Добавить статью
4:59, 29 сентября 2012 27026

Ө.Бабановтун өкмөтүн жоопкерчиликтен кутулткан Ө.Текебаев менен Ф.Кулов жооп береби?

КР өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө» КР Мыйзамын аткаруу боюнча уюштуруу чаралары тууралуу 2012-жылы бюджетти сапаттуу жана натыйжалуу аткаруу максатында КР өкмөтүнүн №635 токтомунун 4-пункутунда Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка борбордук аткаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- КРнын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана өз убагында пайдаланууну камсыз кылышсын.

- 2012-жылга белгиленген эмгек акы боюнча лимитти сактоону камсыз кылсын, бюджеттик уюмдардын жетекчилерине эмгек акы фондунун лимитинен ашкандыгы үчүн жекече жоопкерчиликти аныкташсын, деп токтомду токуп Жантөрө мырза кол койду.Эми бюджеттен бөлүнгөн максаттуу акчаны бербегендиги үчүн кимдин жекече жоопкерчликке тартса болот Жантөрө мырзаныбы? Бюджеттен бөлүнгөн ачалар араң 40% гана берилди.

Тактап айтканда, Кыргызстандын 2012-жылга карата бюджети ЖК тарабынан апрель айларында араң бекитилип экинчи кварталддын ортосунда же май айында министрилик жана ведемостволор жана агентикктер менен чыгаша сметалары ошол убактагы каржы министри Акылбек Жапаровдун жеке сунушу менен бекитилген башка министрликтердин сунуштары эске алынган эмес. 2012-жылга каралган бюджеттик чыгашалардын жалпы суммасынын биринчи кварталга 19% жана экинчи кварталдарына 21%, үчүнчү кварталга 28 %, төртүнчү кварталга 32% пайыз чыгашаны Ө.Бабановтун өкмөтү көз боюмочулук менен бөлүштүрүшкөн.

Атап айтканда жана башка чыгымдардын да көпчүлүк пайызын үчүнчү, төртүнүч кварталга коюшкан мындайча айтканда ноябрь, декабрга бөлүнгөн акчага эмне иш бүтөт.

Бул деген мынча миллион сомду үнөмдөдүк дегенди түшүндүрөт. Эми болсо Ж.Сатыбалдиевдин өкмөтү үчүнчү жана төртүнү кварталга берилүүчү сметалык чыгашаларды толук түрдө бере алышпастыктарын айтып алакан жайышууда же Ж.Сатыбалдиев айтмакчы «Бюджеть пустой» бир топ мамлекеттик ишканалар 2012-жылга белгиленген стратегиялык жана улуттук иш-чараларды , курулуштары жүргүзө албайт деп түшүнсө болот.

Тактап айтканда КР өкмөтүнүн ошол эле токтомунун 8-пункутунда Мамлекеттик жана муниципалдык менчик болуп саналбаган, чарбакер субьекттердин балансында турган обьекттерди курууну жана кайра конструкциялоону каржылоого тыюу салсын деп баса белгилген. Мунун негизинде бийлик бутактарынын алсыздыгына алып келгенин Өлкө алдыга эмес артка кетип жатканынын далили.

Мурунку Ө.Бабановдун өкмөтүн кетирбей туруп жыл жыйынтыгы менен кетирген кемчилдиктерин моюнуна коюп жоопкерчиликке тартыш керек болчу. Азыр жоопкерчиликти кимден сурайбыз ара туулган өкмөттөнбү? Мамлекеттик кызыкчылыктан жеке кызыкчылыкты жогору койгон Ө.Бабановдун өкмөттүн жоопкерчиликтен кутулткан Ө.Текебаев менен Ф.Кулов жооп береби? Кара ниеттик менен максатсыз реформаларды жүргүзгөн А.Акаевтен баштап А.Атамбаевге чейинки өкмөт жоопкерчиликке тартылган жок. Мунун кесепетинен улуттук иделогиялык програмалардын жоктугунан мамлекеттик кызматкерлердин эртең менен саат 8ге ишке келип интернеттен ушак окуп отургандан башка кыла турган иш жок болуп калды.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×