Добавить статью
11:54, 4 октября 2012 22304

 Г.Дербишеваны камактан бошотууну талап кылышууда

Баткен облусунун Лейлек районунда жашаган аялдар, кыз-келиндер КР Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетине, Бишкек шаарынын сотуна, УКМКнын төрагасына, Бишкек шаардык соттун төрагасына кайрылуу жолдошту

Биз, Баткен облусунун Лейлек районунда жашаган аялдар, кыз-келиндер Гулнара Дербишеванын отуз кундөн ашуун камакка алынып, күнөө коюлуп-коюлбай, тергөө толук жүрүп-жүрбөй, бир айда жыйынтык чыкпагандыктан экинчи айга камакта кармоо узартылгандыгына кейип жатабыз жана Гулнарага бөгөт коюу чарасын өзгөртүү тууралуу суранабыз.

Себеби, Гулнара Дербишеваны эл-журт 20 жылдан бери жардамга муктаж болгон катмарлар менен тыгыз иштеп жүргөн инсан катары тааныйт жана урматтайт.

Г.Дербишева социалдык коркунучту жаратпаган инсан болгондуктан, тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу, аны 2 ай СИЗОдо кармоонун зарылдыгы барбы?

Г.Дербишеванын тергөө амалдарынан качып кетүүгө негизи жоктугун көрсөтүп, камакка алуу жазасын үй камагына өзгөртүү боюнча келтирилген төмөнкү аргументтери эске алууну суранабыз:

Г.Дербишева мурда соттолгон эмес, кадыр-барктуу инсан, 2000-жылдан баштап Гульнара Дербишева өзүнүн жарандык активдүү позициясын көрсөтүп, жардамга муктаж болгон жалгыз бой, алсыз карыяларды камкордукка алуу үчүн көп күч-аракетин жумшаган жана Баткен, Ош облустарында карыялардын укуктарын коргоо боюнча алгылыктуу иштерди алып баргандыктан эл аны жакшы таанып, эмгегин баалап, ЖК депутаты кылып шайлаган.

Ал жерде да Гульнара Дербишева тымпыйып, оозуна талкан алган депутаттардын катарында эмес болчу. Ошондуктан калың- катмар эл азыр да аны сыйлайт, урматтайт жана соттун адилеттүү болушуна ишенип турат.

2004-жылы КРнын Ардак грамотасы менен, 2009-жылы «Эне данкы» медалы менен сыйланган.

Алты баланын энеси, анын бешөөсү кол астында, үчөөсү жашы 18ге жете элек. Учурда төртөөсү студент, экөөсү мектеп окуучусу.

Гульнара Дербишева өзү жөнөкөй үй-бүлөдө тарбияланып, элеттик элдин көйгөйлөрүн билет, ал эл ичинен чыккан, ысыгына күйүп, суугуна тоңгон инсан болуп калыптанган. Гульнара Дербишева бардык жетишкендиктерге өзүнүн эмгекчилдиги, ак ниеттүүлүгү, кичи пейилдиги, иш билгилиги менен жетишкен.

Биз мыйзамдуулуктун үстөмдүгүнө ишенебиз, ошондуктан Гульнара Дербишеваны тергөө бүтүп, сот чечим кабыл алганга чейин, үй камагына чыгарууну суранабыз, талап кылабыз. Албетте, күнөөнү сот гана аныктайт, тергөө иштери адамды камакта кармап моралдык, психологиялык жана физикалык жактан сындырып күнөөнү мойнуна алдыруу эмес, мүмүкүнчүлүк болушунча адамды эркинен ажыратпай жүргүзүлүшү керек. Биздин шартыбызда маселе аял киши жөнүндө, алты баланы төрөгөн, аны тарбиялап өстүрүп жаткан эне жөнүндө сөз болууда.

Бул окуя Кыргыз Республикасынын үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылынын жыйынтыкталуу мезгилинде болуп жаткандыктан, ар бир эненин үй-бүлөдө болушуна жардам берет деген үмүтүбүз бар.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×