Добавить статью
10:15, 2 октября 2012 6869

Жетекчилер «Кулундунун бандиттери» деп айтышат

Ушул жылдын 25-апрель күнү кечинде Лейлек районуна караштуу Кулунду, Интернационал жана Раззаков айылдарын сел каптады. Кулундуга биз эртеси 26- апрель күнү түшкө чейин жетип бардык. Облустук, райондук жана республикалык тийиштүү жетекчилердин бардыгы түштөн кийин Кулунду айылында жыйын өткөрүп, селден жабыр тарткан Кулунду айылын калыбына келтирүү боюнча райондук штаб түзүлдү. Жыйынга республикалык, облустук жана райондук жетекчилерден тышкары айыл округунун активисттери, аксакалдары, депутаттары жана айтылуу Кулундунун жаштары катышышты. Ошондой эле селден жабыр тартып үйлөрү кулаган, бастырма тамдары бузулган, айдоо жерлерин жана эгиндерин сел жууп кеткен айылдын тургундары да катышышты.

Жыйында селден жабыр тарткан объектилер, аларды кошумча тактоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш чаралар түзүлдү. Көптөгөн адамдар чыгып өз ойлорун, арыздарын, кеңештерин ортого салышты.

Ошондо, Кулундунун жаштарынын атынан сөз сурап, өзүн токтоо кармаган бир жигит ордунан туруп, ошол эле жерден мындай деди: «Урматтуу Кулундулук туугандар! Урматтуу чоңдор жана жетекчилер! Бизди райондун жетекчилери «Кулундунун бандиттери» деп айтышат. Алар эмне себептен бизди «Кулундунун бандиттери» дешет? Себеби - биз ГСМшиктербиз. Сиздерге ачык айтайын, биз Өзбекстандан ГСМ алып келип, үстүнө нарк коюп, кошуна Тажикстанга дүңүнөн өткөрүп сатабыз. Андан тапкан кирешенин эсебинен биз үч айылдын мектептерине, балдар-бакчасына, ооруканаларга жардам берип жатабыз. Мындан тышкары, турмушу начар үй-бүлөлөргө, кары-картаңдарга, майыптарга, багар- көрөрү жок жетим-жесирлерге, сагырларга, ошондой эле баласынын окуусу үчүн контрагын төлөй албай жаткандарга акчалай жардам берип жатабыз. Үч айылдын көчөлөрүн оңдоп жатабыз. Анан кантип биз «бандит» аталабыз. Кошуна Тажикстанга бийликтеги чоңдор өздөрү контрабандалык товарларды өткөрүп сатып жатышат. Биз ГСМ эле өткөрүп сатабыз. А бийликтеги чоңдор ГСМ, цемент, селитра жана башка көптөгөн товарларды өткөрүп сатып жатышат. Мындан тышкары алардын «долялары» да бар.

Мисалы, биздин ГСМде дагы алардын долялары бар. Алып турушат. Алар бизге окшоп мектеп, бала бакчаларга же жетим-жесирлерге жардам беришпейт. Бир сом бир жерге кайырлашкан жерлери жок. Анан бизди «бандиттер» дешет. Мен айтып коеюн «бандиттер» ошол чоңдор өздөрү. Ким бандит экенин өзүңүздөр билип алыңыздар.

Биз, Кулундунун жаштары, ГСМшиктер, бирөөбүз арак ичпейбиз. Оозубузга алмак түгүл колубузга кармабайбыз. Экинчиден, биз баарыбыз тең бирибиз калбастан толук намаз окуйбуз.

Мына бүгүн да биз бул жерге куру кол келген жокпуз. Селден жабыр тартып үйлөрү бузулган адамдарга Кулундунун жаштарынын атынан мына бул 1 млн сом акчаны жардам катары алып келдик. Эгер акча жетпей аз болуп калса, дагы 1млн сом беребиз.

Бул акчаны жыйындан кийин айыл өкмөтүнө алып кирип тапшырабыз. Акчаны бөлүштүргөндө биз өзүбүз да катышабыз» деп кара сумкадагы акчаны элге көрсөтүп, туруп анан ордуна олтурду. Бул жигиттин айткан сөзүнө жооп кылып жетекчилерден же башкалардан бир да бирөө чыгып сүйлөгөн жок. Эмесе, райондук, облустук жетекчилерден башка укук коргоо органдарынын жетекчилери да бар болчу. Демек, мен үчүн Кулундунун жаштарынын атынан туруп сүйлөгөн жигиттин сөзү жүйөөлүүдөй.

