Добавить статью
4:26, 23 октября 2012 43226

Депутат Ч.Султанбековага жооп

Чолпон айым аз-маз апыртып койду. Биринчиден, Кадамжай районунун мурдагы акими А.Акимов «Республика» партиясынын мүчөсү эмес, «Бүтүн Кыргызстан» парт иясынын мүчөсү! Жыл башында райондук мамлекеттик администрация башчылары тандала баштаганда, бул азамат, Кадамжай райкеңешинин депутаты болгондугунан, Ө.Бабанов өкмөт башчы болгондугунан пайдаланып, Чолпон айымдын Кадамжай районундагы «Халмион» базарын жана райондогу мүлктөрүн, бизнестерин өнүктүрүү-өстүрүү - ордуна акимдик кызмат деген келишим менен келген.

«Бүтүн Кыргызстандын» Кадамжай районундагы активисттери Акимовдун бетине түкүргүсү келип жүргөн - принципсиздиги жана саткындыгы үчүн! Тууганы же айылдашы мас абалында МАИ кызматкерине түшүп калса деле, мамлекеттик кызматчынын, район башы деген макамын унутуп: МАИ кызматкерине телефонду бер деп, «Мен аким Талипмин, кое берип койгула аны, менин иштерим менен жүрөт» деп өкүмзордук кылып, деңгээлин коррупционер - ортомчуга чейин түшүрүп алган. Райондун экономикалык, социалдык чөйрөлөрү былтыркы көрсөткүчтөрдөн да төмөн түшүп, акыл-эси бар район тургундары канчалаган кайрылууларды жогорку бийлик жактарга жолдошуптур.

Эми бийик трибунадан пайдаланып, өзүнүн мүлкүн коргогон, айтканынан чыкпаган, Кадамжай эли үчүн кызмат кылбай, Чолпон айымдын чөнтөгү үчүн акактаган аким болумушту акыйкаттык келип татыксыз деп, элдин талабы менен кетирип турса, бул да болсо шайлоого карата деп саясатташтырып жиберди. Ал эми элдин атын жамынып, аким Акимов ото мыкты иштеп аткан деген жарандар майрам сайын ыйык Кадамжайга барып, итине сөөк ыргыткан кожоюндай болгон Чолпон айымдын калдыктарына тоюп жүргөн жанбагарлар.

Урматтуу эл тааныган тың чыкмалар!!!! Саясат оюндарын ойносонор таза ойногула, баары эле ушинтет деп балит нерселер менен коштосоңор - эл тараза!

Тема боюнча: Депутат Ч.Султанбекова: Шайлоо алдында «республикачы» акимдер кызматтан айдала баштады

Урматтоо менен Кадамжай районунун тургуну А.Мурзахалилов
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×