-Суу,

Жоо беттеди, баатыр Мамбет жол баштап.

Чоң Мамбеттей баатыр колду жетектеп,

Согуш шартын, жоо ал жайын, эсептеп.

Чыга калды чымчык учпас кең сайдан,

Душман көздөп, Кетмен-Төбө этектеп.

Намысы ойноп, Кыргыз каны дуулдап,

Оң-сол канат, жоого аттанды бир убак.

Душман сүрүп, Бишкек, Базыл биригип*,

Жайыл баатыр, Нияз, Сыдык, Тилекмат.

Шумкар куштун канатындай оң, солу,

Кыргыз сүрдүү, алп кара куш болжолу.

Ал мезгилде түндүк, түштүк болбогон,

Ач илбирстей бир түйүлдү бул жолу.

Базыл мырза, Нияз мырза тың чыгып,

Кудаке бий, эл-журт коштоп умтулуп.

Эл күүлдөп душман беттеп ат минди,

Көп эл толкуп, араң турган тумчугуп.

Неберелер тың чыгышып шай колдоп,

Эки бирдей баатыр чыгып өрттөй шок.

Кырк чилтендин тийип берген таасири,

Чылмайран тоо, керемети ишти оңдоп.

Ойротторду ойрон кылып бир далай,

Жардам күтүп, саяк бийи Мидибай.

Жетип келди желдей учуп Байсейит,

Эки-Суудан Омор менен Шажыгай.

*Ал мезгилде түндүктүн эли түштүккө калмактардан качып кирген.

Базыл баатыр менен Бишкек баатыр таяке-жээн болгон.

16

Килем-Ата чөбүн оттоп семирген,

Тулпарлар да, тапка кирип элирген.

Жону тердеп, алыс жолдо талыкпас,

Бир бүткөндөй үстүндөгү эр менен.

Миң-Жылкыда, таптан өткөн күлүктөр,

Баатырларды алып учуп, төгүп тер.

Желдей сызып ооздугун кемирип,

Жүгүрүштү жоо кубалап, жазып чер.

Кайран кыргыз, канча каның төгүлдү,

Эл-журт коргоп арнап асыл өмүрдү.

Кыз, жигитиң, кыл чайнашкан урушта,

Өзгөлөрдөн баатырдыгың, көрүндү.

Бишкек Баатыр жигиттерге бакырып,

Жерден чыккан кара майды ташытып.

Кебез ороп, майга малып, жебе октоп,

Түн ичинде жалын чачып, жаа атып.

Бишкек өзү нечен түрдүү сыр билип,

Келген экен орустардан үйрөнүп.

Батперек жасап майга чылап куйругун,

От тутантып түнкү асманга жиберип.

Ичке арканды кара майга чылашып,

Даракка ороп учун жерге чубалтып.

Баш жагына соймоңдотуп от койсо,

Асман карай жылан сымал чубашып.

Ажыдаардай асманда учуп батперек,

Жалын чачып, куйрук улаш чүпөрөк.

От жалындан түнкү асман бир укмуш,

Ойроттордун, жүрөгү үшүп темселеп.

Бир дем албай, туруп калбай күйүгүп.

Тулпарлар да күн-түн чуркап түйүлүп.

Ат үстүндө шайдооттугу кыргыздын,

Жалын чачып, жаа тартканда билинип.

Ажыдаардай түнкү асмандан от чачып,

От-жалынга душман журтун чулгашып.

Калмак башчысы Суң Кален эч утабай,

Ыш жыттанган көк түтүндөн дем алып.

Чабуул жасап кереге, уугун талкалап,

Найза сайып, башын жарып балталап.

Кылыч ыргып, найза сынып, ат кулап,

Жөө кармашып бири-бирин жакалап.

17

Бишкек улам, жалын чачып күч алып,

Душман жүдөп көк түтүнгө ышталып.

Оңдон, солдон курчап кайра жазылып,

Согуш шартын амал менен башкарып.

Түлкү баатыр, эр Солтоной, Бердике,

Шыгы артып шай колдогон эрдикке.

Жайыл, Ныша, Кошой жана эр Улак,

Ташкен көздөй калмактарды кубалап.

Өңүп кирип Бишкек менен Сейитбек,

Намангадан, Кокон жактан жоо издеп.

Эр Солтоной чыгышынан Ташкендин,

Кирип келди чагылгандай тез жиреп.

Ташкен курчап согуш жүрдү эки күн,

Төө мылтыктар дүпүлдөдү күнү-түн.

Желдей учкан күлүктөргө ок жетпей,

Кыргыз мерген, терип атып мергенин.

Мергенчилер түз мылтыгын октошуп.

