Добавить статью
10:40, 31 октября 2012 43332

Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Малик Апсаматович Нурдиновдун Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 88 жылдыгына карата куттуктоосу.

Урматтуу Жалал-Абад областтык ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлер.

Сиздерди 1-ноябрь - Кыргыз милициясынын 88 жылдык маарекеси менен Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын!

Ушул майрам бардыгыңыздарга бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгилик тартууласын. Эл журттун оор жүгүн аркалаган ары түйшүктүү, ары жооптуу кызматыңыздарда жакшылыктар коштоп жүрсүн.

Дайыма эл үчүн талыкпай кызмат кыла беришиңиздерге тилектешмин.

Эли-журтуңуздар, үй-бүлөңуздөр менен аман болуңуздар. Сиздерге чың ден-соолук, кажыбас кайрат, бактылуу турмуш каалаймын! Дагы бир ирет майрамыңыздар кут болсун!

Сиздерди урматтоо менен Малик Апсаматович Нурдинов

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×