Добавить статью
4:15, 3 октября 2012 66258

Бишкек шаардык кеңештин депутаты П.Десятников соттордун да баасы бар, утуп алам деди, - жабырлануучу

Бишкек шаарынын тургуну М.Юсупов Кыргыз Республикасынын президенти А.Ш.Атамбаевге, УКМК төрагасы Ш.Е.Атахановго кайрылуу жолдоду.

rttrsfb  е5пр

Урматуу, Алмазбек Шаршенович, Шамиль Есенжанович.

Кыргыз Республикасындагы акыркы жылдары түзүлгөн оор абалдын эң негизги себеби болгон коррупцияны ооздуктоо боюнча аракеттер, мамлекеттин жана жөнөкөй жарандардын кызыкчылыгында экендигин түшүнүп жана колдойбуз.

Биз коррупцияга каршыбыз!!!

2008-жылдан берки биздин акыйкаттык издөөбүз, акыйкатсыздыктарды жасаган ишкерлер, депутат-бизнесмен жана саткын чиновниктер кимдер экенин Сиздерге дагы бир жолу келтирүүнү чечтик!

2008-жылы 8-октябрда мектепти бүтүп ишке кирген жалгыз кызым Усупова Мээрим 1,5 айдан кийин, 22-ноябрда ОсОО «ДОС-КОНФИ» ишканасында иш үстүндө болгон кырсыктан оң колунан оор жаракат алды. Анын кесепетинен жаш кыз өмүр бою майып болду.

ОсОО«ДОС-КОНФИнин» жетекчилигинин жана ишкананын ээси - уюштуруучусу П.Десятниковдун мыйзам бузуу фактылары:

- Жарандарды ишке алууда, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин, Конституциясынын, мыйзам ченем актыларынын, жоопкерчиликтен качуу максатында биринчи кылган кылмыш ишин жашырып, ТБ журналына өтүлбөгөн инструктаж өтүлдү деп, жабырлануучунун ордуна жасалма кол тамга коюшкан, салыктан качкан, ишканадагы экинчи бухгалтерияны жашыруу үчүн финансы-экономикалык жана иш кагаздарын бурмалашты, Кыргыз Республикасынын тийиштүү мекемелеринин жана биздин официалдуу кайрылууларыбызга жалган документтерди беришти, өз убагында иш үстүндө болгон майыптык боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын эсептеп белгилеген төлөмдөрүн, чечимдерин өз убагында аткарбашты, иш үстүндө оң колунан оор жаракат алган жаш кызга, бизге 2008-жылдан бери ачык эле шылдыңдап, психологиялык басмырлоо жүргүзүштү, «VERITAS» юридикалык агентствонун адвокаттарынын жардамы менен сотторго негизсиз доо арыздар менен кайрылып, ар кандай айла амалдар менен убакытты атайын чоюп келишет.

Келтирилген фактылар тийиштүү мамлекеттик мекемелердин чечимдери, актылары, кортундулары, эсептери, жооптору, козголгон кылмыш иштер аркылуу мыйзам чегинде далилденген.

Тилекке каршы биздин 2008-жылдан бери акыйкаттык издөөдө, ОсОО«ДОС-КОНФИ» жетекчилигинин жана уюштуруучусу П.Н. Десятниковтун (Бишкек шаардык кеңештин депутаты) мыйзам бузуулары боюнча биз мамлекеттик органдарга кайрылганда, өз ишине так чынчыл адамдардан сырткары, Десятниковтун "акчам, мүмкүнчүлүгүм бар, юрист, чекистерге берем, адвокаттарды жалдайм, соттордун да баасы бар, соттордон утам" деген сөзүн далилдеген уяты жок, акча, бийликтен бөлөк сыйына турган ыйык нерсеси жок, мыйзамдан да, кудайдан да, жаш кыздын убалынан да коркпогон, кээ бир мамлекеттик, коррупционер-саткын чиновниктерди көрдүк.

