Добавить статью
10:23, 24 октября 2012 1858

Мыйзамдуулук качан орнойт?

Жаш ишкерлер ассоциациясы, өлкөнүн демилгелүү ишкерлердин бирикмеси катары бүгүнкү «Кыргыз концепт» компаниясына карата жасалган мыйзамсыз иш аракеттерди кескин түрдө айыптайт.

«Жарандардын дуушар болгон оор жагдайын түшүнүү менен биргеликте бул кадамды калыстыктан, адилеттүүлүктөн алыс деп эсептейбиз. Эмил Уметалиев мырза жөн гана пикирин билдирди. Кылымды карыткан кыргыз илгертен бери Баш кесмей бар, тил кесмей жок” деп сөз эркиндигин туу туткан. Сөз эркиндиги коомубуздун асыл дөөлөтү экенин эске алсак, айтылган сөзгө карата көрсөтүлгөн зордук, зомбулук кыргызга жарашпаган көрүнүш экенин дагы бир жолу эскерте кетели.

Экономикалык акыбал оор, күнүмдүк жашоо татаал. Бирок, биз, ар бир келишпестике басып алуучулук, күч көрсөтүү менен мамиле кылсак, түркөйлүгүбүздү көрсөткөн болобуз. Макул эместигибизди мыйзам чегинде күрөш менен, фактылардын негизиндеги далил менен билдиришибиз керек. Мынтип отурсак, өсүп өнүгүүнүн негизи болгон экономикалык эркиндикти бууйбуз. Жол тороп, басып алып, талап тоноо менен алыска барбайбыз. Тилеке каршы, бизнеске каршы күндө зордук зомбулук, басып алуучулук өнөкөткө айланды.

Өлкөбүздө болуп жаткан соңку окуялар, жаратмандык менен күнүгө өсүп өнүгүү жолунда ишкердиктин ысыгына, суугуна чыдап, мээнет төгүп келген ишкерлер тарабынан тынчсыздануу менен кабыл алынып жатканын баса белгилейли. Коомчулукту, Эл өкүлдөрүн, Өкмөттү, укук коргоо органдарын, Кыргызстандын түбүнө жете турган мыйзамсыздыкты жоюууга чакырабыз! Мыйзамдуулук качан орнойт? - деп суроо узатабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

27-08-2012
Ош аэропорту качан оңолот же кайсыл жака барбасаң мамайдын көрүбү?
10445

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×