Добавить статью
4:39, 23 октября 2012 78296

И.Исаков А.Атамбаевге К.Ташиев боюнча кайрылуу жолдоду

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Укук коргоо органдары тарабынан коомдук тартипти, мыйзамдуулукту, коопсуздукту сактоо, жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын камсыз кылуу, жана баардык бийлик бутактарында мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышы боюнча жасалып жаткан иш-чараларга карабастан, 2012-жылдын 3-октябрында болуп өткөн окуялар Конституциянын жана Мыйзамдардын талаптарын аткарууда А.Акаев менен К.Бакиев учурундагы башкаруудагыдай эле мыйзамдуулукту сактоо кызыкчылыгы эмес, жадагалса кээде биз менен сиздин жана өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан экономикалык жана экологиялык саясат менен макул болбой башкача ой жүгүрткөндөрдү коркутуу жана кугунтуктоо иретинде колдонулуп жана чечмеленип жатканын тастыктоодо.

Албетте, К.Ташиев жана анын жактоочуларынын митинг учурундагы бийликти күчкө салып тартып алууга эл алдында чакырык жасоо жана Жогорку Кеңештин сырткы тосмосунан ашып өтүүдөгү ээнбаштык кыймыл-аракеттеринде Кылмыш-жаза кодексинин 234- жана 297-беренелеринде каралган анча оор эмес кылмыш курамынын белгилеринин камтылганы шексиз.

Ушуга байланыштуу, мыйзам алдында бардыгы бирдейлигинин жана жасаган кылмышы үчүн жоопкерчилик тартары шексиз экендигинин кебелбестигинен улам, алардын статусуна, ээлеген кызматына, кадыр-баркына жана башка артыкчылыктарына карабастан Мыйзамда аныкталган жосунуна жараша жазасын сөзсүз алышы керек. А көзөмөлдөө органдары Мыйзам талаптарын так аткаруусу керек.

Бирок, депутатты жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзамдуу процедурасынан кутулуу максатында көзөмөлдөө органы тарабынан атайын Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренесинде каралган (Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу) өзгөчө оор кылмыш курамы менен айыпталууда. Бул бир жагы, ал эми экинчи жагынан алсак, өзгөчө же согуш абалы учуру сыяктуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту эмнегедир бөгөт коюуу чарасын «камакка алуу деп» түн ортосунда чечим чыгарды. Бул жерде кайталап кетчү сөз - «түн ортосунда».

Ушул сыяктуу эле окуялар, жада калса жарандардын өлүмүнө алып келген оор кесепеттери коштолгон курал колдонуу менен реалдуу түрдө бийлик бутактарын басып алып, күч менен кармап туруу окуялары, алардын натыйжасы, ошого болгон көзөмөлдөө жана сот органдарынын кыймыл-аракеттери дагы деле элдин эсинен кете элек, ал окуялар Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү катары өзгөчө сиз менен биздин эсибизде болуш керек. Менин сөздөрүм курулай эле доомат болбошу үчүн далилдоо иретинде төмөнкү фактыларды мисал келтиреин.

2005-жылдын 22-апрелинде беш шайлоо округунун шайлоочулары Жогорку Соттун төрагасы К.Осмоновду кызматынан кетирүү талаптарын коюп, бийлик бутактарынын бири болгон Жогорку Соттун имаратын басып алышып, бир-эки жума күч менен кармап турушкан.

2005-жылдын 17-июнунда мамлекеттик бийликти узурпациялап алган А.Акаев качакандан кийин, У.Барктабасовдун жактоочулары митинг өткөрүү учурунда Өкмөт менен Президенттин администрациясынын имаратынын сырткы жана ички кайтарылуучу тосмолорун ашып түшүшүп, К.Ташиевтин жактоочуларынан айырмаланып, имараттын ичине чейин кирип барышкан.

2010-жылдын 19-апрелинде П.Рахманов Жалал-Абад областынын мамлекеттик администрациясын күч менен басып алып, өзүн губернатор деп жарыялап, үч күн областтык мамлекеттик администрациянын имаратында отурган.

