Добавить статью
4:31, 5 октября 2012 20156

Өзгөчө ысымдын өңүттөрү же жаны жай албаган бала

Дүрбөлөң Мамбетов. Береги ысымды мүлдө Ала Тоо аймагы дагы деле оңчулуктуу биле элек кербезде. Бирок мындан 42 жыл мурда аны жоктоп ири империя СССРдин далай окумуштуулары кырчындай кырк жашка караган курагында келечектүү окумуштуунун жарык дүйнө менен коштошкондугуна кабыргалары кайышкан экен. Аны сыртынан билген чет өлкөлүк аалымдар да, жаш физиктин каза болгондугун угушуп кандайдыр бир жагдайда оор улутунуп алышкандыр. Бирок анын өлүмү учурунда айрым «адам деген пенделерди» кубанычка да бөлөсө керек деп мына эми жороптоп турган кербезибиз. Чындыгында табышмак ысым, табышмак иликтөө, табышмак натыйжа жана табышмак өлүм. Ал ким эле?!

Каарманыбыз албетте Дүрбөлөң Мамбетов. Үстүбүздөгү жылы анын туулгандыгына 81 жыл болду. Демек, бир жыл өтүп кетсе дагы чыгаан жарандын 80 жылдыгы быйыл белгиленди. Көрсө өзү окуган мектептин пайда болгондугуна быйыл 80 жыл болгон экен. Эми мындан ары аталган мектептин алдында 39 жыл жашаган Дүрбөлөңдүн улуу тоолорду караган айкели ар дайым турганы турган. Мектептин мааракеси, бул датага тушташтырылып, кечээки белгисиз, бүгүнкү күндөрдө болсо ысымы дүйнө кыйырын таң калтыра баштаган Дүрбөлөң деген адамдын 80 жылдык дүбүртү жана анын мектептеги музейи Таш-Башат айылында 21-22-сентябрь күндөрү белгиленди. Көрсө, 1931-жылдын 5-май күнү жогоруда аталган айылда бир эркек уул төрөлүп, көз жарган ымыркайга Дүрбөлөң деп ысым ыйгарылат. Кызык, э эмне үчүн Дүрбөлөң?

Биринчи кызык төмөндөгүдөй.

«1931-жылдары айылда эл дүрбөп качууга камынып жаткан маалда апам толготуп уул төрөйт. Атам бул бала эл дүрбөп жатканда төрөлдү деп, атын Дүрбөлөң коёт», - деп эскериптир бир тууган иниси, ардагер педагог, учурда Таш-Башат айылында жашап жаткан 75 жаштагы карыя Сүйүндүк Мамбетов.

Экинчи кызыкты Мамбетовдордун урпагы Арслан мындайча белгилеген экен:

«Биз кичинебизде атамдан эмне үчүн силердин атыңарды чоң атам Дүрбөлөң, Капсалаң, Сүйүндүк деп койгон деп сурай берчүбүз. Көрсө 1930-жылдары эл ичинде эскинин саркындысы кете элек, жаңы замандын жакшылыгы жете элек, дүрбөлөң бир мезгил болгон окшойт. Ошондо Мамбет чоң атабыз уулдуу болуп атын Дүрбөлөң коюптур. Андан кийин атам төрөлгөндө капсалаң турмуш өкүм сүрө баштаптыр. Ошондон улам Капсалаң аталып калыптыр. Ал эми Сүйүндүк акем төрөлгөндө токчулук келе баштаган тура», - деп түкшүмөлдөйт Дүрбөлөң Мамбетовдун бир тууган дагы бир иниси Капсалаң Мамбетовдун баласы Арслан Мамбетов.

Үчүнчү кызык азыркыларга таандык. Анткени 22-сентябрь күнү Нарын шаарындагы илимий-практикалык конференция жалпы жонунан «Физика илимине дүрбөлөң салган Теңир Тоонун кулуну Дүрбөлөң Мамбетов 80 жашта» деген аталышта болуп өттү.

