Добавить статью
7:41, 24 сентября 2012 14462

Кумтөрдө 700 тонна алтындын запасы калды деген божомол бар (кайрылуу)

Үстүбуздөгү жылдын февраль айынан тартып 20-июнга чейин Кумтөр алтын кенин текшерип чыктым. 20-июнь күнү Жогорку Кеңешке отчет бердим. Кумтөр алтын кени Кыргыз элинин гана кызыкчылыгына иштеш керек деген токтомдун долбоорун даярдадым, 27-июнь күнү добушка коюлуп, тилекке каршы Жогорку Кеңештен колдоо тапкан жокмун. Басымдуу көпчүлүгү каршы добуш беришти.

Кандай себептерге таянып мындай долбоор даярдадың эле деген суроо туулушу мүмкүн.

1992-жылдан баштап эле бардык келишимдер мафиялык, мыйзам бузуучулук жолдор менен түзүлгөн экен. Кыргыз элинин кызыкчылыгын биякка коелу, тескерисинче, өмүр бою (ушул жарык дүйнөдө Кыргызстан канча миллиондогон жылдар жашаса) Кыргыз элин укум тукумдарыбызга чейин ууландыра турган, деңиз денгээлинен 4 миң метр бийиктикте жайгашкан 360 гектар жердеги уу калдыктарды алып калдык. Бүгүнкү күндө ошол уу калдыктарды ичип олтурабыз. Ал уу калдыктарды жок кылуу үчүн канадалык шылуундар бир тыйын дагы бөлбөйт экен. Бардык түшкөн пайданы сыртка чыгарып кетип жатышат. Буга биздин чиновниктер жана «Кыргызалтын» ишканасы толук эт бетинен кетип жардам берип жатышат. Себеби, ар биринин долялары бар. Кайсы чиновниктердин аралашкандыктарын мен 3-октябрь 2012-жылы саат 11:00дө Ала-Тоо аянтында өтө турган, тынчтык чогулушта толук жарыялаймын.

Ал чиновниктер бүгүнкү күндө эч нерсе билбегендей Кыргызстанда эркин басып жүрүшөт. Айрымдары жогорку кызматтарда иштеп, дагы деле канадалык шылуундарга эт бетинен кетип алтын менен күмүштү ташып чыгып кетүүгө жардам беришүүдө. Элдин убалы бар дегенди таптакыр ойлонушпайт. Ушундай көрүнүштүн баарын ачык айтып, ак сүйлөп чыксан эле президентибиз Алмазбек Атамбаев айткандай, «Ак шакалдар» чыгып, шылуундарды колдоп массалык маалыматтардан сүйлөй башташат.

Кептин чындыгын айтсам, 1997-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин 260 тонна алтын казылып алынып, 1 тонна 400 кг алтын Кыргызстандын пайдасына калган дагы, калганын бүт бойдон канадалык шылуундар ташып чыгып кеткен. Күмүш болсо 1997-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин 70 тонна казылып алынып, 1 граммы дагы Кыргыз элинин пайдасына калган эмес. Баарын ташып чыгып кетишкен. Башка дагы көптөгөн, алтындан кымбат баалуу металлдар жөнүндө кеп козгоп кереги жок. Биздин чиновниктер жана айрым ак шакал агаларыбыз налог жана соцфонд төлөп жатышбайбы дешет, а бирок ал төлөнүп жаткан төлөмдөр ташылып кетип жаткан алтын, күмүш, жез, вольфрам жана башка баалуу металлдардын 10%ын дагы түзбөгөндүгүн кандай түшүндүрүшөт. Көрсө биздин саналуу гана чиновниктерибиз өз чөнтөктөрүн кампайтып олтуруу менен гана алек болушкандыктары аныкталды.

Келишим боюнча 2007-жылы Кумтөр толук Кыргызстанга 100% өтмөк экен. Бирок ошол кезде дагы мафиялык жолдор менен, атайылап канадалыктарга калтырышкан. Себеби, биздин бүгүнкү күнгө чейин доля алып олтурган чиновниктерибиздин чөнтөгүнө акча түшпөй, баары мамлекетке түшүп калып жатпайбы.

