Добавить статью
11:57, 22 октября 2012 67986

Айдар, Бермет, Максим, Жаныш чечет деген убак өтүп кеткен

Саясаттан соодасы бүтүп эл унута баштаган кээ бир саясатчылар мен бармын дегенсип массалык маалымат каражаттарына чыгып Камчы Ташиевге байланыштуу бир нерсени таап жыландын башын көрсөтүшүүдө.

Мисалы ойду, кырды бир сүйлөгөн Азимбек Бекназаров болсо К.Ташиевге парламенттин макулдугу керек дейт. Жалал-Абаддагы митингте «Алмаз досум Камчыны кой бер» деп элдин оозун ачырса, Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков бир маегинде «Эки миң адам менен бийликти басып алам деген адам акыл эси соо адам эмес» дейт. Дагы бир билдирүүсүндө «Ташиевдин кылганы кичине хулиганчылык» дейт. Нурлан Шакиев болсо Камчы Ташиевтин кадамына түшүнбөгөнүн билдирди. Бакир уулу Турсунбай, Турсунбек Акун, Бекболот Талгарбеков, Нурлан Мотуев, Жылдызкан Жолдошева, Адахам Мадумаровго окшогондор өздөрүн бир топ «жарнамалап» алышты. Ф.Кулов болсо уялбай генерал К.Кожоналиевди үй камагын чыгышына президент колдойт дейт. Ушуларга окшогон саясатчымын дегендерге айтар элем, Айдар, Бермет, Максим, Жаныш чечет деген убак өтүп кеткен, булар ушуга окшогон жеке маселелерин мурунку Президенттердин жакындары аркылуу сотторго үстөмдүк кылып чечип келишкенин элдин баары билет.

Азыр заман башка Президент жана Өкмөт башчы жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү сот бийлигине аралаша албайт укуктары жок жана духу да жетпегенин өтө жакшы билишет.

Муну адилеттүүлүк үчүн эл алдында айтып коюшканга ички ниетери жол бербейт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×