2010-жылдын 13-майында Ош жана Жалал-Абад областарында атайын уюштурулган топтор ок атуучу куралдар менен областтык администрацияларды күч менен басып алып, бир жарым күндөй кармап турушкан.

Болуп өткөн бардык окуяларда бир да адам Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси менен жазык жоопкерчилигине тартылган жок, баардыгы сотто акталып, кээбирлери аталган Кодекстин 233-беренеси (Массалык тартипсиздик) менен күнөөлүү деп табылды. Эчкимиси камакка алынып СИЗОго отургузулбай, бөгөт коюуу чаралары боюнча эч жакка кетпөө жөнүндө гана колкаттарын алышкан.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Эки революцияны башынан өткөрүп, сот жана көзөмөлдөө тармактарында түпкү өзгөртүүлөрдү күтүп жаткан Кыргызстандын эли А.Акаев жана К.Бакиевтердин үй-бүлөлүк режимдери менен салыштырмалуу айырмалануучу көрүнүштөргө күбө боло албай, мурункудай эле Мыйзамдын аткарылуусу баардыгына бирдей эмес, ар кимге өзүнчө колдонуулары тууралуу түшүнүккө келүүдө. Мунун баардыгы саясаттык себеп менен кылмыш иштеринин козголуп жана башкача ой жүгүрткөндөрдүн куугунтукка алынып жаткандыгы жөнүндө божомолдорду түздөн-түз жаратууда.

Ушул себептен, нааразычылык катары өлкөбүздүн кээ бир аймактарында жадагалса батыр энелерибиз менен кош бойлуу келиндер ачкачылык жарыялоодо. Митингчилердин саны күн сайын көбөйүп, нааразычылык майданы жайылып, 2002-, 2005- жана 2010-жылдардагыдай жөө жүрүштөр башталууда. Жарандарыбыздын мындай аракеттери бир гана максат менен жасалууда – көзөмөлдөө органдардын мыйзамдуулукту сактоосу жана сот адилеттүүлүгү.

Бул нааразычылыктар маанилүү мамлекеттик кызматтарга кээ бир ишкердик бедели шектүүлөрдүн жана мурунку режимдердин күчөшүнө жана үй-бүлөлүк башкаруунун орношуна эбегейсиз зор салымын кошкондордун келүүсү, тамак-аш азыктарынын, эл керектөөчү товарларынын, күйүчүү-май материалдарынын бааларынын кескин кымбаттоосу, бюджеттик дефициттин бир кыйла өсүшү жана мамлекеттик бийлик органдарынын коррупциялануусу жана башка жагдайлар менен коштолууда. Ушунун баардыгы коомчулуктун кыжырын келтирип, натыйжада, кээбир күчтөрдүн өз жеке пайдасын ишке ашырууга ыңгайлуу шарт түзүлүп белгисиз акыбалга алып барууда. Биз так түшүнүшүбүз керек, көзөмөлдөө органдарынын Конституциянын 104-беренесин так аткаруусу элдин адилеттүүлүккө жана мыйзамдуулукка болгон үмүтүн жаратып, ачкачылык жарыялоонун, митингтердин жана жөө жүрүштөрдүн негиздерин түп тамыры менен жоймок.

К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов, К.Кожоналиев жана башкаларга карата көзөмөлдөө жана сот органдары кабыл алган чечимдердин себеби аталган органдардын кээ бир кызматкерлери тарабынан тымызын түрдө Сиздин аппаратыңыздын көрсөтмөсү катары айтылууда.

Ошондуктан, коомчулуктагы мындай божомолдорду жоюу жана стабилдүүлүктү сактоо максатында, саясаттык эркти көрсөтүү жана элдин массалык нааразылыктарына алып келген кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкан жагдайлар боюнча күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу менен Мыйзамдын так жана бирдей аткарылышын камсыз кылуу абзел деп эсептейм.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, Сизди элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турган мамлекет башчысы катары азыркы учурдагы түзүлгөн акыбалга кечиктирилгис жөндүү чара көрүүңүздү өтүнөм.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×