Добавить статью
10:00, 10 октября 2012 16575

Д.Сарыгуловго жооп кайтарды

Урматтуу Дастан Исламович,

Сиздин карылыгыңызды мен сыйлайм жана телевидение аркылуу «2012-жылы декабрь айында акыр заман болот» деп айткан сѳзүңүздү угуп чынында эле карылыкка мойун сунуп калганыңызды түшүндүм. Сиздин кыргыз элине жасаган эмгенизди кимдир бирѳѳлѳр билишээр, бирок кыргыз элине чынында пайда алып келе турган Кыргызстандагы эң чоң долбоорго салымыңызды кошконуңузду билишбейт.

3-октябрда «Ынгайсыз суроолор» теле берүүсүндѳ К.Кожоналиевдин «Кумтѳрдѳ коррупциялык схемалар бар» деп Д.Сарыгулов айтып жатат» деген сѳзүнѳ, мен «Дастан Сарыгулов коррупция жѳнүндѳ айтпай эле койсунчу» деп жооп бергем.

Дастан мырза, 1998 жылы ошол кездеги Премьер-министр Б.Силаев менен цианидтик авариядан жабыркаган элдин атынан Торонто шаарынан мыйзамсыз тынчтык келишимге кол коюп келгенизди кантип танасыз. 1998-жылы Барскоон элин баласын ыйлатып ата-энесинен бѳлүп, каргандарын ѳзүнчѳ автобуска салып ыйлатып, кѳлдүн аркы ѳѳзүнѳ кѳчүргѳнүн, А.Акаевдин бийлиги 1999-жылы 9-майда ѳзүнүн укугун коргоп пикетке чыккан аялдарды камап, мыйзамсыз венасынан кан алып, активисттерди куугунтуктап, Президент ѳзүнүн элин чет элдик кампанияга басып бергенде, сиз элди эмнеге ойлогон жоксуз. Ойломок тургай жабыркаган элдин атынан Торонтодо кыргыз элин 4 миллион долларга баалап келгениңиз үчүн сыйлашым керекпи. Сиз түзүп келген келишимди мен 2005-жылы сотко берип, сотто бул келишим мыйзамсыз түзүлгѳндүгү далилденип эл тарапка чечилди.

Сиз мени «Кумтѳрдү кѳтѳрүп оокыт кылган аял» деген сѳз укканыңызды айтыпсыз, аны Кумтѳрдѳн ѳзүлѳрү алып абийрин сатып жүргѳндѳрдѳн уксаңыз керек, анткени ар ким ѳзү кандай болсо башканы да ошондой ойлойт. Мен Кумтѳрдѳн акча алсам жана депутаттыкка акча менен кирсем, менин бизнесим болсо сизге белекке берем жана далилиңиз бар болсо сотко бериңиз, Кубанычбек Исабеков да «абройума шек келтирди» деп мени сотко берген, кайра ѳзү арызын чакыртып алган, сизди да чакырам.

Таза суу жѳнүндѳ мен жѳндѳн далили жок айткан жокмун, сиз Барскоонго барып кѳрүнүз, таза суусу жок арыктан ичип жатышат, муну да калп дейсизби?

Садыр Жапаров менен КТР аркалуу чыкканымда, мен Садыр Жапаровко «Кумтор маселесин кѳтѳрүп жатканда 1998, 2005, 2006, 2007-жылдары кайда жүрдүңүз эле» деп мен суроо бергенмин, сиз алмаштырып алыпсыз. Эгерде сиз мен жасаган иштерди билгиңиз келсе элден сурап алыңыз, материалдар керек болсо Акаевдин, Бакиевдин бийлигинде чыккан бир канча статьяларым бар керек болсо берип жиберейин сиздин түзүп келген Тынчтык келишимиңизди унутуп калсаңыз, аны да кошуп койоюн, ким элге эмне кызмат кылганын билип алсаңыз болот. Сиздин жашыңызга жеткиче дагы кѳптѳгѳн иш жасайм деген ойум бар, кудай буюрса. Мен эч качан элге жасаган кызматымды милдет кылган эмесмин билип коюңуз Дастан мырза.

Сизди урматтоо менен,

Эркингүл Иманкожоева

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×