Муну менен кудайдан да коркпой, акчага көпкөнүдүгүнө, таянган кишилерине, депутаттыгына манчыркап, жаш кыздын убал сообун эске албай, бизди киши катарына көрбөгөндүгүнөн, жеке амбициясынын аркасынан жүрөгү оорулуу экенин билип туруп “крайний” кылынган директор Деревянкого кылмыш иш козголуп, соттолуу убагындагы өлүмүнө, кызымдын майып болушуна ишкананын ээси Десятников П.Н. айыптуу деп эсептейм!

Анткени талаш-тартыш 2008-жылдан бери жеке ишкананын ээси менен болгон.

Бул айтылган факт, курулай эле сөз эмес, далилдей алабыз!

Мен 2009-жылдын мартында П.Десятниковго айткам «я тебе докажу, что Кыргызстан государство, не все продаются и покупаются! Найдутся честные люди и органы которые поставят тебя на место» дегем!

Тилекке каршы ошол убакта бул ишти караган райондук, шаардык прокурорлор, милициянын, финансы полициянын тергөөчүлөрү, салык жана соцфонд инспекторлору, кылмыш ишти караган сот, МСЭКтин эксперт врачтары оор жаракаттан өмүр бою майып болгон жаш кыздын кызыкчылыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кепилдик кылган талаптарыбызды коргобой, өз иштерин мыйзам чегинде алып барышпады.

Далилденген фактыларга мыйзам чегинде баа бергиле деген мыйзамдуу талаптарыбызды аткарбай, жеке өз кызыкчылыгын мамлекетин кызыкчылыгынан жогору коюп келишти! Ушул күнгө чейин булардын аттарын ачык жазып келдик, азыр дагы айта алабыз!

Мунун кесепетинен М.Усупованын мыйзамдуу талаптары, кызыкчылыгы толук корголо элек. 2008-жылдан бери азыркы жашоо турмуштун оордугунан, 4 баласы бар ата-энеге, финансылык тартыштыктын аркасынан Мээримдин колун калыбына келтирүүнү акырына чейин чыкпашыбызга биздин мүмкүнчүлүктүн тардыгы түрткү болуп жаткандыктан жалгыз кыз Мээрим азыркыга чейин ушунчалык чүнчүп, оор абалда жүрөт. Жаш кыздын кырсыкташынан кийин ушунча убакыт, бизге болгон терс мамилелер 2 топтогу майып мага жана энесинин ден соолуктарына, жашоосуна, бир туугандарынын окуу иштерине кесепети, залалы тийүүдө!

Ушундай болоорун билген, ОсОО «ДОС-КОНФИ» жетекчилиги, ээси ДесятниковП., юридикалык агентствосунун адвокаттарынын жардамы менен тийиштүү мекемелер далилдеп, эсептеген чечимдерди атайын аткарбай, ар кандай юридикалык ыкмалар менен адвокаттары жок майыптарды кыргызча айтканда “чүлүктөгөн букадай жетелеп”, адамга эле эмес, кудайга да жатпаган иш аракеттерди жасап келет.

ОсОО «ДОС-КОНФИ» жетекчиси РаскинВ.И. жана ээси Десятников П. кара өзгөйлөнүп сотторго берсе да утулуп келе жатат!

Анткени 2010-жылкы Апрель революциясынан кийин: 2011 жылы 3 майда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту биздин кылмыш иш боюнча Көзөмөлдүк арыздагы келтирилген, Свердлов райондук прокуратура сегиз ай ичинде ишти атайын калпыс, толук эмес бир жактуу, жумуш берүүчүнүн кызыкчылыгында карашы, жабырлануучунун ордуна ким ишкананын ТБ китебине кол койгону, аныкталган салыктан качуу фактыларына мыйзам чегинде баа берилбей калгандыгы тууралу жүйөөлөрдүн негизинде канааттандырылып, тергөөдө кетирилген калпыстыктарды толуктоо үчүн, Свердлов райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдери жокко чыгарылды.

Бирок, 2011 жылдын октябрында Башкы, шаардык прокуратура Свердлов райондук ИИБ, Бишкек шаардык ФП акыйкаттыктан тайып чыгарган токтомдору жокко чыгарылып, азыркы убакта Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө. Азыркы убакта Бишкек шаардык ИИБ кароодо.

