Добавить статью
11:24, 28 сентября 2012 33991

Кара-Суу калкынын 65%ы кышка даяр эмес (кайрылуу)

Кара-Суу районунун Мады айыл округунун башчысы Ж.Матанбаевге кайрылуу

Ош обладминистарциясынын алдындагы Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мамлекеттик инспекциясы КР премьер-министринин протоколдук тапшырмасы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери тарабынан айыл жергесинде социалдык обьектердин, жарандардын кышка карата жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча жүргүзүп жаткан иштерине мониторинг жүргүзүү тапшырмасын аткаруу максатында Сиз жетектеген айыл округтун Кыргыз-Чек жана Асан-Чек айылдарында инспекция тарабынан 2012-жылдын 25-сентябрь күнү сурамжылоо жүргүзүлгөн.

Натыйжада сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча катышкандардын 65%ы кышка такыр даяр эместиги, ал эми 35%ы кышка жарым жартылай даярдыгы аныкталды.

Тилекке каршы, Мады айыл округунун 2012-жылдын 26-сентябрындагы чыгыш №416 катында айыл округдун калкынын кышка даярдыгы жөнүндөгү маалыматта Кыргыз-Чек 79,9 %, Асан-Чек 79,8% кышка даяр деп маалымдалган.

Ошондой эле, калктын 100%ы күздүк эгиндерин сапаттуу үрөндүн жоктугунан, кымбаттыгынан эгишпей тургандыгын билдиришкен.

Мындан сырткары, азык-түлүк коопсуздугуна даярсызбы? деген суроого калктын 25%ы даярдыгын жана 75 %ы даяр эместигин билдиришти.

Жогоркулардын негизинде керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мамлекеттик инспекциясы төмөнкүлөрдү сунуш кылат:

1. Калктын кышка карата даярдыгы жана 2013-жылга карата күздүк кылкандуу дан эгиндерин айдап себүүнү, азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө түшүндүрүү иштерин калкка жеткирүүнү.

2. 2012-жылдын 10-октябрына чейин Мады айыл округу тарабынан жалган маалыматтарды берген жетекчилерге Кыргыз Республикасынын Администартивтик жаза жөнүндөгү кодексининин 310 беренесине ылайык административтик жоопко тартылат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×