Айрым Кумтөрдөн жугунду ичкен ак шакал агаларым, Жапаров мамлекеттин чөнтөгүнөн 300 миң доллар эксперттерге коротту дешет. Тескерисинче мамлекеттен 1 тыйын дагы албай спонсор издеп, карыз сурап жана өзүмдүн Кусеин Карасаев атабыздын эстелигин (30 %-ти бүтүп токтоп турат) жасатып жаткан 20 миң доллар акчамды кошуп баардыгы болуп эксперттерге 150 миң доллар төлөп бергендигимди көрүп турушуп, сокур болушат. Эмне үчүн мындай кадамдарга баргандыгымдын себеби, Кыргыз элибиз суу эмес уу ичип олтурганын өз көзүм менен көрүп туруп көрмөксөнгө салсам, Кыргыз элимдин укумдан тукумга чейинки урпактарынын кусуру жана убалы уктатпайт деп эсептедим. Ал эми азыр ушул тапта уурулардан түзүлгөн өкмөттүк комиссия, мамлекеттин эсебинен чет мамлекеттик эксперттер деген ат менен, 45 миллион сом төлөп берип жатышкандыктарын эмне десек болот. Бүгүнкү күндө «Кумтөр» алтын кенинде, эгер шылуундардын айткандарына ишенсек, 700 тонна алтындын запасы калды, а балким андан дагы аз калышы мүмкүн, себеби учетко коюлбаган алтынды ташып кетип жаткан учурларына күбө болдук. Эгер чындыгында эле 700 тонна алтындын запасы калган болсо бүгүнкү баа менен алсак, 40 миллиард доллардын тегерегинде акча болот. Өз убагында Аскар Акаев бекеринен эле Кыргызстанды 2-чи Швейцария кылам деп айткан эмес экен. Көрсө ишке ашаарына көзү жетип, бирок аялы, баласы, кызы, күйөө баласына алы жетпей калган тура. 

Андан кийинки Президент Курманбек Бакиевдин деле Кумтөр боюнча жакшы ойлору болуп, бирок Жаныш иниси менен Максим баласынын таасиринен чыкпай калган экен. Эгер Кумтөр бүгүндөн баштап толук Кыргызстандын кызыкчылыгына иштей баштаса жакынкы беш жылдыкта 2-чи Швейцарияга айлана турганы айдан ачык болду.

Ал эми 2010 жылы 90 баланын, жана июнь коогаланында 500-дөн ашык жарандарыбыздын канын кечип келген бийлик терен ойлонуш керек.

Эң өкүнүчтүүсүү пенде бийликке келгенде көзүн май басып, кулак дүлөй болуп, эч нерсе көрбөй, билбей калат экен. Ошондуктан урматтуу чиновниктер байлык чогултуп убара болбогула. Эгер миллиардары жардам берсе Акаев менен Бакиевке жардам берет эле. Ошондуктан азыркы президентибиз дагы элибиздин келечегин ойлоп Кыргызстандыктарга уу ичирбей таза суу ичиришти ойлосо тура болот деп ойлоймун. Себеби бардык маселе президенттен гана көз каранды болуп турат.

Урматтуу мекендештер

Конституцияда так көрсөтүлгөн жер жана анын кен байлыктары Кыргыз элине гана таандык деп турат. Ошондуктан 3-октябрь күнү саат 11-дө Ала-Тоо аянтында өтө турган тынчтык чогулушуна баардыгыңыздарды чакырамын. Ар бириңиздер өз оюңуздарды билдирип бир чечимге келели деген гана максат.

Урматтуу Кыргызстандыктар

Ушул тапта чиновниктер жалган ушак менен гана жашап ар кандай тескери оюндарды уюштурушуп олтургандары баарыбызга маалым. Ошондуктан ар кандай ушак айын сөздөргө ишенбестен Кумтөр маселесине эч кандай сасык саясаттарды кошпостон, ийри олтуруп түз кеңешели. Өлкөбүздүн келечегине кайдыгер карабаган, мекенчил инсандарыбыз келип өз пикириңиздерди билдириңиздер.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×