-2011 жылы 24 октябрда (№5-1181) Кыргыз Республикасынын Жогорку соту ОсОО «ДОС-КОНФИ» ээси- уюштуруучусу Десятниковтун П.Н. (Бишкек шаардык кеңештин депутаты) иште болгон кокустукту мыйзам чегинде иликтеген Мамлекеттик комиссиянын Кортундусун, ОсОО «ДОС-КОНФИ» түзгөн Акт Н-1 жокко чыгарам деген доо арызын канааттандырган жок.

Райондор аралык жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдерин өзгөртүүсүз калтырды.

2012-жылы 2-майда (АД-785/12мбс8) Бишкек шаарынын райондор аралык соту жоопкер тараптын Соттук- бухгалтердик экспертизанын аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндөгү арызы канааттандырылбады.

Анткени, Кыргызстандын профсоюздар Федерациясынын Техникалык Эмгектик инспекциясынын майыптык төлөмдөр 4303,6 сомдон эсептелген чечимин ГЦСЭге Соттук- бухгалтердик экспертизага жиберүүнү жарандык доо арызды Свердлов райондук соту кароодо суранган. Бирок төлөм суммасы көбөйүп 4444, 25 сомдон болсун деген тыянак чыккан. 2012 жылы 29 майда (АБ- 221/12-АД) Бишкек шаардык соту жоопкердин апелляциялык арызы да канааттандырылбай, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

2012-жылдын 14-майында Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда (2009 жылдын 2-сентябрынан бери каралып келе жаткан) жабырлануучу М.А. Усупованын майыптык боюнча төлөнө турган материалдык, моралдык жарандык доо арызы толук эмес канааттандырылды. Жоопкер тарап соттук кароолорго, 3 жолу мыйзам чегинде, тийиштүү түрдө чакырылса да келбешине байланыштуу Чечим сырттан кабыл алынды.

2012 жылы 18 июнда (ГД-578/12Б4) Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту жоопкер

сырттан кабыл алынган чечим жокко чыгарылсын деген арызы канааттандырылбайт деген аныктама кабыл алды. Жоопкер бул сот отурумуна да тийиштүү түрдө чакырылса да келген жок.

2008-2009-2010-2011-жылдары иш берүүчү депутат-прокурор-адвокат-сот алдын ала машташып иштеди. Прокурорлор өзүлөрү тергеген кылмыш ишине атайын калпыстыктарды калтырып сотто адвокаттардын аракети менен сот калыстыктан тайып, депутаттын жана жумуш берүүчүнүн кызыкчылыгында чечим кабыл алышына жетишишти !

Себеби, Свердлов райондук прокуратура (Карашев А.М) 8 ай мыйзам чегинде 4 прокурор тергөөчү, өз алдынча иш чараларды көрүшпөдү, 2009 жылы 28 октябрда биз эки жолу Башкы прокуратурага кайрылгандан, 3 ай 21 күндөн ашканда, Кыргыз Республикасынын КК 142 берен. 2 бөл. боюнча № 103-09-2359 кылмыш ишин араң козгоду! Токтомдун көчүрмөсүн сурап атып бир айдан ашканда араң алганбыз! Ошол эле убакта козголгон Кылмыш иште Мээримдин колуна окшоштурулуп ТБ журналына коюлган кол тамга боюнча Соттук экспертизанын эки жолку «окшоштурулуп коюлган, жасалма кол тамга» деген аныктамалары болгонуна карабай, мыйзам чегинде баа берилбеди. Башкы прокуратурага 2010 жылы февралда биз кайрадан кайрылганда райондук прокуратура кылмыш ишке 350 берен. 2, 3 бөл. көрсөтүп, киргизгенге аргасыз болгон!

Жабырлануучу деп табылган Мээримдин майыптык боюнча өндүрүлө турган мыйзам талап кылган иш чаралар өз убагында көрүлбөдү.