Жыйындан кийин сыртка чыгып Кулундунун жаштарынын тобуна келип бардыгынын колдорунан кысып, иштерине ийгилик каалап коштошуп кайттым. Айтмакчы, алардын эки- үчөө мени обочо тартып туруп, эгер керек болсо биз сизге райондук, областтык чоңдордун жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин кимисинин канча «долясы» бар экендигине чейин айтып беребиз дешти.

Дагы бир баса белгилей турган сөз, Кулунду каналын басып калган шагыл-кумдардан техниканын күчү менен тазалоо иштери аяктап, акырында кол күчү менен аткарыла турган иштер калганда Кулундунун 300дөн ашык жаштары жапа тырмак келишип, эки күндө каналды кол күрөк, кетмендер менен тазалап чоң иш жасап бүткөрүп беришти. Рахматтан башка айтаарыбыз жок.

Мен аларга «ГСМ боюнча ишиңерди качан токтотосуңар?» десем, алар «бийликтегилер качан өзүлөрүнүкүн токтотушса токтотобуз, токтотушпаса биз да токтотпойбуз» дешти.

«Ансыз алар силерди токтото алышпайбы» десем, «өзүлөрү таза болбогондон кийин бизди кантип токтото алышат»,- деп жылмая жооп беришти. Эмесе, ишиңерге чоң ийгиликтер болсун Кулундунун жаштары!

Мына бүгүн да биз бул жерге куру кол келген жокпуз. Селден жабыр тартып үйлөрү бузулган адамдарга Кулундунун жаштарынын атынан мына бул 1 млн сомКулундунун жаштары

АбдибакирИмаров, Баткен облусуКулундунун жаштары

АбдибакирИмаров, Баткен облусу акчаны жардам катары алып келдик. Эгер акча жетпей аз болуп калса, дагы 1млн сом беребиз.

Бул акчаны жыйындан кийин айыл өкмөтүнө алып кирип тапшырабыз. Акчаны бөлүштүргөндө биз өзүбүз да катышабыз» деп кара сумкадагы акчаны элге көрсөтүп, туруп анан ордуна олтурду. Бул жигиттин айткан сөзүнө жооп кылып жетекчилерден же башкалардан бир да бирөө чыгып сүйлөгөн жок. Эмесе, райондук, облустук жетекчилерден башка укук коргоо органдарынын жетекчилери да бар болчу. Демек, мен үчүн Кулундунун жаштарынын атынан туруп сүйлөгөн жигиттин сөзү жүйөөлүүдөй.

Жыйындан кийин сыртка чыгып Кулундунун жаштарынын тобуна келип бардыгынын колдорунан кысып, иштерине ийгилик каалап коштошуп кайттым. Айтмакчы, алардын эки- үчөө мени обочо тартып туруп, эгер керек болсо биз сизге райондук, областтык чоңдордун жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин кимисинин канча «долясы» бар экендигине чейин айтып беребиз дешти.

Дагы бир баса белгилей турган сөз, Кулунду каналын басып калган шагыл-кумдардан техниканын күчү менен тазалоо иштери аяктап, акырында кол күчү менен аткарыла турган иштер калганда Кулундунун 300дөн ашык жаштары жапа тырмак келишип, эки күндө каналды кол күрөк, кетмендер менен тазалап чоң иш жасап бүткөрүп беришти. Рахматтан башка айтаарыбыз жок.

Мен аларга «ГСМ боюнча ишиңерди качан токтотосуңар?» десем, алар «бийликтегилер качан өзүлөрүнүкүн токтотушса токтотобуз, токтотушпаса биз да токтотпойбуз» дешти.

«Ансыз алар силерди токтото алышпайбы» десем, «өзүлөрү таза болбогондон кийин бизди кантип токтото алышат»,- деп жылмая жооп беришти. Эмесе, ишиңерге чоң ийгиликтер болсун Кулундунун жаштары!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×