Добавить статью
5:01, 24 октября 2012 48671

«Пандж-Шер» жана «АГК-Тооинвест» ЖЧКларына кайрылуу

Бүгүн Жумгал районунун 13 айыл өкмөт башчылары Жумгал районунун Кабак айыл өкмөтүндөгү Дүңгүрөмө аймагында жайгашкан «Пандж-Шер» ЖЧК жана «АГК-Тоо ИНВЕСТ» көмүр казган ишканаларынын жетекчилигине талаптары менен кайрылуу жолдошту, мындай маалыматты Жумгал районунун 13 айыл өкмөт башчылары билдиришти.

Бизге келип түшкөн билдирүүдө төмөндөгүдөй жазылат. (кайрылуунун түп көчүрмөсү)

Жумгал районунун элинин атынан райондогу айыл өкмөт башчылары Сиздер жетектеген ишкананын ишмердүүлүгүнө нааразычылык билгизишип  кайрылуу жолдоого мажбур болушууда. Жумгал районунун Кабак тоо кыркасында орун алган көмүр кенин иштетип келе жаткандарыңызга биздин билишибизче бешинчи жылга жетти. Иштеп жаткан мезгилден бери райондун экологиялык жана экономикалык жактан кылыптанышына түрткү берүүнүн ордуна, зыянга учуратып келүүдө.

Тактап айтканда , Кабак айыл өкмөтүндөгү жайыт жерлердин аянты кескин кыскартып, токой тилкелери зыянга учуроодо, көмүр отунун ташып кетүү оор жүк ташуучу автоунаалар менен жүргүзүлүп, ташып кетүү эрежелери сакталбагандыктан калктуу конуштар чаңдын жана көмүрдүн күлүнүн чаңынын астында калса, жол боюнча орун алган турак-үйлөрдүн техникалык абалына терс таасирин тийгизд. Ошол эле учурда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшүнө кедергесин тийгизип, түшүмдүүлүктүн деңгээли төмөндөөдө.

Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, райондогу Кабак тоо кыркасында орун алган көмүр казып алуу боюнча ири ишканалардын катарында туруп, салымыңыздарды айталы десек андай иштер дагы байкалбайт. Алсак, 2012-жылдын май айында өткөрүлгөн «Бизнес-форумда» «Пандж-Шер» жана «АГК-Тооинвест» жоопкерчиликтери чектелген коомдорунун атынан барган өкүл жаңыдан түзүлүп жаткан «Жумгал ишкерлери» акционердик коомуна 1 млн. сом салым кошо тургандыктары айтылган,  бирок айтылган сөз ушу күнгө чейин өз максатына жете элек.

Кара-Кече тоо кыркасында жайгашкан көмүр ишканалары райондо өткөрүлүп жаткан кандай гана иш чаралар болбосун мүмкүчүлүктөрүнө  жараша өз жардамдарын көрсөтүшүн, райондун калкын арзан баадагы көмүр-отуну менен камсыздоо үчүн уюшулган топ базаларды көмүр-отуну менен камсыздап келишет. Ал эми «Пандж-Шер» жана «АГК-Тооинвест» жоопкерчиликтери чектелген коомдору тарабынан бул багыттагы иш аракеттер жүргүзүлбөйт. Натыйжада, райондун элинин арасында аттары аталган эки ишкананын ишмердүүлүктөрүнө наарачылыктар күч алып жатат, ошондой эле, тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрылуу жолдоп, , жыйынтык чыкпаса «Пандж-Шер» жана «АГК-Тооинвест» ишканаларынан казылып алынган көмүрдү сыртка чыгарууну токтотобуз — деген талапты коюп келишет.

Ошондуктан, Сиздер биз жолдогон кайрылуу катка туура талдоо жүргүзүп райондун экономикалык жана социалдык тармагына салым кошуу үчүн кыска мөөнөттүн ичинде «Бизнес-форумда» айтылган сумманы бөлүп берүүгө жана райондогу 13 айыл өкмөттөрүнө жалпы 1 миң 500 тонаа көмүр отунунан жардам көрсөтөт деген ишеничти билгизүү менен райондун тургундарынын нааразычылыктарын басууга көмөктөшүүбүздү ишендирип кетебиз.

1. Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сарыкеев

2. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жумашүкүров

3. Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сапаралиев

4. Чоң-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Ширинбек у Аскербек

5. Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Мусабаев

6. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Бийсеев

7. Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумуков

8. Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаров

9. Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ибраимов

10. Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамытбеков

11. Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдырмаев

12. Кабак айыл өкмтүнүн башчысы М.Шейшенов

13. Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы С.Жунусовтор кол коюшкан.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×