Добавить статью
9:48, 8 октября 2012 20468

Мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу аракети жөнүндө пикир

Биринчиден, бийликти басып алуу аракети ким тараптан болбосун–каракчылык деп эсептелинет.

Мындай мыйзамсыз аракеттер–эң алды кыргыз элин сыйлабаганды билдирет.

Бийликтин ээси – эл. Эл менен эсептешпей, өзүм билемдикке салып, үч-беш саясатчы беш миң жактоочуларын аянтка чыгарып, Ак үйдү басып алып олтурса–бул мамлекеттин өзүн жок кылууга тете иш.

Мындай башаламан орун алган мамлекетти дүйнө өлкөлөрү мамлекет – деп тааныбайт, аны менен мамиле түзбөйт, ага ишеним артпайт.

Демек, бийликти күч менен басып алуу аракети–элге да, улутка да каршы жасалган кыянаттык иш.

Албетте, мындай арам аракеттер мыйзам чегинде эң катуу жазаланышы абзел.

Экинчи жагынан, ким өзүн элден өйдө койсо–ал ыймансыз, адепсиз, акылы тайкы адам. Мындай адамдарды бийликтен тез арада четтетүү зарыл, анткени калк үчүн алар далай азапты жаратып келген жана жарата беришет.

Муну кыргыздын бай тарыхы далай жолу тастыктап келген.

Экинчиден, Кумтөр маселеси бийлик тарабынан калыс, адилет каралып, чечилмейинче–коом тынчыбайт, анткени эл байлыгы уурдалып, тонолуп жатканы менен кыргыз эли эгерим макул болбойт жана элдин мындай талабы адал, ак иш болуп таанылат.

Бирок, Кумтөр маселеси аянтта, көчөдө өтүп жаткан митинг-пикеттерде чечилбеши керек, анткени анын чечилиши адискөй, иш билги, таза ой, аруу максатты талап кылат.

Кумтөрдүн маселеси татаалдашып кеткендин бир эле себеби– бийлик анын калыс каралып, адилет чечилишин же каалабайт, же жолун билбейт.

Жолу бир эле. Кумтөр 2002-жылдан баштап ошол убакытта бийлик башында турган эки-үч адамдын кызыкчылыгы үчүн гана иштеп, коррупциялык жолго түшкөнүн дүйнө коомчулугуна далилдеп берүү.

Ошол эле убакытта, Кумтөрдү саясий күрөштө курал кылып же жеке бир партия, депутат, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери пайдаланган «жем баштык» кылууга тыйуу салуу зарыл.

Анткени, 20 жыл ичинде далай шылуун, шумпайлар Кумтөргө асылып, анын айланасында чуу чыгарып, жакшы эле «жемин жеп», саясый упай топтогонун элибиз жакшы билип калды.

Үчүнчүдөн, бийликти басып, карактап алуу аракетин жасаган саясатчыларды колдоп, жактап чыккан жердештерине, саясый өнөктөштөрүнө калыс сөзүмдү айткым келет.

Качан кыргыз эли каракчылыкты, бой көтөрүп, өзүн элден, мамлекеттен өйдө койгондорду колдоп келди эле?

Же кыргыз элинин тагдыры, өлкөнүн эл аралык аброю жана келечеги беш-алты мыйзам бузгандардан төмөн турушу керекпи?

Күнөөлүүлөрдү жөнү жок жактагандын ордуна силердин жакын адамыңар элди сыйлабай, мамлекетке кыянат иш кылганы үчүн калктан кечирим сураганыңар калыс, адилет, жаш муундарга үлгү жана тарбия болот эле.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-10-2012
Депутат Э.Иманкожоевага ачык кат
33133

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×