Добавить статью
4:25, 10 октября 2012 27556

Каржы министри Лаврова айымга!

Каржы министри Лаврова айымга!

Балыкчы шаарынын каржы бөлүмүнө азыркы учурда конкурстарга катышып жаткан Кожомбердиев Каныбек Шамшудинович жөнүндө маалымат бергибиз келет. Ал жөнүндө 2006-жылдын 28-декабрь күнү Ысык-Көл райондук соту тарабынан УД 98/07-и-4/084-04-4009 соттун өкүмү чыккан. Өкүмдө К.Кожомбердиев Кыргыз Республикасынын КЖКнин 184 ст. 1б, 221 ст. 1 б менен айыпталган. К.Кожомбердиев 2002-жылдын август айынан баштап АКБ «Кыргызстан» банкынын Чолпон-Ата шаарынын филиалында башкаруучу болуп иштеп жана ошол убакта кредиттер боюнча түзүлгөн комитетти башкарып турсадагы, банктын мыйзамдарын одоно бузуп, ал банктын кызыкчылыктарына каршы карасанатайлык кылып кылмыш ишин жасаган. Жубайы Баракова Бактыгүлдүн атына 400000 сом өлчөмдөгү кредитти жасалма документтерди толтуруп, мыйзамсыз акча алган. Аны жаап-жашыруу максатында, 2003-жылдын 18-апрелинде төрт адамдын атынан жасалма колдорду коюп, ар биринен 100000 сом өлчөмүндө жасалма документтерди киргизип, деген сыяктуу учу үзүлбөгөн толтура афераларды жасап келгендиги аныкталып, сот өз чечимин кабыл алган. Бул өкүмдүн копиясы өзүнчө барактар менен тиркелет.

Учурда, Каныбек мырзанын Балыкчы шаарында «как ограбить бюджет города Балыкчы» деген программасы менен иштеп жаткан маалы. Сизге кайрылып жатканыбыздын себеби, кадр маселесин кароодо жогорудагы көрсөтүлгөндөргө көңүулүнүздү буруп койсонуз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×