Сейитбек, Бишкек куургучка от коюп,

Чабуул койду түнкү айлана жаркырап,

Чепти жарып кирген суудай топтолуп.

Талкалабай эски шаарын кыргыздын,

Эр жигиттер кулатпады бир кышын.

Корголошуп колго түштү миң калмак,

Коого түртүп эрлер кырды бардыгын.

Түркстанда он миң колун башкарып,

Казак менен калың калмак чабышып.

Жолборс ханга келди кыргыз көмөккө,

Казак-кыргыз кан майданда табышып.

Абылмансур бул жардамга кудуңдап,

Самаке хан келди түмөн кол баштап.

Үрөйү учуп туш тараптан кол келип,

Ойрот качты Балкаш жакка калдактап.

Балкаш көлдүн үстүндөгү ысык чөл,

Боз мунарык боз адырлуу кызык жер.

Кудук тандап суу ичкенди кааласаң,

Анархайдын боз талаасын барып көр.

Жылан сойлоп кум үстүндө ышкырып,

Күн ысыгы, таш куйкалап сызгырып.

Суусуз кургак, бөйөн-чаян толгон чөл,

Тагдыр айдап калмактарды туш кылып.

18

Калмак колун Цэрэн-Дондок жетектеп,

Төрт түмөн кол калмак санын эсептеп.

Ташкен шаарын таштап артка сүрүлүп,

Келди Анархай, Балкаш көлүн этектеп.

Күн куйкалап адам билбес курт чагып,

Туш тарабы түр кордукка курчалып.

Кыргыз-казак түн баласы уктатпайт,

Калмак жүдөп бир эс албай тынч алып.

Жүз арканды сөксөөлгө ороп от коюп,

Түнкү асманда ажыдаар учуп октолуп.

-Ыйык Бурхан каарына калдык, -деп,

Үрөйү учуп калмак үркүп, токтолуп.

Куургуч өрттөп, кара майга матырып,

Кыргыз-казак баштап түнкү жапырык.

Кирген суудай жоону сүрүп найзалап,

Эр Манас деп, кыргыз ураан чакырып.

Түнү уктабай, Дондок көзүн ушалап,

Чыга албады мурункудай кол баштап.

Үрөйү учуп, оомат кайтып Кыргызга,

Түмөндөгөн калмак турду калдактап.

Жоо бетине беш жүз жигит кол салып,

Калмактардын кароол дөбө курчалып.

Бишкек жыкты туу көтөргөн балбанын,

Кылыч менен баштан ары бир салып.

Анархайда калың калмак кырылып,

Асман сайган ыйык туусу жыгылып.

Цэрэн-Дондок башы-көзүн калкалап,

Качып кирди Чаган-Көлгө тыгылып.

Жоону беттеп, суудай акты кызыл кан,

Душман качты, ордо журту бузулган.

Бишкек баатыр, Боз тулпарды ойнотуп,

Туусун жыкты, өчүн алып душмандан.

Ак-сөөктө душман сөөгү жер жайнап,

Бурбайталда чабыш болуп кан кайнап.

Тешик-сайда калмак сансыз кырылып,

Жайсаң деген тоого качты калчылдап.

Жеңиш туусун асман тирей көтөрүп,

Көй кашкалар жоо кубалап көшөрүп.

Кылыч, найза, айбалтасы жаркылдап,

Чаган-Көлгө жоонун башын чөгөрүп.

18

Ур токмоктоп, суудай агып кызыл кан,

Тулпарлардын туяк асты, жуурулган.

Ыйык жерди жамынышып, асылдар,

Кан, тер агып, баскынчылар куулган.

Жерлер барбы, кыргыз буту баспаган,

Кайың барбы, кыргыз балта чаппаган.

Тоолор барбы, белдер барбы, ой барбы,

Сайлар барбы, кыргыз сөөгү жатпаган.

Ырлар чыкты чын жүрөктөн сызылып,

Комуз сайрап, жүрөк муңдан кутулуп.

Кылым карып, кыргыз ыры жашарып,

Кыргыз жүрөк, булбул кушун учуруп.

Жеңиш менен элге кайтып эр Мамбет,

Туу көтөргөн баатырларды жетектеп.

Чыга келди чымчык учпас кең сайдан,

Кереметтүү Шың-Сай жээгин этектеп.

Калмак качты өйдө-төмөн жүгүрүп,

Жердин ээси, эл болуудан түңүлүп.

Чүй жердеген жайсаң төрө Маркашка,

Дөөлөт качып, элден оолак сүрүлүп.

Жоонун жайын так эсептеп эр Мамбет,

Эр Солтоной, Жайыл менен эр Бишкек.

Кирип келди Сары-Өзөнгө кол баштап,

Тынып калбай ойротторду жеңдик деп.

