Добавить статью
7:31, 10 ноября 2012 25352

Баш-аламан салуу Келдибековго жеттиби?

Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов сыяктуу партиялаштары камакка алынганы “ата журтчу” Акматбек Келдибековдун күнү тууду. Ал саясый айдыңда оппозициянын бараандуу лидери катары өзүн көрсөтүү максатында бирде бийликти сындап, ошол эле маалда көшөгө артында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндү унутта калтырган жок. Мындай оюндун арты кандай болушу мүмкүн? Буга жооп табуу үчүн анын акыркы мезгилдеги кадамдарына абай салалы.

Жамы журт азыр тынчтыкты самап, пикет-митинг дегендерден тажап бүттү. Кокту- колот, жээк-жаат болуп бөлүнмөйдү токтотуп, Кыргызстанды көздүн карегиндей сактоо ниети ар бир жарандын, элибиздин изги тилегине айланды. Ал эми Акматбек Келдибекович үчүн мамлекеттибиздин биримдигинен да жеке кызыкчылыгы жогору тургансыйт. Себеби, ал 3-ноябрда Алай районундагы Жаңы Алай, Корул, Жошолу, Гүлчө айыл округунун айрым тургундарын кабыл алып, өлкөдөгү саясый кырдаалды талкуулаганын эшиттик. Жолугушууда эгер абакта жаткан үч партиялашы (Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов) сот тарабынан акталбаса, жол тосуу сыяктуу чараларды колдонорун кыйытыптыр. “Ата журтчунун” мындай кадамынын түпкү максаты – эмки жазда массалык митинг уюштурууга жол ачуунун алгачкы этабы экени түшүнүктүү.

Бирок, жалгыз адам ири митинг уюштура албасы турган иш. Муну туйган Келдибеков абакта жаткан Абдулло Юсупов аттуу шылууңду пайдаланып, “Ата мекен” партиясына мародер жарлыгын тагуу операциясын жүзөгө ашырган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, парламенттеги “Республика” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, апрел революциясынан кийин контрреволюция жасай коем деп сырттан кесилген үсөн аке Сыдыков, Бакиевдер менен байланышы бар делген Артур Медетбеков менен жолугушуу өткөрүүнү пландоодо. “Эки кочкордун башы бир казанда кайнабаган” шартта, биз санап өткөн “кочкорлордун” бир муштумдай биригип, ири оппозициялык блок түзөрүнө ишениш кыйын. Маселенин бир капталы ушундай.

Акматбек мырза “бригадалашы” Ташиевге, Жапаровго күйүмүш эткени менен, бир да жолу басып барып алардын акыбалын сурап койбогонун дайыма акыйкатты жазган “Жаңы Агым” гезити төмөндөгүчө ашкереледи: “Келдибеков мындай жүрүш менен майда партияларды бир блокко бириктирип, оппозициянын лидери болом деген жаман ою бар. Партиялашы Камчыбек Ташиев камалып жатса, бир басып барууга жарабаган Акматбек «өрдөк жокто чулдук бий» деген позицияны карманып кайсалактап туру”. Мына сага, кан досторунун ал-акыбалын сураганга жарабаган Келдибеков анан неге аларды боштондукка чыгарбаса айылдаштары менен жол тосууга барууга көздөп атыр. Же Ташиев, Жапаров, Мамытовдун камалышы – анын саясый максатын жүзөгө ашырууда негизги инструмент болуп береби?

Келдибеков неге анчалык жанталашты?

“Господин” Келдибековдун “жумурткадан кыр издеген” сымал, бийликти жөнсүз сындап, бирде оппозиция короосундагы “кочкорлор” менен жолугушуу өткөрүшүнө көпчүлүккө белгисиз. Ал эми биздин билишибизче, Келдибеков дагы Нариман Түлеев, Ташиев, Жапаров, Мамытовдун тагдырын кайталап калышы ыктымал. Мурдагыларын айтпаганда дагы, анын спикер кезинде парламент каражатын каалагандай пайдаланып, парламентке караштуу “Алтын көл” пансионатын миллиондогон сомдук банкротко учуратып, 1,5 млн. сомдук диванды уулуна белек кылып, ордуна телпейген диванды койдуруп койгону ж.б.у.с. көрүнүштөрдү укук коргоо органдары иликтөөгө алганын басылмалар чуулдатышууда. Мындай кырдаалда Келдибеков элге күйүмүш этип, өзүн “баатыр” көргөскүсү келгенин боолголош иттен оңой. Жаза тайып эртеңки күнү эркиндиги менен кош айтышса: “Мына, бийликти сындадым эле, мени да каматып салышты” деп актанганга оңой эмеспи?

Баса, ошол эле “Жаңы Агым” 9-ноябрдагы санында кызык жаңылык жарыяланыптыр. Куш тилиндей макалада мындай делет: “Акматбек Келдибековдун алмончоктой колуктусу Аида Токтоматова Кант шаарындагы жеке медициналык институттун уюштуруучуларынын бири болуп саналат. Ал жерде чет өлкөлөрдөн келген студенттер контракттык негизде билим алышат. Токтоматовадан башка дагы бир уюштуруучу бар. Ал «СССР» саясий партиясынын лидери Аман Тентишев. Бул партияга Келдибековдун кошкон салымы атан төөдөйбү, бир кездеги кыргыздын «ленини» аталган Ишенбай Кадырбековду акырын ордунан жылдырып, ордуна А.Тентишевди Акматбек өз колу менен койгон. Себеп? Себеби эки варианты айкын болду. Биринчиси, чоң суммадагы чет элдиктердин контрагынан түшкөн акча Аида айым менен Аман мырзанын ортосундагы өзүнчө бир купуя сыр катары саналат...”.

“Жаңы Агымдын” жазганына ишенсек, анда Келдибеков гана эмес, анын колуктусу Аида айымдын ишмердүүлүгү да иликтенет турбайбы? Өзүн, жубайын сот залына жеткирбей сактап калыш үчүн гана бийликти шыбап атканы чын болсо, анда анын мындай “дешевый” пиарынын келечеги болбосун түшүнгөнү эп...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×