Добавить статью
7:18, 2 ноября 2012 11394

президент А.Атамбаевге кайрылуу

Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы абалга тынсызданганы айтып «Ноокен райондук Элдик комитети» президентке кайрылуу жолдоду.

«Ноокен райондук элдик комитети» Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаевге кайрылуу жасады.

Ал кайрылууда «Кыргызнефтегаз» ААКнын эмгек жамааты 2011-жылы ошол кездеги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин жетекчилери кээ бир мамлекеттик коррупционер чиновниктеринин кызыкчылыгын колдоп мыйзамсыз иш-аракеттерин жүргүзгөндүгүнүн негизинде эмгек жамааттын, Ноокен районунун элин экиге бөлүп оор абалга алып келгенде, Сиздин жеке киришүүңүздүн негизинде «Кыргызнефтегаз» ААКнын сырткы башкаруучу дайындап, эмгек жамаатында тынчтык өкүм сүрүп, өндүрүш калыбына түшүп, нефти, газ өндүрүү өсүп, 2012-жылдын 9 айлык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткарып, таза киреше 397 млн сомдон ашты деп жазылган.

Кайрылууда ошондой эле 2009-жылга салыштырмалуу 2011 - жылы мамлекеттик ишкананын таза кирешеси 18,5 эсеге, мамлекетке салык, соц фонд жана дивиденд төлөмү 3,5 эсеге көбөйгөнүн, жумушчулардын эмгек акысы орто эсеп менен 18 000 сомду түзгөнүн маалымдалып, мындай ийгиликтерге убагында президенттин туура жана акыйкат чечим чыгарганы себеп болгону айтылат.

«Сиздин 2012-жылдын 7-сентябрдагы тапшырманыз менен Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Ж.Сатыбалдиевдин жеке көзөмөлдөөсү менен «Кыргызнефтегаз» ААКсына дебитордук карызы бар мамлекеттик ишканалардан карыздарды убагында төлөтүп, Жалал-Абад шаарындагы «КыргызПетролеумКомпани» ЖАКнын нефтини кайра иштетүү заводунун 50 процент акциясын «Кыргызнефтегаз» ААКсына алууга чоң жардам көрсөттү» деп ыраазылык билдирүү менен бирок азыркы КР Мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчилери мурунку кетирген кемчиликтерди эске албай «Кыргызнефтегаз» ишканасынын эмгек жааматына бут тосуулар болуп жаткандыгын айтып кайрылышкан.

Кайрылууда Кыргыз Республикасынын өкмөт мүчөлөрүнө туура эмес маалымат берип, «Кыргызнефтегаз» ААКнын акча каражатын «КыргызПетролеумКомпани» ЖАКсынын эсебине которгузбай, убакытты узартып, убагында төлөй албай, нефтини кайра иштетүүчү заводду алынбашына пландарды түзүп, оффшордук аймакта түзүлгөн «А&А Лимитед» жеке фирманын кызыкчылыгын колдошуп жатат» деп жазылган.

«Азыркы убакта Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы А.Осмоналиев өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп «Кыргызнефтегаз» ишканасынын жетекчилерин жумуштан бошотом деп коркутуп, ар кандай өнөрлөрүн көрсөтүүдө. А.Осмоналиев Мамлекеттик мүлк фондусуна келгенден баштап А.Муканбетов баш болгон эски кызматкерлерди силер «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасына жардам берип жатасынар деп жумуштан четтетип, өзүнө караштуу сырттан кызматкерлерди дайындап жатат. Бул деген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыгын ойлобой өзүнүн жеке кызыкчылыгын жогору коюп жаткандыгы» дешип тынсызданганын билдиришип, Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы А.Осмоналиевдин туура эмес ишөаракеттерин жөнгө салып берүүсүн суранышкан.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×