Түлкү баатыр, эр Солтоной, Бердике,

Шыгы артып, шай колдогон эрдикке.

Колго түштү чоң коңтайши Маркашка,

Өкүм кылган Ысык-Көл, Чүй жерликке.

Жайыл, Ныша, Кошой чыгып бир убак,

Ысык-Көлдөн калмактарды кубалап.

Эр Солтоной, кыраан баатыр Бердике,

Маркашканын башын алды кылычтап,

Жөө тумандай жер үстүнөн түрүлүп,

Сары-Өзөндөн ойрот качты сүрүлүп.

Тазаланды Кочкор, Жумгал ыйык жер,

Шай колдогон, Кыргыз сүрү билинип.

Жалпы эл көчүп өз жерине жол алып,

Сай жээктеп, кокту өрдөп көч агып.

Эски журтун өөп, жыттап жаткан көп,

Көздөр тойбой, өскөн жерин сагынып.

10

Кереметтүү Чуңкурчакты жайланып,

Кермесинде чылгый күлүк байланып.

Бишкек конду, ата-журтка кайрадан,

Куштай учуп кыргыз жерин айланып.

Кызыл-Белес, Көк-Кумактан мал карап.

Таң азандан Туюк-Төрдөн жылкы айдап,

Малга толгон ой-кырлары, жыбыты,

Чоң-Арашан, Кара-Булак, Таш-Башат.

Жыбыт, жылга, белес басып, кыр ашат,

Кой-Таш ылдый кирген малдар адашат.

Аюу, жолборс, чөөсү менен түлкүсү,

Күн, түн жортуп, калың камыш аралап.

Малы төлдөп, Чуңкурчакка жаз келип,

Кызыл-Белес, Кыраң-Белде, гүл терип.

Кыздар кырда, бош жигиттер дуулдап,

Ордо ойношот, Чуңкурчакта, иргелип.

Тегиз тийип, күндүн нуру төгүлгөн,

Сары-Өзөн, Чүй, кут орногон жер экен.

Кыргыз элдин борборундай нур чачат,

Төрткүл дөбө*, бир ажайып көрүнгөн.

Бул ыйык жер, эки өзөндүн, ортосу,

Каккан жүрөк, кан айланган толтосу.

Кең-Аралың*, бир башкача жер тура,

Орной турган, Кымбат Кыргыз, ордосу.

Чырпык өсүп, жыл санабай бак болгон,

Дарак тандап уя салып, куш конгон.

Бирде жашыл, бирде сары, кубулуп,

Эки өзөндүн ортосунда гүл толгон.

Эки эгиздей, бир чоңоюп, бир өскөн,

Аламүдүн, Ала-Арчадай эки өзөн.

Кут куюлган Кең-Аралдай, ыйык жер,

Айтчы калкым, дагы кайда бар экен.

Бейпил заман келе калып бир мезгил,

Мүмкүн жерге Теңир түшүп келгендир.

Кут куюлуп, Кыргыз жери мемиреп,

Токтоп турду, бир топ күнгө бул өмүр.

Ошол мезгил, эстен кеткис ал күндөр,

Баскан жолдор, жашап өткөн өмүрлөр.

Умай энем, Бабам баскан ыйык жол,

Закым сымал көз алдымдан, өтө көр.

*Бишкек шаарындагы азыркы Ысык-Көл кинотеатры жайгашкан жерди “Төрткүл” деп аташкан.

*Ошол мезгилде Аламүдүн, Ала-Арча өзөнүнүн ортосун “Кең-Арал” деп аташкан.

21

Бишкек баатыр жай жашоого бет алып,

Жан жай албай маңдайынан тер агып.

Аламүдүн суусун бойлоп жер чалып,

Дарак тигип, Төрт-Күл жакка там салып.

Көрүк үйлөп, дөөтү кармап иш жасап,

Шайман жасап, мингич көлүк, такалап.

Жибек-Жолго*, уста узанчу жай салып,

Кыштоо куруп, жарды-жалчы асырап.

Оренбургдан, Оролдон көп эл көрүп,

Темир уста Жагор тынбай шык берип.

Чаныбек деген сары ногой, шакирттен,

Келген Бишкек нечен сырды үйрөнүп.

Жардам берип Манапкозу, Манапбай,

Өз балдары сарай курду төрт, беш ай.

Шакирт болуп, балка чаап, иш жасап,

Баймурат да, Рыскул да тынч жатпай.

Түндүк, түштүк кабар жетип угулду,

Жибек-Жолго кербен сарай курулду.

Базар орноп, соода жүрдү жайма жай,

Жарак, жабдык таап барды, жогуңду.

Т

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×