Тескерисинче биздин кайрылуу боюнча текшерүүнүн негизинде ОсОО«ДОС-КОНФИ» мамлекетке төлөгөн 2398 сом салыкты жокко чыгаруу доо арызын, Бишкек шаарынын райондор аралык соту 2010 жылы 26 октябрда канааттандырган!? Бирок Свердлов райондук салык инспекциясы, инспектору мамлекетин кызыкчылыгын көздөбөй, мыйзам чегинде сот чечимин өз убагында жокко чыгарышпаган? Сот чечими бизден жашырылып, 11 ай өткөндөн кийин 2011 жылы 23 сентябрда Финансы полициясынан билдик! Булардын жумушун ким аткарат!

Мындай иш аракеттер Борбордук МСЭК мурунку директорлору Абазбекова, Бекболотов, врач-эксперттери Кошевая Г.И, Сукорова Р.С, Кальметьева А.А., кыргыз келин, ГНС инспектору полковник Эркебаев С.Б., СРУСФ инспектору Майлубашев Р., ФП Ахмедов Б., Жамгырчиев Н. өз иштерин мыйзам чегинде так, даана аткарышпады!

МСЭК тарабынан 2009 жылы майыптык аныкталбайт дегени, кийинки жылдары араң берилген майыптыкты жылда аныктоодогу иш аракеттери, биздин кайрылуу боюнча МСЭК жана кеңири составдагы комиссиянын майыптыкты туруктуу болушу жана УПТ 40% өзгөртүү боюнча кайрылуубуз кабыл алынбады. Биздин талап мыйзамдуу эмес экен! Биздин, Кыргыз Республикасынын Коррупцияны алдын алуу боюнча агенттигинин 2010 жылкы 15 февралдагы, №01-1/47- ишти кароодо коррупциялык элементтерге жол берилген жана Эл аралык "Transparency International –Kyrqyzstan" коррупцияга каршы мониторинг жүргүзгөн мекеменин 2010 жылы 3 февралдагы №1001/13 биздин укуктарыбыз одоно бузулган деген жоопторго, кайрылууларга прокуратура жооп бербеди!

ОсОО«ДОС-КОНФИ» ээси, шаардык кеңештин депутаты Десятниковтун, адвокаттарынын уятынын жоктугуна таңгалабыз, анткени ММК каражаттарында иш үстүндө болгон кырсыкты өз убагында текшергенбиз, майыптык боюнча төлөмдөрдү убагында төлөгөнбүз деген сөздөрүнө 3 жылдан ашканына карабай эч ким мыйзам чегинде баа бербей келет. Таң калыштуусу Десятников Деревянконун жүрөк оорулуу экенин билип туруп сотко сала берип, кийин анын өлүмүнө бизди күнөөлөшү, Кыргызстанда акча менен баарын чечсе болот деген сөздөрүнө эмине деш керек!

Буларды эсине келтириш үчүн эмине кылыш керек! Биздин чыдамыбыз канчага жетет! Жөнөкөй кыргыздардын мыйзамдуу талаптары өз убагында аткарылабы, же биз да өз билгенибизди кылышыбыз керекпи!!! Биз ушунча убактан бери мамлекет бул ишти мыйзам чегинде чечет деп келдик!

Акыры акчанын күчү, тааныш-байланыштар эмес, ЧЫНДЫК, АКЫЙКАТТЫК жеңет деп ишенип адилеттик үчүн күрөшүн келебиз! Мен Политехти бүтүп, СССР дин убагында завод, ишканаларда 30 жылдан ашык иштеген адамдын бул айткан сөзү жөн эле жел сөз болуп калбайт деген ишеним менен күрөшүп келем.

Жогоруда айтылган фактылардын негизинде, 2008 жылдан берки биздин оор абалыбызга, Мээримдин майып катары келечектеги жашоодо ордун табуусуна, акыйкат чечимдер кабыл алынышына бизге көпчүлүктөн моралдык жана юридикалык жардам керек болуп жатат! Жогоруда келтирилген адамдар боюнча фактыларды жана азыркы убактагы кыргыз жарандарынын укуктарына байланыштуу мыйзам бузууларды чогу чечүүгө жардам жана көмөк көрсөтүлүшүн сиздерден өтүнөбүз!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×