Добавить статью
2:42, 2 октября 2012 21456

7-апрель чындыгын талап кылабыз!

Талас облустук Элдик жыйындын катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

төрагасы А.Ш.Жээнбековго

КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Президенти жана депутаттары!

Бүгүн биз, Талас облусунун тургундары Элдик жыйынга өз пикирибизди айтууга чогулдук. Биз ушак-айың, жоромолдордон жададык. Бул маселеге акыркы чекитти коюуга мезгил жетти. Эмнеге бул туурасында кеп козгоп турабыз? Себеби, 7-апрель окуясы боюнча сот эки жылдан бери создуктурулуп келет, качан аягына чыгары да белгисиз.

Урматтуу Президент жана депутаттар!

Ак үйгө жумушка баратып, күн сайын “ 7-апрелде окко учкан азаматтарыбыздын каны тамган “Ала Тоо аянтынан өтөсүңөр. Эсиңерден чыгара элексиңерби? Биз унутпадык, унутпайбыз! Кан менен ойнобогула!

Өткөндүн катачылыгын кайталап, элдин сабырын сынабагыла. 7-апрель сотуна чекит коюп, күнөөлүүлөрдү жазалагыла! Биз күтүүдөн тажадык!

Талап-тоноочулук, “Ата Мекен” партиясынын депутаттарын далилсиз айыптоолор, 7-апрель сотунун создуктурулушу – бир чынжырчадагы аракеттер деп эсептейбиз.

Айрым саясый күчтөр бул кырдаалдан пайдаланып, 7-апрель тарыхын өз кызыкчылыгына ыңгайлаштырып жазууга ниеткер. Алар “Ата Мекен” партиясынын төрт депутатын бакиевдик мүлктү талап-тоноого катыштыгы бар деп айыптаган кылмышкерлердин айткандарын телеканалдардан көрсөтүштү.

Мындай айыптоолордун алгач жаңырганынан бери 9 ай өттү. Бул аралыкта кош бойлуу аял да көз жарат. А бирок, биздин саясатчылар 9 айдан бери чындыкты ачыктай албай коюшту. 89 азаматка ок аткандарды аныктап, жазалагандын ордуна айрымдар элдин көңүлүн бакиевдик мүлктүн талап-тонолушуна бурууда. Элдин башын айландырып келишет.

“7-апрель революциясы” деген аталыштын ордуна негедир бизди “7-апрель талап-тоноочулугу” деп үйрөтүп атышат. Ары баатырдык, ары кайгылуу да күндүн тарыхын бурмалоо аракети күч алды.

Булардын баары так пландалган акция, спектаклге окшоп турат. Бирок, анын режиссеру ким? Бул кимге керек?

Кайсы мамлекеттин тарыхында кылмышкерлердин көрсөтмөсүн телеканалдардан кайталатып, Өкмөт мекемелер аралык комиссия түзгөн эле? Бул уят!

Биз 7-апрель революциясынын толкунунда бийликке келгендердин унчукпаганын түшүнбөй турабыз. 7-апрель тарыхы бурмаланып, түшүнүктөр алмаштырылып жатса, эмнеге алар үн катпайт?

“Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин дарегине үч кылмышкер тарабынан тагылган айыптоолорду иликтөө боюнча парламенттик комиссиянын жыйындарына катышууга биздин жыйындын 10 делегатын шайладык. Чындыкты табууга биз жардам беребиз, бул ишке акыркы чекитти бирге коебуз.

Жогоруда белгиленгендерди эске алуу менен биз:

1. 2010-жылдын 7-апрель окуялары боюнча соттук жараяндын аягына чыгарылышын;

2. «Ата Мекен» партиясынын лидерлерине тагылган айыптар боюнча тез арада иликтеп, жыйынтыгын элге ачык жарыялоо;

3. СИЗОдо олтурган адамдын такталбаган билдирүүлөрүн эфирге чыгарып, «Ата Мекен» партиясынын беделин түшүрүү ниетинде маалыматтык кампанияны уюштурган адамдарды жоопко тартууну талап кылабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×