Добавить статью
7:21, 8 октября 2012 31546

адилеттик издеп президентке кайрылуу жөнөттү

Ош облусунун Өзгөн районунун Шералы айылынын тургуну Рахат Камбардинованын Кыргыз Республикасынын президенти Алмаз Атамбаевге кайрылуу каты.

Урматтуу президент!

Биз, Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Шералы айылынын тургундары – Камбардиновдордун үй-бүлөсү төмөнкү кайгылуу окуя боюнча адилеттик издеп сизге кайрылабыз.

2012-жылдын 27-сентябрында кечки саат 19:00дөр чамасында атабыз Махмуджан Камбардиновду мал айдап бараткан жеринен Кубатбек Матисаков аттуу айдоочу мас абалында жогорку ылдамдыкта кетип баратып койдуруп кеткен. Айдоочу атабызды койдуруп кеткенден кийин көмөк көрсөтүүнүн ордуна кырсык болгон жерден фарасын өчүрүп качып жөнөгөн. Атабыз ошол жерде оор жараттын айынан каза болуп калган. Адам өмүрүнө кайдыгер карабаган инсандар кылмышкерди ошол замат кууп, кармап, жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү органга тапшырып берген.

Бирок, тилекке каршы кармалган К.Матисаков Ош облустук прокуратурасынын кызматкери Исаев Шамалбектин кийлигишүүсү менен ушул күнгө чейин мыйзам жоопкерчилигине тартылбай, ээн-эркин тайраңдап жүрөт.

Урматтуу президент!

Кыргыз Республикасынын баш мыйзамына ылайык, сиз ар бир Кыргызстан атуулунун гарантысыз. Биз сизден каргашалуу бул окуянын күнөөкөрүн жоопко тартып, адилеттүү чечим чыгарып берүүңүздү суранабыз. Эгерде мамлекетибиздин укук коргоо органдары кылмышкерди мыйзам чегинде жоопкерчиликке тарта албаса, анда биз К.Матисаковду өз алдыбызча жазалоого мажбур болобуз.

Сизден адилеттүү чечимди күтүп, терең урматтоо менен Камбардиновдордун үй-бүлөсү

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×