Добавить статью
9:52, 8 октября 2012 33138

Депутат Э.Иманкожоевага ачык кат

3-октябрь күнү КТРден обого чыккан «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроо» аттуу берүүсүндө жалаң кыргызстан элине гана эмес, «Азаттыкты» уккан далай чет өлкөлөрдүн угармандарына сиз эч бир далилсиз, негизи жок мени «коррупционер» деп атап, депутаттык укугуңузду кыянаттык менен пайдаланып, мага жалаа жаап, жаманатты кылуу максаты менен менин карыя-ардагерлик аброюмду булгап, ар намысымды тебеледиңиз.

Сизге караганда, кыргыз элине, мамлекетине, улутуна мен далай кызмат кылып, адал эмгегимди арнап, буйруган аброй таап, карыялыкка жеткен ардагермин.

«Кыргызалтын» концерндин жамааты менин жетекчилигим менен 1996-ж. мамлекеттик бюджеттен бир сом албай курган «Солтон Сары» алтын кени 16 жылдан бери ийгиликтүү иштеп, өлкөгө далай пайда алып келип жатат.

Долбоор боюнча 1998-жылы ишин токтотуп, жабыла турган «Макмалалтын» комбинаты менин убагымда реконструкцияланып, өмүрү 15 жылга узартылып, бүгүн да алтын өндүрүп жатат.

Көл аймагында 20 жыл эмгектенип, катардагы инженерден обкомдун катчылыгына чейин таза эмгегим менен көтөрүлгөнүмдү көлдүн эли жакшы билет.

Элиме жана улутума кылган ак кызматымдын баарын айтып отуруунун кажети жок.

Эгерде сизде абийир, уят, ыйман болсо эч бир далилсиз, бир дагы фактыңыз жок бүткүл кыргыз элине мени жаманатты кылбайт элеңиз.

Мен дагы өз учурунда далай жолу сиз жөнүндө «Кумтөргө асылып, оокат кылган аял» деген сөздөрдү уккам, бирок менин уятым, ыйманым бул сөздөрдү жалпы элге эмес, бир дагы адамга айтканга жол берген эмес жана бүгүн да жол бербейт (же сиз менин оозумдан ушундай сөз чыкканын уктуңуз беле?). Эгерде сиз жөнүндө мен уккан ошол ушак жалган болуп чыкса, мен «ушакчы» деген атка конуп, элдин бетин карай албай, сиздин жолдошуңуз, үй-бүлөңүз, туугандарыңыздын алдында адам кечиргис күнөөгө батмакмын.

Менин да балдарым, неберелерим, кудаларым, туугандарым бар. Сиздин мени «коррупционер» деген сөзүңүздү бүт кыргыз эли укканын билип, алар жана мен, карыя ардагер, кандай абалда болуп жатканыбызды сиз элестете аласызбы?

«Совет доорунда 35 жыл бою водопровод куруу маселесин көтөрүп, чече албай койдук эле, сиз 30 күндүн ичинде куруп бердиңиз» - деп, Барскоон эли мага ак батасын бергенин сиз унутуп койдуңузбу?

Ал эми калган майда көчөлөргө суу түтүкчөлөрдү өзүңөр куруп алгыла – деп, 4 млн сомду Кумтөр жергиликтүү бийликке которуп бербеди беле?

Ал акчаны кай жакка жумшаганыңарды мен каяктан билем?

Ал эми сиз элге сиңген кайсы эмгегиңиз аркылуу депутат болдуңуз? Акчанын күчү менен депутат болсоңуз ошончо акчаны кайсы жактан, кимден алдыңыз?

Элдин таламын Жогорку Кеңеште талашып, адискөй, иш билги, таамай, так айтылган сөздөрүңүздү уга элекпиз. Элге сиңген эмгегиңиз болбосо, же көп акчаңыз болбосо, анда кайсы амалыңыз менен депутат болдуңуз? Эмнеңиз менен кайсы саясатчыга жагып алдыңыз?

Мен дагы өз убагында Жогорку Кеңештин депутаты болгом. Бирок, сизден айырмаланып, мен элдин таламын талашып, элдин сый-урматына татыганмын (ошол жылдарда төрөлгөн балдардын далайына менин ысымым бекеринен коюлган эместир).

Садыр Жапаров мырза сизге «Кумтөр үчүн эмне иш кылдыңыз» - деп күнөөлөгөн сөзүнө жооп бере албаганыңызды КТР аркылуу бүт кыргыз эли көргөнүн унутпаңыз.

Конституциянын 26-беренесине ылайык (эки жыл депутат болуп Баш мыйзамды окубаганыңыз сизге абийир алып келеби?) «Ар бир адам соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирмейинче кылмышкер деп эсептелбейт».

Сиз болсо тергөө ишин жана сот укугун өзүңүзгө ыйгарып алгансып, мени кылмышкер деп (кылмыш Кодекси боюнча коррупция да кылмыш иш болуп таанылат) КТР, «Азаттык», «Алиби» гезити (04.10.2012ж.) аркылуу Кыргызстанга гана эмес, бөлөк өлкөлөргө да жарыя кылдыңыз.

Президенттин СДПК партиясына мүчө болуп алсаңыз эле тергөө жана сот укугуна ээ болдум деп ойлогон сизге окшогон депутаттар элдин шоруна Жогорку Кеңешке илинип калганыңарды Конституциянын 26-беренесин тебелегениңиз далилдеп турбайбы!

Мен сотко, Жогорку Кеңештин этика боюнча комиссиясына, СДПК партиянын бюросуна сиздин депутат болуп туруп Башмыйзамдын 26-беренесин тебелеген жоругуңуз жөнүндө арыздансам, алардын баары мени колдоп, калыс чечим чыгараары шексиз.

КТР, «Азаттык», «Алиби» гезити аркылуу менден кечирим сураңыз.

Сурабасаңыз сизге окшогон көпкөн далай ээнбаштарды ордуна койгонбуз жана коё беребиз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-10-2012
Мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу аракети жөнүндө пикир
20470

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×