Төртүнчү кызыкты дал ошол Таш-Башат айылынын тургуну Искендер Чарыков маараке учурунда өз ара сүйлөшүп калган кезибизде мындайча кеп айтты:

«Дүрбөлөң атабызды Мамбет чоң атанын бир тууганы Сагын чоң ата карамагына алып негизинен ошол адам баккан экен. Энем Катаган кызы Тотуя көзү тирүү кезинде айтып калаар эле. Азыркы Нарын Мамлекеттик коруктун карамагындагы «Байбиче» деген жайлоого Сагын чоң аталар болуп энемдер менен чогуу ар жылы жайлап турушат. Ошондо Дүрбөлөң ата мектепте жаңыдан окуган бала кездери экен. Күндөрдүн бир күндөрүндө өзүнөн өзү эле: Апаке, апаке! Ичим ысып баратат, мага көмөч жасап бере калгылачы! Мен силерди кийин чоңойгондо багам. Көмөчүңөрдү актаймын, менден бирдеме чыгат», - деп жаны жай албай, чабалактап жиберчү. Андай кылыктарын кайсы бир учурларда кайталоочу. Көрсө мунун сыры ошондо эле бар турбайбы деп энем ар дайым эскерип калаар эле», - дейт Искендер мырза.

Белгисиздиктен түбөлүк белгилүүлүккө

Ошентип, ичи ысып, жандалбастаган өспүрүм Таш-Башат айылындагы Калинин атындагы жети жылдык мектепке кирип, окуганда да класстарды аттап аттап окуй баштайт. Өзгөчө аракети бар баланы атасы Сагын баамдап, Нарын шаарына алып келип, атактуу Токтогул мектебине киргизет.

«Айылдан окуп келген Дүрбөлөң дароо 7-класска кабыл алынат. Негизи 10 жылдыкты 7 жылда аяктаган. Экөөбүз курбалдашбыз, айырмабыз 2 жыл. «Учуучу килем», «Жайыл дасторкон» деп көп айтчу бала кезинде. Көрсө ошондо эле так илимге жакын болгон турбайбы. Эң эле ойчулдугу, бир нерсеге дайыма кунт койгону эсимде калыптыр. 30 жашка чыкканда чачы аппак болгон. Эмнеге чачың агарды десек, «жер алдында иштеп атпаймынбы» деп гана кыска жооп берчү», - деп эскерди замандашы Таш-Башат айылынын тургуну, ардагер мугалим карыя 83 жаштагы Жумагул Тагаев ата.

Белгилүү окумуштуу академик Үсөн Асанов чогулган калың элге Дүрбөлөң Мамбетовдун илим кубулушуна «Мамбетов эффектиси» түшүнүгү менен түбөлүк из калтыргандыгын, мындай эгеге дүйнөдө саналуу гана окумуштуулар жеткендигин, учурунда СССРдеги белгилүү журнал жоктоп «Аза кайгылуу» көңүл айтуу (некролог) жазгандыгын, ал «Аза кайгы» өткөн жылы гана «Кыргыз Туусу», «Кут-Билим» гезиттерине которулуп жарыялангандыгын кеңири алкакта кеп кылып берди. Алыс жууктан ат арытып келген окумуштуулар биринен сала бири «Таң калаарлык эффекти» менен дүйнөгө ысымы таанылган Д.Мамбетовду ар кыл өңүттө эскеришти.

Айтор өткөн кылымда Ала Тоо жергесинен 15 жашында орто мектепти, 17 жашында атайын орто окуу жайды бүтүрүп, 21 жаш курагында ал кездеги КМУну артыкчылык диплом менен аяктаган, Кыргызстанда атом физикасы тууралуу түшүнүк жок кезде 23 жашында ошол илим боюнча кандидаттыгын жактаган, ошол эле жылы ЖОЖдорду өзүндөй мыкты окуп бүткөн бүтүрүүчүлөрдөн физика илимин өркүндөтүү үчүн 6-7 кыргыз жаштарын Москва, Ленинград жана башка шаарларга мамлекет эсебинен иш сапарларды уюштуруу керектиги тууралуу Искак Раззаковго кат жазган. Узак жыл изилдөөдөн кийин «Катуу заттардын адгезиондук жана когезиондук кыйроосундагы электрдик кубулуштар» деген тил сынган аталыштагы темада докторлук диссертациясын аяктап, аны коргоого 20 гана күн гана калганда кандайдыр бир себептер улам Ысык-Көлдө каза болгон. Дүрбөлөң Мамбетовдун ысымы Кыргызстандын окумуштууларынын анык көч башында турушу үчүн Эгемен Кыргыз мамлекети мындан ары карай аныктыкка жетиши абзел. Анкени, ал кайрадан кайталап айтканда физика илимине «эффекти» алып келген жалгыз Кыргызстандык жана дүйнөлүк окумуштуулардын бири.

Автордун чегинүү

Биз тагдырдын буйругу менен Дүрбөлөң атанын айылына коңшулаш айылда өскөндүктөн жана биздин айылдар ал кездеги бир Тянь-Шань районундагы Ленин атындагы жамааттык чарба (колхоз) тутумунда тургандыктан улам, айылдардагы маалыматтар бири-бирине айкын эле. Ушундан улам ата-апалардын сүйлөшүүсүнөн Дүрбөлөң ата тууралуу аңыз кептерди эшитип калаар элек.

«Дүрбөлөң ойлоп тапканды Фрунзе анализ кыла албай, Ташкентке, Алма-Атага жибериптир». «Ташкент, Алма-Атаны кой, Москва өзүнө алып, андагы профессор, докторлор чакырган экен». «Ой, мунун жонунда жалы бар турбайбы, аны байкабай көрсөтүп койуптур, көз тийип кеткен окшойт». «Көрө албагандар атайын көлгө алып барып, өлтүрүп, чөгүп өлдү кылышкан экен» дейт, дейттерди угуп аңырайып калаар элек. Анда эмне бала кез, улуулардын ар кыл тамшанып, ар кыл жороптоп айткандары гана эсте калып, Дүрбөлөң деген ким экендигин ким билиптир.

Эми баам салсак, чынында эле эмнеге ошол кечээки империялык доордо абалдатан илимге кандайдыр бир кубулуштарды ачып «Фарадей эффектиси», «Доплер эффектиси», «Ребиндер эффектиси» деген ысымдардын катарында «Мамбетов эффектиси» менен илимде ачылыш жасаган каарманыбыз тууралуу таптакыр кеп болгон эмес. Тек анын илимпоздугу жана табышмактуу өлүмү гана жергиликтүү эл оозунда ар кандай өңүттө анда санда айтылганы болбосо, тумтак маалымат айтылбаган. Эмне үчүн Эгемендик келгиче бир да окумуштуу, же аны окуткан бир окутуучу, же бир парталашы, же мындай эле бир теңтушу даап Мамбетов жөнүндө сөз айталбаган. Негизи суроо артынан суроолор бүгүн калкып чыгууда. Алгачкы добулбас качан КПССтин «кайра куруу» саясаты күч алып, Эгемендик шарапаты баш багып калган 1991-жылы гана Дүрбөлөң атанын ысымы Таш-Башат айылындагы мектепке ыйгарылганда кагылган экен. Бирок, тилекке каршы өткөн 20 жылдык өз алдынча мамлекеттүүлүк мезгилде деле улуу окумуштуунун ким экендигинин айкындала электиги 21-22-сентябрь күндөрү дагы бир жолу далилденди. Демек, азыркы муундун алдында, учурдагы бийликтердин замандарында «Дүрбөлөң Мамбетов деген ким» дегендикти айкындоо милдеттери турганы турган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×